«АЙБИЛИМ» — БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН МУЛЬТИМЕДИАЛЫК КОМПЛЕКС

  • 05.12.2018
  • 2

Башталгыч мектептер үчүн түзүлгөн Айбилим мультимедиалык программалык-методикалык комплексин пилоттук долбоорго катышкан  60 мектеп колдонуп жатат

"АЙБИЛИМ" - БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН МУЛЬТИМЕДИАЛЫК КОМПЛЕКС

Айбилим (Ibilim) мультимедиалык комплексинде башталгыч мектептин окуучулары үчүн төмөнкү сабактар боюнча электрондук ресурстар иштелип чыккан:

  1. “Математика” 1-4-класс;
  2. “Мекен таануу” 1-4-класс;
  3. “Кыргыз тили” 2-4-класс;
  4. “Орус тили” 1-4-класс;
  5. “Музыка” 1-4-класс;
  6. “Көркөм сүрөт өнөрү” 1-4-класс;
  7. “Англис тили” 3-4-класс.

 

Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы боюнча “Таалим-Форум” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды. Бул ишке тажрыйбалуу мугалимдер менен маалымат технологиясы боюнча адистер тартылган. Ошондой эле, белгилүү композиторлор менен сүрөтчүлөр балдарга арналган керемет сүрөттөрдү, жагымдуу обондор менен ырларды кошуп, программалык-комплексти толуктап, көркүнө чыгарышты. Интернеттен видео ресурстар тандалып коюлду, ошондой эле көптөгөн окутуп-үйрөтүүгө арналган жаңы видео-материалдар иштелип чыкты.

Окутуу материалдары республикабыздын кыргыз жана орус тилдеринде окуган мектептеринин башталгыч класстарынын окуучуларына арналган билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет. Мугалимдер кошумча жана көрсөтмөлүү материал катары жогоруда көрсөтүлгөн 7 сабак боюнча материалдарды пайдалана алышат. Материалдардын көпчүлүгүндө интерактивдүү элементтер пайдаланылган. Ар бир темада кызыктуу фактылар,тесттер жана машыгуулар, ошондой эле 7 сабак боюнча “Айбилим” супер оюну бар. Материалдарды иштеп чыгууда оюн ишмердүүлүгүнө ылайык келген мультимедиа мүмкүнчүлүктөрү кеңири колдонулду.

Аталган билим берүү комплексин Кыргыз билим берүү академиясынын эксперттери карап чыгып, КББАнын окумуштуулар кеңешинде бекиткен. Материалдарды көз карандысыз эксперттер карап чыгып, оң баасын беришкен. Иштелип чыккан комплекс Бишкек шаарынын мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери менен директорлоруна көрсөтүлгөн.

Мультимедиалык комплекстин дарегине Кыргыз Билим берүү академиясынын, көз карандысыз эксперттеринин жана пилоттук 60 мектеп мугалимдеринин жылуу пикирлеринен көрүнүп тургандай, аталган комплекс мамлекеттик билим берүү стандарттары боюнча компетенттүүлүктүн талаптарына, ошондой эле психологиялык жаш өзгөчөлүктөрүнө жооп берет.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен республикабыздын 60 мектеби тандалып алынып, мультимедиалык китепканалар менен жабдылган. Бул мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери иштелип чыккан электрондук ресурстарды сабактарда колдонуунун жолдорун бет ачарларга катышышып үйрөнүштү. Мектептердин жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, талкуулар жүргүзүлдү.

“Айбилим” электрондук ресурсуна www.ibilim.kg. дареги менен кирүүгө болот. Кирүү акысыз жана каттоону талап кылбайт. «Айбилим» комплексин компьютерде, ноутбукта, планшетте же смартфондо ачууга болот. Аталган 60 мектептин мультимедиалык китепканалары интернетке кошулбай эле пайдаланууга боло турган мультимедиалык комплекстин офлайн версиясын алышкан. Аны мугалимдер компьютер менен ноутбуктарга толук көчүрүп ала алышат.

Пилоттук 60 мектеп окуу комплексин тажрыйбадан өткөрүү ишин жүргүзүүдө жана өз аймагына жакын жайгашкан башка мектептерге да семинарларды өткөрүүдө.

Ж.Турпанова, А.Осмонова

 

Балыкчы шаарындагы Ч.Айтматов атындагы № 5 мектепте өткөн Электрондук китепкана мектеп турмушунда” аттуу семинар.

 

"АЙБИЛИМ" - БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН МУЛЬТИМЕДИАЛЫК КОМПЛЕКС

Билим берүү жана илим министрлигинин алдында “Акылдуу мектеп” долбоорунун негизинде Балыкчы шаарындагы Ч.Айтматов атындагы № 5 жалпы билим берүүчү орто мектебинин материалдык базасы жаңы технологиялар: 20 компьютер, 4 ноутбук, 1 экран, 4 принтер менен толукталып, мектепте долбоордун негизинде “Электрондук китепкана мектеп турмушунда” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарга шаардык билим берүү бөлүмүнөн жана шаардык мектептердин мугалимдери келип катышты.

"АЙБИЛИМ" - БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН МУЛЬТИМЕДИАЛЫК КОМПЛЕКС

Семинарда мектеп директору Асанова Күлүмкан электрондук китепкана менен тааныштырып, семинардын максаты: “Айбилим», «Билим Булагы» электрондук мультимедиалык ресурстарынын мүмкүнчүлүктөрүн, ченемдерин аныктоо менен мугалимдердин персоналдык компьютерде иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатып, изденип эмгектенүүнүн тажрыйбасын өздөштүрүү”, — деп белгиледи.

Электрондук китепканада “Айбилим” мультимедиалык комплексинде башталгыч класстын 1-4-класстары үчүн кыргыз тили, англис тили, математика, музыка, сүрөт, орус тили, мекен таануу сабактары, ал эми 5-11-класстар үчүн “Билим булагы” комплекси 9 сабак боюнча: англис тили, биология, география, тарых, кыргыз адабияты, математика, дүйнөлүк адабият, физика, химия сабактарында мугалимдер изденип эмгектенүү аракетинде иш жүргүзүп жатышкандыктарына токтолду.

"АЙБИЛИМ" - БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН МУЛЬТИМЕДИАЛЫК КОМПЛЕКС

Семинарда информатика мугалими Г.Океева презентация жасады. Ал өз сөзүндө электрондук китепкана мектептеги предметтерди өздөштүрүүгө окуучуларга мотивация жаратып, өзөктүү жана предметтик компетенттүүлүктөрдү жакшыртып, билим берүү процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатып, сабакка даярданууда мугалим жана окуучулардын кошумча материалдарды издөөсүн женилдеткендигин, окуучуларга аталган предметтер  боюнча окуу көйгөйлөрүн өз алдынча, чечүүгө, долбоордук жана изилдөөчүлүк ишмердикке тартуу менен мультимедиалык комплекс-технологияларын ар түрдүү чыгармачыл иштерди уюштурууда колдонууга мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи. Аталган предметтерди өздөштүрүүдө окуучулардын таанып билүү кызыгууларына түрткү бере тургандыгына токтолду.Мындан тышкары “Мен жана интернет”, IT технологияларды сабактарда пайдалануу жолдору боюнча топтордо презентация жасады.

Семинарда англис тили мугалими Г.Ургазиева «Билим Булагы» окуу комплекси боюнча англис тили сабагынан видео, химия мугалими М.Музаканова «Билим Булагы» комплексинен химия сабагы боюнча инфографика, кыргыз тили жана адабияты мугалими Ш.Абдылдаева «Билим Булагы» комплексинен кыргыз адбияты сабагы боюнча слайд, математика мугалими Г.Океева «Билим Булагы» комплексинен математика сабагы боюнча тест, биология мугалими Б.Шарыпова «Билим Булагы» комплексинен биология сабагы боюнча Gif-анимациялар, башталгыч класстын мугалими Э.Токтобекова Айбилим» окуу комплексинен башталгыч класстардын предметтери боюнча оюн сабактарын көрсөтүштү.

"АЙБИЛИМ" - БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН МУЛЬТИМЕДИАЛЫК КОМПЛЕКС

Предметтик мугалимдер “Айбилим” жана “Билим булагы” методикалык комплекстери боюнча практикалык иштерди жүргүзүштү. Жыйынтыгында семинардын катышуучулары электрондук китепканадан “эӊ жакшы” пайдалуу маалыматтарды алып, сабак өтүүдө колдонсом деген кызыктуу усулдук ыкмалардын бар экендигине токтолушуп, ыраазычылыгын билдиришти жана “Айбилим” жана “Билим булагы” медодикалык комплексин түзүүчүлөрдүн иштерине ийгилик каалашты.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Сюита / 09.04.2020 09:41
Лучший канал
Сюита / 09.04.2020 09:40
Лучше