БИШКЕКТЕ МЕВЛАНА ЖЕЛАЛЕДДИН РУМИНИНИН 811 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНЕТ

  • 08.10.2018
  • 0

8-октябрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Мевлана Желаледдин Румининин 811 жылдыгына карата эл аралык илимий конференция өтөт.

Иш-чара Түркиянын, Афганистандын, Ирандын жана Тажикстандын Кыргызстандагы Элчиликтеринин көмөгү менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин колдоосунда өткөрүлөт. Конференциянын алкагында Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги Маданият жана таанытуу кеңешчилиги тарабынан сүрөт көргөзмөсү, Иран Ислам Республикасынын  Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан да китеп көргөзмөсү уюштурулат.

Иш-чарага көмөктөшүп жаткан мамлекеттердин элчилери катышып, сөз сүйлөшүп, бул мамлекеттен келген окумуштуулар баяндамаларды жасашат.

XIII кылымдын улуу ойчулу жана акыны Мевлана Желаледдин Руми 1207-жылы 30-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн жарымынан көбүн Түркиянын Конья шаарында өткөргөн. 1273-жылдын 17-декабрында дүйнөдөн өтүп, сөөгү ошол жерге коюлган.

Бөлүшүү

Комментарийлер