ЭЛ АРАЛЫК КООМДУК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАРМАҢКЕСИ

  • 20.11.2018
  • 0

             2018-жылдын  27-31-октябрь күндөрү  Россия Федерациясынын Белгород шаарында  коомдук-педагогикалык технологиялардын эл аралык жарманкеси болуп өттү. Россия Федерациясынын 16 регионунан өкүлдөр катышкан бул иш чарага Кыргызстандын Ноокен районундагы мектептердин директорлорунун бир тобу катышып келди. 

ЭЛ АРАЛЫК КООМДУК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАРМАҢКЕСИ

Белгороддогу жармаңкеге Ноокен районунан № 14 Губкин атындагы орто мектебинин директору А. Орозова, № 12  Ж.Султанов атындагы орто мектебинин директору Г. Султанова, № 13 Рахманжан атындагы орто мектебинин директору Ж. Каримкулова, №14 “Нооруз” балдар бакчасынын директору Ш. Мендикулова , Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы  К. Нышанов жетектеген Ноокендик делегация барып катышып, тажрыйба алмашып кайтышты.

Жарманкеде билим берүүдө заманбап жаңы технологияларды пайдалануу тажрыйбасы, презентациялар, мастер-класстар, көргөзмөлөр уюштурулуп,  көрсөтүлдү. Андан негизги максат билим берүүдө жана тарбиялоодо сапаттуу жана жогорку көрсөткүчтөргө жетүү.

Азыркы күндө жарманкеге барып катышып келген билим берүү кызматкерлери тарабынан тажрыйба жайылтуу иштери башталды.

Делегаттар жарманкеге барып катышып келүү үчүн шарт түзүп, жол каражаттарын чечип бергендиги үчүн Кочкор –Ата шаарынын мэри – Жумаев Алтынбек Токтомуратовичке, Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы —  Султанов Махаматали Жоробаевич, Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы – Эгембердиев Жакшылык Насипбековичке, Ноокен райБББнө, Ноокен рай КБКга өз ыраазычылыктарын билдиришет.

К. К. Нышанов, Ноокен райКБК нын төрагасы

Бөлүшүү

Комментарийлер