ЭЛҮҮ БЕШИНЧИ МЕКТЕПТИН ДҮЙШӨНҮ

  • 21.12.2018
  • 0

ЭЛҮҮ БЕШИНЧИ МЕКТЕПТИН ДҮЙШӨНҮ

Жаш десе жаш, иштемчил десе иштемчил педагог Уланбек Рыскуловду көрүп, Айтматовдун «Биринчи мугалиминдеги» Дүйшөн агайдын улуу көчүн улаган тубаса педагогдор тоолуу өлкөбүздө көп экен деп калдым.
Балдарга жүрөгүн арнап, ошондон ырахат алып иштеп жаткан Уланбек Рыскулов менен анын география кабинетинде баарлашып олтурдук. Бул жердеги илинген көрсөтмө куралдардын көбүн ал өз окуучулары менен чогуу жасаптыр.

ЭЛҮҮ БЕШИНЧИ МЕКТЕПТИН ДҮЙШӨНҮ

– Мобул картаны география сабагына таптакыр кызыкпаган балдар жасашты. Ушуну бүтүрөм деп жатып, алар кайсыл шаар кайда жайгашканын, кайсыл жерде кайсыл тоо, суу, дарыя бар экенин билип алышты, — дейт Уланбек агай.

– Аларды өз сабагыңа кызыктырып туура кылыпсың. Анан да бул мыкты ыкма экен, — дедим.

– Балдар өз колдору менен жасап, үйрөнгөнүн көпкө унутушпайт, — деп сөзүн улады педагог. Мен андан сабактан жетишкен окуучулар менен кантип иштээрине кызыктым.

– Алтынчы күндөрү кошумча сабак өтөм. Кандай суроолорго жооп алгысы келгенин күн мурунтан жазып келишет. Кээ бирине жоопту биргелешип издейбиз. Башында кыйын болчу. Үч күн тамак өтпөй калган күндөр болгон, — дейт ал.

Портфолиодогу сүрөттөрдү карап жатабыз. Мектепте болгону үч жылга чукул иштесе да, отуз жылга тете жумуш жасоого жетишкен Уланбек агайга журналист эмес, ата-эне катары ыраазы болдум. Чындыгында ар бир ата-эне өз баласын дасыккан мугалим, мыкты тарбиячы билим беришин каалайт эмеспи. Окуучулар да мындай мугалимге тартылып, бардык жагынан окшош болгусу келишет.

– Бул сүрөттөгү бала Атай аттуу окуучум. Алтынчы күнкү кошумча сабакка келет. Класска кирип келсем, Атай: «Эмне үчүн бүгүн көк көйнөгүңүздү кийип келбедиңиз?» деп чочуп кетти. Көрсө, ал атайын көк көйнөгүн кийип келген экен. Анан мен кайсыл күнү кандай түстө көйнөк киеримди байкап жүрүптүр, — дейт күлүп Уланбек.

– Сага окшош болгусу келет экен да!

— Ошондой го! Өткөндө андан да кызык окуя болду. Марлен деген окуучум бар. Сабакта ойлуу олтурат. «Эмне болду?» десем, «Келечектеги жеңебиз ким болор экен?» дейт. Мен үйлөнө элекмин да, ошого эмитен жакшы келинчекке жолукса деп кыжаалат болуп жүрүптүр.

– Балдардын ишенимине кирүү, урмат-сыйына татуу, ар бир мугалим үчүн чоң бакыт!

– Ошол ишенимди жоготуп албайын деп дайым корком, — дейт Уланбек агай ойлуу. – Бир жолу сабакка жети кырк беште келдим. Окуучуларым жети жарымда келишкен экен. «Агай, он беш мүнөткө кеч калдыңыз!» дешти. Сабактар сегизде башталса да, аябай уялдым.

– Педагогдорду кээде окуткан балдары да тарбиялайт тура!

– Кээде алар мага ата-эне да болушат, — дейт ак пейил агай кайра жылмайып. – Сабакта жөтөлүп калганымдан улам, алтынчы класстагы бир окуучу кызым кутуча берип кетти. Ичин ачсам, стрептоцид, жөтөлгө каршы беш таттуу кант, анан смайлик бар экен. Смайликте: «Эч качан оорубаңыз, агай!» деп жазып коюптур. Бая күнү алтынчы класстын класс жетекчиси Назгүл эжей кабинетиме баш багып калды. Бир окуучум агай кечке сабак берет, курсагы ачса керек деп, эки пирожки берип жибериптир. Курсагым чын эле ач болчу.

– Сени угуп, менин да мугалим болуп иштегим келип кетти! Мугалимдик кесипти тандаганыңа өкүнбөйсүңбү? — деп сурадым андан.

— Эч качан! Балдар менен иштегенден ырахат алам, — деп жооп берди ал. – Ырас, кээде кыйын. Бактыма жараша багыт берип, жол көрсөткөн Нурлан Жунусович, Гүлнара Эрматова өңдүү насаатчыларым бар. Эң чоң жардамды окуу иштери боюнча завучубуз Нуржан Асековна берди. Эжейден ар кандай усулдарды колдонуп сабак өткөндү, балдарды предметке кызыктыруунун алгылыктуу жолдорун үйрөндүм.

– Директоруң педагогдук ишиңе кандай карайт?

– Айтуусунда башында «Иштеп кете алар бекен?» деп жүрүптүр. Азыр ар бир ийгилигиме кубанат. Замира Эрменбековна жетекчи эле эмес, адам катары да мыкты инсан.

– Уланбек, береги сүрөттөгүлөр мага тааныш көрүнөт, — деп кызыгуум артты.

ЭЛҮҮ БЕШИНЧИ МЕКТЕПТИН ДҮЙШӨНҮ

– Вице-премьер-министр Алтынай Омүрбекова менен «Жашыл шаар» командасынын «Эко-Лифт» долбоорун тааныштырганы барганда түшкөм.

– Ал кандай долбоор болчу? — деп кеп төркүнүн билгим келди.

– Абдан керектүү долбоор. Дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүндө колдонулат. Биздин өлкөдө маани берилбей келүүдө. Анын пайдалуу жагын өзүбүз жазган долбоордо так көрсөтүп бердик. Мисалы, биздин мектеп жайгашкан Гагарин көчөсүндө 26 аялдама бар. Алардын бирөөндө гана бетондон жасалган акыр-чикир салган урна турат. Калганында жок. Акыр-чикир салчу контейнерлердин саны 34 экен. Баары менчик. Жолго чукул коюлгандары да жок эмес. Ит, мышык жойлоп, жайкы ысыкта миңдеген чымын үймөлөшкөн булардын жыты да жагымсыз. Башкысы алар ар кандай жугуштуу оорулардын очогу болуп эсептелет — дейт ал ишенимдүү.

«Силердин сунушуңар кандай болду?» десем: – Биз ошол шаардын көркүн бузган, жугуштуу оорулардын очогу болгон бул бийик контейнерлердин ордуна, жер алдына орнотулуп, үстү жагы жерден жарым метр бийик турган эко-лифттерди сунуш кылуудабыз. Биринчиден, алар шаардын көркүн бузбайт, экинчиден, акыр-чикир салганга ыңгайлуу, бирөөсү беш-алты контейнердин ордуна колдонулат. Демек, жер аянты да үнөмдүү пайдаланылат. Макетин «Жашыл шаар» командасындагылар кызыгуу менен бүтүрүштү. Башкаруу пультун бассаң, эко-лифт көтөрүлүп, акыр-чикир ташыгыч атайын унаага жүктөлөт, — деп жооп берди.

– Сонун демилге экен! Вице-премьер-министр эмне деди? — дедим ортодогу сөздү улап.

– Алтынай Омүрбековага биздин долбоор чындап таасир этти көрүнөт, «Тазалык» менен биргелешип иштегиле деген сунушун айтты. Буюрса, биргелешип ишке ашырабыз деген үмүттөмүн, — дейт демилгечи мугалим.

Кыргызстаныбызды өзгөртүүгө багытталган бул долбоор сөзсүз ишке ашаарында шек жок. Анткени тоолуу өлкөбүз үчүн таштандыларды кайра иштетүү тездик менен чечүүнү талап кылган көйгөйлүү маселе болуп турат. Улан агай өлкөбүздө акыр-чикирлерди кайра иштетүүчү 16 цех бардыгын, башкасын айтпаганда да, бир гана полиэтилен кагаздарын кайра иштеткенден, жөнөкөй дептер тыштарынан тышкары, темир люктардын ордуна андан бекемин, (бир жагы аны эч ким уурдап кетпейт), жүз жылга чирибеген бордюрларды чыгарса болорун айтып берди.

ЭЛҮҮ БЕШИНЧИ МЕКТЕПТИН ДҮЙШӨНҮ

Ушуга улай Улан агайдын дагы бир демилгеси тууралуу айта кетели. Ал сегизинчи канал менен география боюнча онлайн сабактарды өтүү тууралуу сүйлөшүп жатат. Идеясы ишке ашып калса, бул мугалимдер үчүн тажрыйба алмашуунун ийкемдүү аянтчасы болуп калмакчы.

Жаратман жаштардын бири катары Уланбек агай SLF коомдук бирикмеси менен ак илбирстерди коргоо акцияларына да активдүү катышып келет. Быйыл жайында Чоң-Кеминге барып, жергиликтүү жаштардын жаратылыш менен жакындан баарлашуусуна баш-көз болду. Эмки максаты – Зардалыга билим сапарын уюштуруу.

Эмесе бардык тилектериң ишке ашсын, элүү бешинчи мектептин Дүйшөнү!

 

А. Алибеков, АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010), Ж.Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер