ПРОФСОЮЗДАР ТАТЫКТУУ ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮК ҮЧҮН КҮРӨШӨТ

  • 11.10.2018
  • 0

Кыргызстан профсоюздар федерациясы  Бүткүл дүйнөлүк “Татыктуу эмгек үчүн” күнүнө арналган Ачык эшик күнүн уюштурду. Бул күнү федерациянын юристтери, техникалык коопсуздукту сактоо ж.б. жооптуу кызматкерлери эмгек акы жана пенсия төлөмдөрү, мыйзамсыз иштен бошотуу, жашы жете элек балдардын ишке тартылышы ж.б. көйгөйлөр боюнча кайрылган жарандардын суроолоруна жооп беришти.

Дүйнөдөгү бардык профсоюз уюмдары жыл сайын 7-октябрда эмгекчилердин көйгөйлөрүнө көңүл буруу үчүн массалык акцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүп келет. Татыктуу эмгек үчүн Бүткүл дүйнөлүк күнүн өткөрүү салты 2007-жылы профсоюздардын эл аралык конференциясынын генералдык кеңешинин III отурумунун жыйынтыгында кабыл алынган.

Биз формалдуу эмес иш жүргүзүүдөн формалдуу иштөөгө өтүшүбүз зарыл

Учурда Кыргызстанда жумушчулардын эмгегине жараша татыктуу кам көрбөгөн, формалдуу эмес секторлор басымдуулук кылат. Ошол чөйрөдө адам укуктары сакталбай, коопсуздук чаралары көрүлбөй, көпчүлүк эмгекчилер жабыркап келишет. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Рысгүл Бабаева мына буларга токтолду.

  • “Татыктуу эмгек үчүн” Эл аралык күнүн быйыл биз 11-жылы белгилеп жатабыз. Бул күнү биздин федерациянын адистеринен тышкары, Социалдык фонддун, Улуттук статистика комитетинин, Мамлекеттик экотехинспекциянын ж.б. мекеме-уюмдардын адистери келген адамдарга эмгек, пенсия төлөмдөрү, иш орундарындагы коопсуздук сыяктуу көптөгөн орчундуу маселелер боюнча кеңештерди беришти. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, быйыл БУУнун Адам укуктары жөнүндө декларацияны кабыл алганына туура 70 жыл болду.

Адам укуктары демекчи, негизи эле бизге жарандар күн сайын укук маселелерине тиешелүү көптөгөн суроолор боюнча кайрылып турушат.  Бул жакшы көрүнүш деп ойлойм, себеби, адамдар өздөрүнүн укуктарын билиши жана сакташы керек. Бул багытта профсоюз уюмдары алардын жакындан жардам берүүчүсү жана кеңешчиси катары кызмат көрсөтөт. Алсак, маселен, ачык иштеген мекеме-уюмдарда маселе дээрлик жок, а бирок формалдуу эмес сектордо көйгөйлөр көп. Аларда Эмгек кодекси иштебейт, соцфондго төлөмдөр төлөнбөйт, эмгек өргүүсүндө, аялдардын декретке чыгуу учурларына тиешелүү мыйзам сакталбайт. Ал эми курулуш тармагындагы коопсуздук кызматтары өзүнчө тема. Иштеп жатканда бөөдө кырсыкка кабылгандардын укугу корголбой, канчалаган адамдар жабыркашат. Ушундай жооптуу учурларда адамдар өздөрү сабаттуулугун көрсөтүп, талап кое билишсе, андай көйгөйлөрдү жашырбай ачык көрсөтүшсө, бизге иштегенге кыйла жеңил болмок. Формалдуу эмес иштеген секторду тап-такыр жоюу кыйын, бирок аны азайтууга жалпылап аракеттенишибиз керек,-дейт Р.Бабаева.

Эмгекке тарбиялоо менен балдар эмгегин чаташтырбоо кажет

Эмгек укуктарын сактоо маселесинде балдардын эмгеги эң эле көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. Балдардын эмгеги боюнча Эл аралык эмгек уюмунун долбоору 12 жылдан бери иштейт. Ал долбоордун алкагында балдарды мыйзамсыз иштетүү маселесине тиешелүү ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп келишет. Р.Бабаева белгилегендей, көпчүлүгү балдарды эмгекке тарбиялоо менен балдардын эмгегин чаташтырып алышат. Сабактан тышкары, үйдөгү майда-чүйдө иштерге баланы жумшоо менен, жашы жете элек балдарды түрдүү чарба иштеринде, базарларда иштетүүнүн айырмасы асман менен жердей.

  • Балдарды эмгекке тарбиялоо менен балдардын эмгегин алмаштырбоо керек. Чоң-чоң шаарлардагы базарларда араба сүйрөгөн, бут кийим тазалаган ж.б. майда иштер менен алектенип, мектепке барбай жүргөн балдар бар. Жашы жете элек балдар айылдарда деле талаа жумуштарына тартылышат. Мисал катары келтирсек, 100 баланы алганда, анын 80 баласы сабакка барбайт. Натыйжада 10-15 жаштагы балдар элементардуу жаза албайт. Бул өтө чоң көйгөй. Аны үч тараптуу: коом, өкмөттүк деңгээлде анан ата-энелердин катышуусунда чечүү талап кылынат. Мыйзамсыз иштөөдөн көбүнчө азыр ата-энелери миграцияда жүргөн балдар, толук эмес үй-бүлөдөгү балдар жабыркашат,-деп кейийт Рысгүл Белековна.

Аялуу катмардагы балдар үчүн акысыз кечки окуулар

Мына ошондой жашы жете элек балдар мектепке барбай, иштөөгө аргасыз болгон себептерден улам, сабатсыз балдардын саны көбөйүүдө. Үй-бүлөсүндөгү ар кандай кырдаалдарга байланыштуу окуудан калган балдар үчүн кечки окууларды уюштуруу зарылдыгы бар.

Эл аралык эмгек уюмунун долбоор координатору Амина Курбанованын пикири боюнча, кечки окууларды уюштурууда өтө кылдат мамиле талап кылынат.

  • Биз акыркы 3-4 жылдан бери Билим берүү жана илим министрлиги, мугалимдердин профсоюз уюму менен социалдык өнөктөш катары үзүрлүү иштедик. Долбоордун алкагында Чүй облусунун Москва жана Жайыл райондорунда пилоттук долбоорду ишке киргизип, окуудан калган балдарды издеп табууга мугалимдерди тарттык. Долбоордун алкагында алар үчүн кошумча окуу боюнча топторду ачтык, бул топтор теңдөө классынан айырмаланат. Бир жылдык долбоордун жыйынтыгында үч методикалык пособие иштеп чыктык. Аны КБА жана Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен соң, учурда мектептерде колдонууга сунушталган. Чындыгында мугалимдер ар түрдүү курактагы жана билим деңгээли ар кандай балдарды окутуунун ыкмасын билүүгө тийиш. “Балдарды формалдуу эмес окутуу” деп аталган методикалык пособие мугалимдер үчүн атайын иштелип чыккан. Экинчи пособие “Балдар эмгеги жана билим берүү” деп аталат. Пособие мугалимдердин потенциалын көтөрүүгө жардам берет. Үчүнчү пособие “Скрим”: ар түрдүү интерактивдүү методика аркылуу балдардын эмгеги боюнча класстан тышкаркы сабактарды уюштурууга арналган,-дейт Амина Курбанова.

2011-2016-жылдар аралыгында бул долбоордун алкагында билими үзгүлтүккө учураган балдарга кошумча окутуу боюнча жобо иштелип чыгып, Билим берүү жана илим министрлиги аны убактылуу жобо катары бекиткен эле. Негизги максат – балдарды өз курагына жараша билим деңгээлине жеткирүү болгондуктан, мугалимдер класстан тышкары кошумча топторду уюштурушуп, кыска мөөнөттө күчтөнтүп окутуунун натыйжасында баланы мурдагы классына кайтаруусу зарыл. Бирок бул иште да айрым көйгөйлөр кездешүүдө дейт Амина Курбанова.

  • Учурда жер-жерлерде кечки класстар бар. Анда 6-класстан баштап балдарды акы төлөп окутушат. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамында окуу түрүнө карабай, 9-класска чейин балдар акысыз билим алууга тийиш деп ачык жазылып турат. Демек, балдарга акы төлөтүп окутуу мыйзамга каршы келет. Менин билишимче, Бишкек шаарында гана бекер окуткан мектеп бар. Аны Бишкек шаардык мэрия каржылагандыктан, балдар акы төлөбөй билим алышат. Аймактарда болсо жер өзгөчөлүгүнө жараша да төлөнгөн акылары ар кандай өлчөмдө.

Эмгек эл аралык уюму Билим берүү жана илим министрлиги, мугалимдердин профсоюз уюму менен биргеликте “Кечки окуу жөнүндө” жаңы жобонун кабыл алынышына жетишүүбүз зарыл деп ойлойм. Себеби мурдагы 1998-жылдагы жобо көп жагынан азыркы шартка ылайыксыз. Кечки окууларды аялуу катмардагы балдар үчүн акысыз уюштурууга аракеттенишибиз керек,-дейт А.Курбанова.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”     

 

Бөлүшүү

Комментарийлер