ТҮРК ДҮЙНӨСҮН ТҮГӨЛДӨГӨН ТҮРКСТАН

  • 01.12.2018
  • 0

 

ТҮРК ДҮЙНӨСҮН ТҮГӨЛДӨГӨН ТҮРКСТАН

Өткөн жумада айтылуу Түркстан шаарында «Ыйык Түркстан жана түрк дүйнөсүнүн руханий жаўыруусу» аттуу илимий-теориялык конференция болуп өттү. «Руханий жаўыруу» программасы менен өткөн маанилүү жыйынга Азербайжан, Орусия, Түркия, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, АКШ, Тажикстан, Индия, Франция мамлекеттеринен түркологдор менен аалымдар, журналисттер, коомдук ишмерлер келди.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮН ТҮГӨЛДӨГӨН ТҮРКСТАН

Иш-чарадан бир элес.

Түркстан түрк дүйнөсүнүн маданий жана руханий борборуна айланат Кыргызстандан аталган иш-чарага Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов, белгилүү окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиев, Эл аралык түрк академиясынын Кыргызстан боюнча өкүлү, түрколог окумуштуу Кадыралы Коўкобаев, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, К.Тыныстанов атындагы университеттен жаш окумуштуу Нурбек Акматов жана «Кут Билим» газетасынан мен, Майрамбек Токторов, катышып келдик. Илимий жыйын 20 миўдей студенти бар Ахмед Яссави атындагы эл аралык казак-түрк университетинде өттү. Конференцияны Эл аралык түрк Академиясынын президенти Дархан Кыдырали алып барды. Жыйында Түркстан облусунун акими Жансейит Түймебаев Түркстан шаарын Түрк дүйнөсүнүн руханий жана маданий борборуна айлануу багытында иштер башталганын маалымдады.

– Жакын арада Түркстанда түрк дүйнөсүнүн борбору бийиктегени турат. Ушул жерде түрк дүйнөсүнүн ойчулдары менен агартуучуларынын, аалымдарынын эмгектери коюлуп, илимий жетишкендиктери көрсөтүлөт. Эл башы сунуштаган «Түрк дүйнөсүнүн 100 ысымы» долбоорун Түркстанда ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар. Облусубуздун тарыхый жерлерин «Түрк дүйнөсүнүн ыйык жерлери» тизимине киргизүү иштери жүргүзүлөт. Азыр жер бетинде 200 миллиондон ашуун түрк тилдеш боорлорубуз бар. Глобалдашуу заманында биз бирге болушубуз керек, кыйындыктарга бирге каршы турушубуз кажет. Бүгүнкү түркологдордун биригишүүсү ушул ишенимдин аркасында чыгат деген ойдомун. Түрк дүйнөсүнүн борбору Түркстаныбыз ушундай жакшы башталмаларды колдоого ар дайым даяр, — деди Ж.Түймебаев.

Ошондой эле аким Эл аралык түрк академиясынын штаб-батирин Түркстанда ачуу жөнүндө сунушун киргизди. Мындан тышкары аким Түрк жаштарынын курултайын да ушул жерде уюштуруп өткөрүү максаты бар экенин айтты.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮН ТҮГӨЛДӨГӨН ТҮРКСТАН

Академик Абдылдажан Акматалиев Түрк маданиятына сиўирген зор эмгеги үчүн Вильгельм Томсон медалы менен сыйланды.

Конференцияда Түркстан облусунун акимдиги менен Эл аралык түрк академиясынын өз ара ишкерлик байланышын бекемдөө багытында Меморандумга кол коюлду. Түрк дүйнөсүнө орток тил зарылбы Түркстан облусунун акими жакынкы эки жылда шаар болуп көрбөгөндөй өзгөрөрүн, бул аймакта заманбап имараттар менен бирге эл аралык аэропорт, ипподром салынуусу пландалып жатканын билдирди. Бул кабар алыс жол басып келген биз үчүн жагымдуу угулду. Себеби жай мезгилинде эле бул чөлкөмгө барыш үчүн 10 саатты талап кылса, кыш мезгилинде өтө эле узакка созулары турулуу иш экендигин сапарда байкадык. Деги эле кийинки бир-эки жылда бул жерде түрк дүйнөсүнө арналган конференциялар байма-бай уюштурулгандыктанбы, коноктордун сурасам, буга чейин бул жакка нечен ирет келишкендигин, келген сайын жаўы табылгаларга туш болушарын кубануу менен белгилешип жатты. Демек, аким айткандай, Түркстан чындап эле түрк дүйнөсүнүн борборуна айланып баратканынан кабар берет. Экинчиден, дагы бир кызыгы, бир катар окумуштуулар чыгып сүйлөп жатышып, Түркстан келечекте Түрк дүйнөсүнүн Меккесине айланышы керек деген зор ойлорду айтканга батынышты. Мунун чындыгы бар. Шаарды өнүктүрүү үчүн казак бийлиги 2 млрд. АКШ долларын сарптаганы турат. Өзбекстандан келген окумуштуу, тактап айтканда философия илимдеринин доктору Бахтияр Каримов биз менен болгон баарлашуусунда түрк тилдеринин адабий байланышын чыўдап, атургай келечекте орток түрк тилин иштеп чыгууну сунуш кылып жатканын баса белгиледи.

– Түрк элдери өз тилдерин өнүктүрүп өстүрө берсин. Бирок биз келечекте орток түрк тилин иштеп чыгуубуз парз. Бул бизди мындан да жакындатат, — дейт ал.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮН ТҮГӨЛДӨГӨН ТҮРКСТАН

Муну конференцияга келгендер кош колдоп колдошту. Бирок ал кандай илимий негизде иштелип чыгары азырынча белгисиз. Эгерде түрк тилдеринин өзүнчө орток тили пайда болсо – ал биздин жеўишибиз болобу, жокпу, бул да келечектин иши экендиги көрүнүп турат. Латын ариби же биз кечиккен жокпузбу? Дагы бир жагдай, коўшулаш түрк мамлекеттери ушул учурда жапырт латын алфавитине өтүп жатканы да эске алынбай койгон жок. Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов бул маселе туурасында бизге төмөндөгүлөрдү айтты:

– Коўшулаш түрк мамлекеттери – Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан латын алфавитине өтүштү. Өкмөт башчыларынын Саммитинде биздин өкмөт да өз кезегинде келишимге кол койгон. Бул жагынан кеч калып жатабыз. Алардан артта калып, өзүнчө арал болуп калбайбызбы? Ошондуктан тереў ойлонуп, эртерээк чечим чыгарышыбыз керек, — деди А.Рыскулов.

Эл аралык түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралинин: – Түрк элдери эч нерседен кеч калбайлы, алдыда бирге бололу. Бирге болсок гана биз жеўиштерге, өнүгүүгө эрте жетишебиз,- дегени бизге чалган коўгуроодой көрүндү.

Эл аралык түрк академиясынын башкы эксперти, профессор Кадыралы Коўкобаев Түркстан бүтүндөй Түрк дүйнөсүнүн Кайра жаралуусун күтүп жатканын баса белгиледи.

– Бүгүн биз Эл аралык түрк академиясынын демилгеси менен чоў жыйынга чогулуп олтурабыз. Бул кеўешменин руханий мааниси өтө бийик. Кыргызстанда быйыл, 3-сентябрда, бүткүл түрк мамлекеттеринин президенттеринин «Түрк кеўешмесинде» кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлүп жаткан конференцияда ыйык жерлерди сактап, өнүктүрүп кетүү маселелери менен бирге түрк элдеринин жазма тили, адабий жазма тилинин көйгөйлөрү да талкууга алынууда, — деди.

К.Коўкобаев андан ары өз сөзүндө Ата Түрк түрк тилин латын алфавитине өткөрүү тууралуу Жарлыкка 90 жыл мурда кол койгонун, биз кыргыздар да мындан четте калбай, 1928-30-жылдарда латын алфавитинде болгонубузду, эми түрк мамлекеттери ага кайрадан өтүшүп, бир гана Кыргызстан өтө албай жаткандыгын эске салып өттү.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮН ТҮГӨЛДӨГӨН ТҮРКСТАН

Түркстан облусунун акими Жансейит Түймебаев (оўдо)
жана Эл аралык түрк Академиясынын президенти Дархан
Кыдырали (солдо) Түркстан шаарын Түрк дүйнөсүнүн
руханий жана маданий борборуна айлантуу максатында
иштеп жатышат.

Кыргыздарга журналисттердин суроосу көп болду

Түркстандагы конференцияда «Түрк дүйнөсүнүн ыйык жерлери», «Түрк дүйнөсүнүн атактуу адамдары» жана «Түрк тилдери менен жазуусу» секциялары боюнча баалуу баяндамалар жасалды. Бул илимий секциялык иштерде бизден барган окумуштуулар да өз докладдары менен чыгышты. ОшМУнун ректору «Түрк тилдери жана жазуусу» секциясын алып барды. Аталган окуу жайдын жетекчиси Эл аралык түрк академиясы менен биргелешип иштөө башталганын айтып өттү. Азыркы учурда ОшМУда бул академия өз борборун ачып, изилдөө иштерин башташкан. Мындай борборлор тектеш өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгүндө ачылыптыр. Конференцияда бир эле Түркстандагы ыйык жерлер эмес, жалпы түрк мамлекеттериндеги ыйык жерлерди сактап калуу туурасында да кеўири кеп болду. Биздин окумуштуулар да секциялык иштерде Кыргызстандагы ыйык жерлер туурасында кеўири баяндама жасашты.

Ал эми конференциянын жүрүшүндө Акбар Рыскулов менен Абдылдажан Акматалиевди журналисттер бура бастырбай интервью алышып, ортодо бир топ чалкеш суроолорду узатышып, Кыргызстан тараптын көз караштарын тактап жатышты.

Пленардык чогулушта түркология менен түрк маданиятын изилдөөгө салым кошкон аалымдарга Вильгельм Томсен медалы тапшырылды. Сыйлангандардын арасында Түркстан облусунун акими Ж.Түймебаев дагы бар. Ошондой эле түрк тилдеш элдердин саясий-маданий бирлигин насияттап жүргөн бир топ ЖМК өкүлдөрүнө Исмаил Гаспринский атындагы сыйлык менен Эл аралык түрк академиясынын Алкыш каттары берилди.

 

ТҮРК ДҮЙНӨСҮН ТҮГӨЛДӨГӨН ТҮРКСТАН

Кыргыз эл акыны Акбар Рыскуловго Эл
аралык түрк академиясынын сыйлыгы
ыйгарылды.

Кыргызстандан барган өкүлдөргө да Эл аралык түрк академиясынын, Түркстан акимчилигинин ыраазычылык каттары тапшырылды. Кыргыз улуттук «Кабар» агенттиги да аталган академиянын абройлуу сыйлыгына, акимчиликтин дипломуна татыктуу болду. Ал эми окумуштуу Абдылдажан Акматалиев жогоруда аталган Вильгелм Томсен медалын алса, көрүнүктүү акыныбыз Акбар Рыскулов Казак элинин улуу акыны Магжан Жумабайдын «Арстан айбат» атту китебин кыргызчага которуп, китеп кылып чыгарганы үчүн түрк академиясынын күмүш медалы менен сыйланды.

Түрколог окумуштуу Кадыралы Конкобаевге юбилейлик мааракесине карата казак туугандар чепкен жаап, бийик урмат көрсөтүп, ишине ийгилик каалашты. ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, жаш окумуштуу Нурбек Акматов, аларга кошулуп ушу саптардын ээси да акимчиликтин сыйына арзыдык.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮН ТҮГӨЛДӨГӨН ТҮРКСТАН

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков акимдин колунан сыйлык алды.

 

ТҮРК ДҮЙНӨСҮН ТҮГӨЛДӨГӨН ТҮРКСТАН

Белгилүү түрколог окумуштуу Кадыралы Конкобаевдин 70 жылдык юбилейине карата зор урмат көрсөтүлдү.

Олуя акын Акмат Яссави жөнүндө учкай кеп

Алыс жол тартып, атактуу Ахмед Яссавинин күмбөзү жайгашкан касиеттүү Түркстан жергесинеарзып келгендердин катарына кошулуп биз да барып кайттык. Ахмед Яссавини кыргыздарда Акмат Яссави же Жазылык Кул Кожо Акмат деп аташат. Түрк рух дүйнөсүнүн олуясы, ойчул, суфис акын өзүн Жазылыкмын, Жазы дарыясынын жээгинде төрөлгөм деп жазганын, теги өзгөндөн экендиги туурасында убагында изилдөөчүлөр көп жазышты. Анын адабий мурасы, айтылуу «Хикметтери» акын Эгемберди Эрматов тарабынан кыргызчага которулган.

Хикметтеринде Арсланбаб, Салам-Алик аттуу биздеги жер аттары аталат. Өзгөн Караханийлер доорунда илим, билимдин, маданияттын очогу болгонун эске салсак, улуу бабабыз кай жерде жүрбөсүн ошол жерди эл-журт ыйык тутканынын далилин ушул Түркстанга барганда бир туйдук. Эми тарых барагында Акмат Яссави бүтүндөй түрк элдерине таандык болуп, анын жаткан жери рухий борборго, ал тургай түрк элдеринин Меккесине айланганы турганы да бекеринен эмес экен деп ойлодум. Ошентип, бир кезде Касым Тыныстанов өзүн устатым деп эсептеген зор акын Магжан Жумабайдын 125 жылдыгын, дүйүнөлүк жазуучу Чыўгыз Айтматовдун 90 жылдыгын жыйынтыктоо жана жалпы эле түрк элдеринин рухий-маданий, экономикалык-социалдык кызматташтыгын арттыруу багытында уюштурулган бул эл аралык конференция өз максатына жетүү менен бирге алдыга зор максаттарды, милдеттерди койду.

Майрамбек ТОКТОРОВ, «Кут Билим»

(Бишкек-Түркстан-Бишкек)

Бөлүшүү

Комментарийлер