КОМСОМОЛ 100: БҮТҮНДӨЙ ТАРЫХ, БҮТҮНДӨЙ ДООР

  • 30.10.2018
  • 0

29-октябрда “Комсомол” коомдук бирикмеси Бүткүл Союздук Лениндик Жаштар Союзунун 100 жылдык юбилейин Т.Сатылганов атындагы  мамлекеттик филармонияда жогорку деңгээлде өткөрдү. Иш-чаранын башталышында өлкө Президенти Сооронбай Жээнбековдун ЛКЖСтин 100 жылдыгына байланыштуу жолдогон куттуктоосу окулду.  Андан соң Кыргызстан Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун 1-секретары (1972-1978-жж.) А.Рысмендиев сөз сүйлөдү.

КОМСОМОЛ 100: БҮТҮНДӨЙ ТАРЫХ, БҮТҮНДӨЙ ДООР

КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда  комсомолдун мектебинен СССРдин жарандарынын бир нече муундары өткөнү, бул өлкө тарыхындагы бир өзгөчө доор болуп калганы, ал кезде комсомолдук ири курулуштарда миллиондогон жаштар эмгектенип, завод-фабрикалар, ирригациялык объектилер, суу сактагычтар курулуп, шаарлар жана айылдар өнүккөнү баса белгиленди.

  • Эң жакшы уюшкандык, жамаатчылык, жоопкерчилик, адептүүлүк жана чыныгы патриотизм комсомолдун күчтүү жактары болгон. Комсомол кыймылы Кыргызстанда билим берүүнү, илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө да өзгөчө салым кошту. Турмуш бүгүн жаштар гана чече ала турган милдеттерди алдыга коюуда. Мисалы, санариптик IT-технологияларды жаштарыбыз мыкты өздөштүрө баштады. Жаратман күч катары комсомол өз убагында ушундай алдыңкы, өлкөнүн тагдырын чечкен улуу иштердин чордонунда болгон.  Мына ушул бай тажрыйбаны эске алуу менен азыркы жаштарды өлкөнү өнүктүрүүгө багыттаган реалдуу инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Бүгүн Кыргызстанда жаштар саясатынын негиздерин түптөп жатып, комсомолдун мыкты тажрыйбасын эске алуу абзел. Көпчүлүк азыркы кыргызстандык жаштар да мурдагы комсомолчулардай эле мекенчил адамдар жана алар сүйүктүү Мекенинде кызмат кылууга, өз өлкөсүнүн байманасын арттыруу үчүн иштөөгө даяр. Биздин милдет — жаштардын билимин, жигерин жана демилгесин өлкөнүн стратегиялык максаттарына багыттоо, аларга ишеним артып, таяна билүү, муундар ортосундагы биримдикти жана байланышты бекемдөө, — дейт Президент өз куттуктоосунда.

Чындыгында эле комсомол уюму баарыбыздын эсибизде күчтүү, жаштарды шыктандырып, алдыга умтулткан, коомдун бардык чөйрөлөрүнө зор таасири бар жаштар бирикмеси катары сакталып калганын иш-чарага келген комсомол ардагерлер өз сөздөрүндө айтып өтүштү. Ошондой эле Кыргызстандан он адамдан турган делегация Москва шаарында Бүткүл Союздук Лениндик Жаштар Союзунун 100 жылдык юбилейине арналган эл аралык иш-чарага катышып келишти.

Баса, республикалык иш-чараны өткөрүүдө  “Дордой” ассоциациясынын президенти А.Салымбеков менен “Комсомол” коомдук бирикмесинин жетекчиси, ыраматылык Ж.Акенеевдин салымы зор.

Алмаз Рысмендиев, Кыргызстан комсомолунун борбордук комитетинин 1972-1978-жылдардагы биринчи катчысы

КОМСОМОЛ 100: БҮТҮНДӨЙ ТАРЫХ, БҮТҮНДӨЙ ДООР

  • Комсомолия – какая это замечательная школа! Как много она дала всем нам! Как закалила! И сейчас, когда мы отмечаем 100-летний юбилей ВЛКСМ, мы все говорим ему – спасибо!

Оглядывая пройденный путь, мы с гордостью можем сказать: комсомол прямо и непосредственно был причастен ко всем ярким и незабываемым собятиям, которым суждено стать знаменательными в славной биографии нашей республики.

Вся история ВЛКСМ – это путь поиска и борьбы, побед и свершений. Союз воспитал тысячи героев, которыми он по достоинству гордится. Сегодня каждому молодому человеку и каждой девушке мы должны дать понимание общих целей развития страны, помочь определить свое конкретное место в современной жизни. По данным у нас действует более 700 молодежных организаций. Но на постоянной основе работают не более 50 таких организаций. Нужен боевой институт управления, который отвечал бы за работу с молодежью, имел бы для этого ресурсы и нес полную ответственность за неудачи и успехи молодых.

Жаңыл Түмөнбаева, ЛКЖС БКнын секретары (1972-1975-жж.):

КОМСОМОЛ 100: БҮТҮНДӨЙ ТАРЫХ, БҮТҮНДӨЙ ДООР-Комсомолдун Уставында бардыгы белгиленген. Уставдын негизинде гана жаштар өз ишин уюшкандыкта алып барышкан. Комсомолго мыктылардын мыктылары гана өткөн. Ал спортсмен, өздүк көркөм чыгармачылык тобунун мүчөсү, эмгектин ударниги ж.б.у.с. толгон-токой сапаттарга, өнөргө ээ гана жаштар комсомолдун катарына кабыл алынчу.  Комсомолдун значогун тагынып жүргөн жаштар — ал башкалар үчүн үлгүлүү жаран болгон. Комсомолго өтөөрдөн мурда ириде башталгыч класстын окуучулары октябренок болушкан, андан кийин мыкты окугандар пионердин катарына кабыл алынган. Жогорку класска келгенде жалаң гана окууда ийгиликтерди жараткан, коомдук иштерге активдүү катышкан мыкты окуучулар гана комсомолдун катарына кабыл алынчу. Комсомолдо өзгөчө дем-күч, ар намыс болгон. Бүткүл өлкөнүн эли, улан-кыздары менен бирдикте алар мекенибиздин индустриалдык жана агрардык күч-кубатын түзүүгө жигердүү катышып, улуу Ата Мекендик согуш жылдарында өлкөнү коргошту, бүлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүүгө, дың жерлерди өздөштүрүүгө  кошкон салымдары зор. Бүткүл союздук эпкиндүү комсомолдук курулуштарда өз күчтөрүн аянбастан, күжүрмөндүк менен иштешти.

Ч.Айтматов Куранда, Коммунизмдин моралдык кодексинде жазылгандарды бириктирип бир эле сөз менен айткан: “Адам үчүн эң кыйыны күн сайын адам болуу”.

Илгерки БСЛЖСтин 1-секретары Е.М.Тяжельников, Б.Н.Пастухов, С.М.Миронов, И.Кобзон төртөө комсомолдун 100 жылдык юбилейин өткөрүү үчүн эл аралык комитет түзүшкөн. Кечээ жакында алардын чакыруусу менен он делегат Москвага барып иш-чарага катышып кайттык. Ага  КМШ өлкөлөрүнүн бардык ардагер комсомолдору чакырылган.

КОМСОМОЛ 100: БҮТҮНДӨЙ ТАРЫХ, БҮТҮНДӨЙ ДООР

КОМСОМОЛ 100: БҮТҮНДӨЙ ТАРЫХ, БҮТҮНДӨЙ ДООР

КОМСОМОЛ 100: БҮТҮНДӨЙ ТАРЫХ, БҮТҮНДӨЙ ДООР

КОМСОМОЛ 100: БҮТҮНДӨЙ ТАРЫХ, БҮТҮНДӨЙ ДООР

 

Сабийра Челпакова, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун директору:

  • Москвадагы иш-чараны Москва өкмөтү уюштуруптур. Иш-чаранын башталышында РФ Президенти В.В.Путиндин куттуктоосу окулду. Андан кийин А.Пахмутова, Н.Добронравов, Л.Лещенко ж.б.у.с. Орусиянын белгилүү артисттери катышкан чоң программадагы концерт тартууланды. Ушул иш-чарада Кыргызстандын уюштуруу комитети тарабынан даярдалган медалдар Е.М.Тяжельников, Б.Н.Пастухов жана В.М.Мишинге  тапшырылды. Андан соң “Романтиктер. Издөөчүлөр. Баатырлар” аттуу көргөзмөнү көрдүк. Эң кызыгы делегаттардын ичинен экөө улуттук калпакты кийип барышкан. Ошол калпак аркылуу Кыргызстанда иштеп кеткендер жана ЛКЖС менен тыгыз иштешкендер бизди таап, баарлашып, жакындарына салам айтышты.

Бизге дагы Москвадан эл аралык уюштуруу комитети даярдаган медалдарды жана значокторду жиберишкен. Аларды жана республикалык уюштуруу комитети (төрагасы Р.Сарымсаков)  даярдаган значоктор, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу аземде активисттерге тапшырылды. Баса, юбилейге арналган “Жаштардын улуу боордоштугу” китебинин жарыкка чыгышына С.Исмаилованын салымы зор. Салтанатта “Сейтек” борборунун тарбиялануучулары келгендердин жүрөгүн жылыткан ыр-бийлерин тартуулашты.

Чынара Чокубаева, Ош облустук комсомол комитетинин секретары (1974-1985-жж.):

КОМСОМОЛ 100: БҮТҮНДӨЙ ТАРЫХ, БҮТҮНДӨЙ ДООР

  • “Комсомол” коомдук бирикменин иштегенине 15 жыл болду. Болгону 11 эле адам иштейбиз. Ушул аралыкта биз жогорку окуу жайлар менен сүйлөшүп, студенттерди курулуш отряддарына жөнөтө баштадык. Албетте, куруучулар менен келишим түзүп, жаштарга айлык акысы да каралган. Мындан сырткары ардагер комсомолдор мектеп менен тыгыз иштей баштадык. Комсомолдун басып өткөн жолдорун биз айтпаганда ким айтат? Анткени Кыргызстандын комсомолдору калктын кат сабатсыздыгын жоюуга, турмуш-тиричиликке советтик жаңы үрп-адаттарды киргизүүгө баа жеткис салым кошуп, жаңы маданиятты, адабиятты жана искусствону түзүүнүн башатында да комсомол турду. Бир эле мисал, менин апам 7-класстык билими менен комсомол болгон үчүн 60га чукул адамды окуткан, алардын сабатсыздыгын жойгон десем болот. Менин да жетекчилик кызматка келишим дагы комсомол менен байланыштуу. Негизи комсомолдун Уставында жазылгандар Куранда деле бар. Адамды адеп-ахлакка тарбиялоо, мекенчилдикке чакыруу, табият менен таттуу жашоо д.у.с. Азыр деле жаштарыбыз жаман эмес, бирок жүрөгү жалындап турган жаштарга жакшы багыт бербей, тескерисинче, керектүү учурда гана коом пайдаланып жатат. Жаштардын дем-күчү жакшы жакка бурулса, багыт берилсе деген ниет.

 Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер