МЕЗГИЛ МЕНЕН АДЫМДАШ АЙЫМДАР

  • 29.11.2018
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду тарабынан кыз-келиндердин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоору жүзөгө ашырылып жатат. Өткөн аптада долбоор боюнча И.Раззаков атындагы КТУнун базасында өткөн семинарга жети дубандан келген мектептин мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты. Бул иш-чарада табигый-илимий жана техникалык адистиктеги кыз-келиндер тажрыйбаны, илимий-техникалык маалыматтарды алмашуу жана ушул тармактарда иштеген айымдардын ролун алга илгерилетүү үчүн өз тармагын түздү.

МЕЗГИЛ МЕНЕН АДЫМДАШ АЙЫМДАР

Семинарга катышкан кыз-келиндер белгилегендей, Кыргызстанда илимде жана инженерияда аялдардын эң төмөн үлүшү байкалууда. Өлкөдө техникалык факультеттердин саны бир нече эсе өскөнүнө карабастан, бул факультеттерде окуган кыздардын саны аз. Бул илимий изилдөөлөрдүн жана өнөр жай ишканаларынын санынын кыскарышы, өлкөдө жогорку технологиялар жетиштүү өнүкпөгөндүгү менен, ошондой эле, эң башкысы, коомдо илимпоз аял же инженер тууралуу бул «аялдардын адистиги эместиги» деген маданий стереотиптер орун алгандыгы менен байланышкан.

МЕЗГИЛ МЕНЕН АДЫМДАШ АЙЫМДАР

  • Семинарга катышкан кыз-келиндер, студент кыздар жана ЖОЖдордун окутуучулары, ошондой эле илимий мекемелердин жаш кызматкер кыздары өзүнүн күндөлүк ишинде жана окуусунда алар методикалык окуу куралдарынын жана атайын адабияттын, окуу лабораторияларында көрсөтмөлүү окуу куралдарынын жана базалык жабдуунун жетишсиздиги жагынан оорчулуктарды башынан өткөрүп жатканын баса белгилешти. Семинарда «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун зор мааниси белгиленип, анын алкагында иш-чаралардын комплекси өткөрүлөт, ал Инновациялык долбоорлордун конкурсунан, лидерлик, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, техникалык англис тили жана коммуникациялык жөндөмдөр боюнча окутуучу онлайн-курстардан, ошондой эле чет өлкөлүк эксперттер, илимий институттар менен байланыштарды түзүүдөн турат.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Германиянын, Улуу Британиянын, АКШнын алдыңкы илимпоз кыз-келиндеринин тажрыйбасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алды. Ар бир сөз сүйлөө кызыктуу дискуссиялар менен коштолду жана актуалдуу маселелер, аларды чечүү жолдору көтөрүлдү, — дейт «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунун пресс-катчысы Топчугүл Шайдуллаева.

И.Раззаков атындагы КТУнун алдындагы Кыргыз-герман техникалык институтунун директору Анипа Усупкожоеванын айтымында, ал фонд тарабынан уюшулган долбоордун координатору.

МЕЗГИЛ МЕНЕН АДЫМДАШ АЙЫМДАР

— Долбоордун максаты — кыз-келиндерди илимий-техникалык кесипке тартуу.  Акыркы жылдарда кыздардын илимге болгон кызыгуусу жоголуп баратат. Инженердик кесипке кызыккан кыздардын саны, ага тартылуусу азайып кетти.  Долбоордун алкагында ар кандай тренингдер, семинарлар уюштурулуп, жер жерлерден келген айымдарга  атайын багыт берилип жатат. Аларды дагы инженердик кесипке тарткыла, маалымат технологияга болгон кызыгуусун күчөткүлө,  анткени өзүңүздөр билгендей, жашоо турмушубуз маалымат технологиялар менен тыгыз байланыштуу деп айттык. Эгерде ал жаатында биздин билимибиз жок болсо, албетте, жада галса күнүмдүк турмуш-тиричилигибизде кыйынчылыктар жаралат, — дейт координатор.

Аталган семинарга Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарынан, Бишкек шаарынан келишти.  Университетте, мектепте иштеген мугалимдер, ушул долбоордун алкагында май айында өткөрүлгөн «Инновациялык идеялар»  сынагына катышышкан. Конкурстун жыйынтыгы октябрдын аягында жыйынтыкталып, он жеңүүчү табылган. Жюрилердин курамында белгилүү окумуштуулар, кесипкөй адистер кирген. Эң мыкты идеялар тандалып алынып, Демократиялык Комиссия тарабынан миң долларга чейинки каражатка материалдарды, ар кандай приборлорду сатып алганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Семинарда катышуучулар “СТЕМ айымдар” тармагын түзүү боюнча кызуу талкуу жүргүзүштү. Эми алар  жер-жерлерге барып,  кыз-келиндерди инженердик кесипке тартуу боюнча алектенишет. Айыл жергесинде кыздар эртерээк турмушка чыгып, андан ары билим алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, же багыт бере турган кишилер жок эмеспи. Илгертен келаткан стереотипти бузуп,  турмушка чыкпай туруп, татыктуу билим алып, кесипке ээ болуп, андан ары үй-бүлө курса, албетте, эне тарбиялуу, жогорку билимдүү болсо, ал дагы тарбиялуу, жогорку билимдүү балдарды тарбиялап чыгаары айтылды. Окумуштуулар айткандай, «Эркек баланы тарбияласаң бир кишини тарбиялайсың, бир кызды тарбияласаң —  улутту тарбиялайсың» дегендей,  айымдарды колдон келишинче, багыт берип, СТЕМ тармагына, илимге тартып, андан ары Кыргызстандын экономикасын өнүктүргөнгө кандайдыр бир салымыбызды кошсок деген ойлор баса белгиленди.

— Бул долбоордун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева. Ал киши ушул көйгөй бизде көп экенин айтты. Ушул жаатта биз иштеп, кандайдыр бир кыймылды түзүп, кантип инженердик кесипке тартыш керек, кантип кыздарыбызга жардам беришибиз керек деп аябай түйшөлдү. СТЕМ деген сөз мындай чечмеленет:  илим, инженерия, технология, математика. Кыздарды техникалык кесипке тартууда ортолорунда бир байланыш болуш керек. Демек, тармак (сеть) — бул  көп мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Тармактын алкагында бири-бири менен бөлүшүп, чогуу чечкенге көмөктөшөт, — дейт Анипа Усупкожоева.

Семинардын катышуучулары үч топко бөлүнүп, ар бир топ өздөрүнүн стратегиялык планын иштеп чыкты. Эми ушул пландын алкагында жерлерине барып, борборлорду түзүшөт.

Баса, семинардын катышуучуларына Берлиндеги Бейта атындагы техникалык институтунун профессору Диана Граубаум лекция окуп, Германияда кыз-келиндердин техникалык кесипке кызыгуусу канчалык экенин айтып берди.

— Германиядагы ар бир жогорку окуу жайдын алдында аялдарды колдогон борборлор,  ошондой эле бала бакчалар дагы бар. Бизде деле бул проблема жок эмес. Бирок техникалык кесипке өтүүдөн мурда бизде ириде аларды даярдашат, ошондон кийин гана техникалык уиверситетке өтсө болот. Атайын аялдарды, энелерди, кыздарды колдогон мыйзам иштейт. Кичинекей балдары барлар колдоого алынат, аларга бардык шарттар түзүлөт, — дейт  Диана Граубаум.

 

Ошентип, эки күндүк семинар аяктагандан кийин «СТЕМдеги айымдар» тармагын түзүү чечими кабыл алынды, ал биринчи этапта социалдык тармактын платформасында кыздарды бириктирет, андан соң СТЕМ долбоорунун бетинде тармак киргизилет. Бул тармак бардык тармактардын ишин координациялоочу башкы борбор болот, анын башкы милдети жаш кыздарды инженердик адистиктерге, илимге тартуу болот.

Нургүл Ибраева, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин математикалык-маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын ага окутуучусу:

— «Аялдар жана СТЕМ» деген долбоорду сайттан окуп, анан семинарга келдик. Англис тилинен (STEM) орус тилине (СТЕМ) которуп коюшуптур: Илим, технология, инженерия, математика.  Негизинен ушул тармакты жалаң эле эркектер ээлеп, көп кирешени алып келген, көп акча төлөнгөн тармак болуп эсептелинет.  Биздин ой жүгүртүүбүз боюнча, бул тармакта эркектер гана иштейт деген стереотип калыптанып калган.  Ушул тармакка аялзатын тартуу максатында дүйнө жүзүндө иштеп келатышыптыр. Биздин республикага бул долбоорду экс-президент Р.Отунбаева алып келиптир. Бул тармакта статистикалык изилдөөлөр боюнча жалаң эркектер.  80%ке чейинки тармактар бар экен. Ошол тармактарга кыздарды кантип тартуу керек, кантип алар иштей алат, өздөрүн көрсөтө алабы деген максатта алып келинген проект.

Биз университеттин алдында «Аялдар жана СТЕМ» деген сайтты түзөбүз. Бул сайтыбыздын максаты — маалыматтык технология өнүгүп жаткан мезгилде алардын жардамы менен аялзаттарга, мектеп окуучуларына чейин ушул тармакка тартуу. Кайра байланышты түзүп, кыздарды болгон маалыматтар менен камсыздап турабыз. Ушул тармакта эмне жаңылыктар бар, кандай билимдерди алса болот, кайсы жерден окуса болот?

Эң негизги максаты — маалыматтык технологияларда ар түрдүү түзүлүштөгү компьютерлер тууралуу толук маалымат берип,  эгерде бузулуп калса кантип оңдоо керек, кайсы жерден маалыматтарды алуу керек дегендей. Ушундай проектини  жазып, ал өтүп кетип, 1000 доллар утуп алдык.

Уулкан Бейшеналиева, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Маалыматтык технологиялар кафедрасынын башчысы:

— СТЕМге жарнама келген, буга чейин эле бизде иштелип жаткан жумушубуз бар болчу. Аны биз проект кылып киргиздик. 1000 доллар утуп алдык. Бул каражатка жалаң проектини ишке ашырууга жабдыктар алынат. Проектинин аталышы: «Ардуина платформасынын негизинде робототехника боюнча Нарын шаарынын мектеп окуучуларына кружок уюштуруу». Анын максаты —  ардуина платформасынын негизинде робототехника боюнча бир нече проектини иштеп чыгуу менен мектеп окуучуларын программалоо тилине шыктандыруу.  Ардуина платформасы — бул аппараттык эсептөөчү платформа. Проектинин актуалдуулугу  кружокту уюштурууда ардуина платформасы менен мектеп окуучуларын робототехника, программаалоо тилине кызыгууларын жогорулатып, аларды кантип башкаруу, кантип иштеп чыгуу керек, аппараттык жана программалык  камсыздоосу кандай жүргүзүлөт, аларды көзөмөлгө алганга мүмкүндүк экенин түшүнүү менен алган билимин көндүмгө айлантат. Ардуина платформасын 2017-жылдан бери эле кафедранын көзөмөлүндө аппараттык жабдыктар бир топ өзүбүздүн демилгебиз менен алынган. Ал боюнча көндүмгө да ээ болуп калдык. Биздин проект мектеп окуучуларына багытталган. Маалыматтык технологияга кызыккан балдар,  окуп жаткан балдар бар, керек болсо иштеп чыккан проектилери бар. Өйдө жакка умтултуп, терең билим бергенге аракет кылабыз. СТЕМ боюнча маалымат жок эле.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер