УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН САЛТАНАТ

  • 14.11.2018
  • 0

14-ноябрда  УИАда СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын (КирФАНдын)75 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйыны өттү.

УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН САЛТАНАТ

Салтанаттуу жыйынды ачкан, УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев 1943-жылы ачылган КирФАНдын тарыхына кыскача токтолуп, төмөнкүлөрдү кошумчалады:

«Азыркы мезгил академиялык илимдин ири илимий-техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу жана эксперттик жактан текшерүү, экономикалык-социалдык өнүгүү, айлана-чөйрөнү жакшыртуу ошондой эле академиялык, тармактык жана жождордогу илимди айкалыштырууга өбөлгө түзүү жаатында мамлекеттик чечимдерди илимий негизде чыгарууга жигердүү катышуусун талап кылат. Ошону үчүн изилдөөлөр менен иштеп чыгуулардын өлкө экономикасынын стратегиялык тармактарын технологиялык жактан модернизациялоого өбөлгө түзүүчү жана алдыңкы технологиялардын негизинде анын теңтайлашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу натыйжалуу илимий системасын жана Улуттук илимдер академиясынын инновациялык түзүмүн калыптандыруу, УИАнын илимий дареметин кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө  негизги булактарынын бирине айландыруу зарыл”, – деп баса белгилеп кетти.

УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН САЛТАНАТ

КР Президентинин Аппараты жетекчисинин биринчи орун басары А.М.Кененбаев Өлкө Президенти С.Ш.Жээнбековдун куттуктоо сөзү менен тааныштырды. Куттуктоодо  “Урматтуу илимпоздор! Сиздер жаңычылдыкка умтулуп, чыгармачыл изденүү, алдыңкы идеяларды жайылтуу аркылуу Эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө жана элибиздин турмушун жакшыртууга татыктуу салым кошосуздар деп ишенем” – деп айтылат.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин атынан куттуктоолор окулуп, УИАнын окумуштууларына КирФАНдын 75 жылдыгына жана КР Илим күнүн майрамдоого байланыштуу, КР илими, өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

КР УИАнын Математика институтунун Колдонмо математика-информатика лабораториясынын башчысы А.Б.Байзаков, КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Т.И.Старусева, КР УИАнын Химия жана фитотехнология институтунун органикалык эмес химия лабораториясынын башчысы Н.Шыйтеева, КР илим жаатындагы көп жылдык жигердүү эмгеги жана коомдук ишмердиги үчүн З.Б.Мамыркулова, С.И.Искандаров, КР УИАнын Философия жана укук таануу институтунун илимий кызматкери Р.Стамова, Биотехнология институтунун илимий кызматкери Е.М.Лущихина.

УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН САЛТАНАТ

Ал эми КР Өкмөтүнүн энчилүү сааты менен КР УИАнын Машине таануу институтунун лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери Ж.Усубалиев сыйланды.

УИАнын илимпоздорун КР Билим берүү жана илим министрлиги дагы куттуктап, сыйлыктарын ыроолоп кетти.

Салтанаттуу жыйынга келген Казак, Өзбек, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Украина, Россия, Молдова республикаларынын жана Монголия, Кытай өлкөлөрүнүн илимий мекемелеринин өкүлдөрү, К.Аденауэр  атындагы фонддун Борбор Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү доктор Т.Кунце Кыргызстан менен байланыштары, анын ичинде илим жана билим жаатындагы кызматташуусу жөнүндө айтып, келечекте да тыгыз иштешээрин, окумуштууларга албан ийгиликтерин каалап кетишти.

Илимдер академияларынын эл аралык ассоциациясынын мүчөсү, академик П.А.Витязь:  “учурда илимпоздор илимди гана өнүктүрбөстөн, эл аралык байланышты бекемдеши, тынчтыкты орнотуу, планетаны тышкы таасирден жана Жердеги залалдуу окуялардан сактап калуу милдети турат” деген оюн билдирди.

Иш-чарада УИАнын 75 жыл ичинде жасаган жетишкендиктери, көрүнүктүү инсандар жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлдү.

 

УИАнын Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер