МИЧИГАН УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ  УИАДА

  • 17.11.2018
  • 0

16-ноябрда КР УИАнын президенти Мурат Джуматаев Мичиган университетинин профессорлору Рональд Бэйтс жана Джордж Бёрдду кабыл алды.

Жолугушууда академик М.Джуматаев УИАнын бөлүмдөрү, аткарган иштери жөнүндө айтып берди. Мичигандык профессорлор УИА менен иштешүүнү каалаарын, фундаменталдык илимди колдонмо илимге айлантуу, мындайча айтканда, айыл чарбачылык жана өсүмдүк өстүрүү, жемиштердин адамга пайдалуу касиетин жогорулатуу жагынан тажрыйба бөлүшкөнгө даяр экендигин, бүгүнкү күндө экология, таза суу маселеси өтө курч болуп жаткандыгын, ал жаатта да иштешүүгө кызыкдар экендигин  билдиришти.

М.Джуматаев УИАнын бул тармакта алектенген мекемелери жөнүндө маалымат берип: — Биз жаратылыштын мыйзамдарына киришээрде этият болушубуз – оң жана терс жактарын кылдат таразалашыбыз керек. Айта кетсем, учурда Миссуридеги Ботаникалык бак менен кызматташуудабыз жана сиздердин сунушуңуздарды да кабыл алганга даярбыз, — деген пикирин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер