«ЖАШ АРТИСТТЕРДИН» КАРОО- СЫНАГЫ

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын планына ылайык, 2018-жылдын 12-сентябрынан 12-декабрына чейин “Тил жана Айтматов” үч айлыгы жарыяланган. Анын алкагында “Жаш артист” аттуу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткаруу боюнча шаардык кароо-сынак 2018-жылдын 15-ноябрында  Октябрь  районунун № 88 орто мектебинин  базасында өткөрүлдү.

«ЖАШ АРТИСТТЕРДИН» КАРОО- СЫНАГЫ

«ЖАШ АРТИСТТЕРДИН» КАРОО- СЫНАГЫ

«ЖАШ АРТИСТТЕРДИН» КАРОО- СЫНАГЫ

 

«ЖАШ АРТИСТТЕРДИН» КАРОО- СЫНАГЫ

 

«ЖАШ АРТИСТТЕРДИН» КАРОО- СЫНАГЫ

Кароо-сынакта төмөндөгү билим берүү уюмдары ийгиликтүү орундарга жетишти:

 

  • 1-орун №1 мектеп-интернаты
  • 2-орун №38 ОТК МГ
  • 3-орун №78МГ, №87 ОМ
  • 4-орун №33 МГ

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары:

  • 1-орун №51 МЧББУ
  • 2-орун №145 МЧББУ
  • 3-орун №131 МЧББУ
  • 4-орун №4 МЧББУ

 

Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы, баалуу жана кызыктыруучу белектер менен 2018-жылдын 5-декабрында боло турган “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын жыйынтыгында сыйланат.

Кароо-сынакка мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын балдары катышты. Кароо-сынактын калыстар тобуна Бишкек шаарынын А.Умуралиев атындагы шаардык драм театрдын актеру Э.Жунушалиев жана билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү мүчө болушту.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер