С.ЖЭЭНБЕКОВ: «БИЛИМДИН АРКАСЫ МЕНЕН ГАНА БИЗ ЭЛ АРАЛЫК АТААНДАШТЫККА КУДУРЕТТҮҮ БОЛОБУЗ»

  • 09.10.2018
  • 0

“Билим берүү – өлкөбүздө негизги приоритет. Мамлекеттик саясаттын башкы багыты. Билимдин аркасы менен гана биз эл аралык аренада атаандаштыкка туруштук бере алабыз”, -деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кара-Буура айылында А.Умарбеков атындагы орто мектептин ачылыш аземинде.

С.ЖЭЭНБЕКОВ: "БИЛИМДИН АРКАСЫ МЕНЕН ГАНА БИЗ ЭЛ АРАЛЫК АТААНДАШТЫККА КУДУРЕТТҮҮ БОЛОБУЗ"

Мамлекет башчысы мектептин мугалимдерин, окуучуларды жана жергиликтүү тургундарды бул кубанычтуу окуя менен куттуктады. “Айылыңыздарда заманбап мектептин салтанаттуу ачылышы – баардыгыбыз үчүн чоң кубаныч. Жаңы мектеп кут болсун!”, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы 2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылы – айыл жергеси үчүн өзгөчө жыл экендигин белгиледи.

“Аймактарды өнүктүрүү кийинки жылдары да улантылат. Айылды өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү дегенди билдирет. Өлкөбүз үчүн аймактардан өтөөр тирек да, руханий булак да жок!”, — деп баса белгиледи Президент.

Анын айтымында жалпы элет жеринде жашаган мекендештер аймактарды өнүктүрүү Жылын конкреттүү иштер менен колдоп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүүдө эл өзү демилге көрсөтүп, социалдык, маданий, спорттук объектилерди куруп, алгылыктуу иштер менен толуктап жатканын айтып, демилгелүү инсандарга, айыл жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.

С.ЖЭЭНБЕКОВ: "БИЛИМДИН АРКАСЫ МЕНЕН ГАНА БИЗ ЭЛ АРАЛЫК АТААНДАШТЫККА КУДУРЕТТҮҮ БОЛОБУЗ"

Билимди өнүктүрүү жана тереңдетүү жөнүндө айтып келип, Мамлекет башчысы Кыргызстандын алдында турган зор пландарды ишке ашыруу үчүн билимдүү жаштар керектигин, билими тереӊ, руху күчтүү жаштардын муунун тарбиялаш керектигин белгиледи.

“Учурда, технологиялар тез өнүгүп жаткан мезгилде, балдарыбыз гана эмес, педагогдор дагы, баардыгыбыз окуп жана өзгөрүп, мезгил менен кошо кадам шилтегенге милдеттүүбүз. Балдардын толук кандуу билим алышы үчүн мамлекет тарабынан бардык аракеттер жасалып жатат”, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

С.ЖЭЭНБЕКОВ: "БИЛИМДИН АРКАСЫ МЕНЕН ГАНА БИЗ ЭЛ АРАЛЫК АТААНДАШТЫККА КУДУРЕТТҮҮ БОЛОБУЗ"

Мамлекет башчысы быйыл республикалык бюджеттин эсебинен жер-жерлерде 156 мектеп, анын ичинде Талас облусунда 22 мектеп курулуп жатканын маалымдады. Башка булактардын каражаттарынын эсебинен дагы 27 мектеп курууга даярдык көрүлүп жатат. Андан кийинки жылдары дагы 100дөн ашуун жаңы мектеп курулат.

Мамлекет башчысы бүгүн ачылып жаткан мектептен тарбия, билим алып, ушул айылдан да улуулардын жолун жолдогон нечен эр-азаматтар чыгарына терең ишенээрин айтты.

“Силер – өлкөбүздүн келечегисиңер. Коомдун өнүгүү деңгээли силердин билимиңердин, тарбияңардын деңгээлине жараша болот”, -деп окуучуларга кайрылып, аларга билим дүйнөсүнө ак жол каалады.

С.ЖЭЭНБЕКОВ: "БИЛИМДИН АРКАСЫ МЕНЕН ГАНА БИЗ ЭЛ АРАЛЫК АТААНДАШТЫККА КУДУРЕТТҮҮ БОЛОБУЗ"

Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдерге кайрылып, аларды өткөн мугалимдер жана Билим күнү менен куттуктап, балдарга татыктуу билим жана тарбия берээрине ишенимин билдирди.

Маалымдама: А.Умарбеков атындагы 225 орундуу мектептин курулушуна “Жерүй” кенин иштетүүдөн 24 миллион сом, республикалык бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер