ЖК ДЕПУТАТЫ ОГПИНИН АКТИВИСТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 08.10.2018
  • 0

6-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп, анда  окуу жайдын алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борборунун студенттери менен жолугушту.

ЖК ДЕПУТАТЫ ОГПИНИН АКТИВИСТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Жолугушууда эл өкүлү жаштар менен жакындан маек куруп, билим, маданият, экономика, жаштардын ааламдашуудагы орду тууралуу бир топ маселелерге токтолду. Мындан тышкары депутат өз ишинин негизги багыты экономика жана билим берүү жаатында экендигин белгилеп, аталган багыттар боюнча аткарган иштери, алдыдагы пландары боюнча маалымдап өттү.

А.Нурбаев өз сөзүндө студенттерди китеп окууга, тил үйрөнүүгө чакырып, заман талабына ылайык адис гана мыкты кадр боло турганын баса белгиледи. Эскерте кетсек, аталган жолугушуу Жаратман чыгармачылык борборунун ар ишемби күнү болуучу “Адамдыкка сапар” аттуу дил-маек сериясынын алкагында уюштурулду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.

Бөлүшүү

Комментарийлер