ОГПИ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БОЛГОН БАЙЛАНЫШТЫ БЕКЕМДӨӨДӨ

  • 24.12.2018
  • 0

ОГПИнин гуманитардык факультетинде орто билим берүү боюнча англис тили адистигинде окуп жаткан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болдуп.  Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы билдирди.

ОГПИ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БОЛГОН БАЙЛАНЫШТЫ БЕКЕМДӨӨДӨ

Студенттердин ата-энелери менен байланышты бекемдеп, тыгыз иш алып баруу аркылуу окуу жайдын ишмердүүлүгүн түрдүү багытта алдыга жылдыруу максатында уюштурулган жолугушууга жүзгө жакын ата-эне келип, алгач окуу жайдын чоң залында институттун жетекчилиги менен жолугушуп, андан соң студенттердин концерттик программасына күбө болушту. Институттун ректору Бекмурза Зулуев ата-энелерге жалпы окуу жайдын ишмердүүлүгү, учурдагы абалы жана алдыдагы аткарыла турган иштер боюнча кеңири  маалымат берди. Гуманитардык факультеттин деканы Турсунмамат Абжалов болсо жолугушуунун максатына, актуалдуулугуна токтолуп, факультеттин ишмердүүлүгү менен ата-энелерди тааныштырды. Окуудагы, коомдук-маданий иштердеги алдыңкы студенттерди белгилеп, аларга факультеттин жана институттун ардак грамоталарын тапшырды.

Жолугушуунун экинчи бөлүгү ата-энелердин окуу жайга болгон саякаты менен уланып, андан соң факультеттин жамааты менен ата-энелердин атайын отуруму болуп, студенттердин тарбиясын жакшыртуу жана билим сапатын жогорулатуу боюнча маселелер талкууланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер