ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МУГАЛИМДЕР КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

  • 08.10.2018
  • 0

5-октябрда К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети Мугалимдер жана билим берүү кызматкерлеринин күнүн салтанаттуу түрдө белгиледи.

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МУГАЛИМДЕР КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

Окуу жайдын ректору А.А.Мамасыдыков университеттин жамаатын куттуктап, мыкты окутуучуларга жана кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Кесиптик майрамга университеттин ардагерлери да чакырылды. Иш-чарада университеттин Маданий-эстетикалык борбору “Мугалим – мөмөлүү дарак” аттуу концерттик программасын тартуулашты. Майрамдын көркүн Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары ачышты, алардын ыр-бийлери бардыгына өзгөчө жагып, канчалаган кол чабууларга арзыды.

Бөлүшүү

Комментарийлер