МУГАЛИМ РЕФОРМАЛАРДЫН ЖАНА БАРДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУУГА ТИЙИШ!

  • 04.10.2018
  • 0

Гулмира Кудайбердиева, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри

МУГАЛИМ РЕФОРМАЛАРДЫН ЖАНА БАРДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУУГА ТИЙИШ!

 

Урматтуу кесиптештер, билим берүү системасынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул  кесиптик майрам чыныгы элдик майрамдардын бирине айланды. Анткени ар бирибиздин жүрөгүбүздө терең сый-урматка ээ болгон сүйүктүү мугалимибиз жана насаатчыбыз дайыма жашап келет.

Азыркы коом билим берүүнүн натыйжаларына, демек, мугалимдик кесипке, жана педагогдун инсандык сапаттарына улам  жаңы талаптарды коюп келет. Балдарыбызды өмүр бою билим алуу жөндөмдүүлүгүнө, өз алдынча ой жүгүртүүгө жана  өз тандоолору үчүн жоопкерчиликти сезе билүүгө, стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алууга  үйрөтүү абдан маанилүү. Мыкты сапаттарды калыптандырып, Кыргызстандын татыктуу жарандарын тарбиялоо  — бул бүгүнкү күндө мугалимдин эң чоң милдети болуп саналат.

Ошондой эле билим берүү системасында тынымсыз жүрүп жаткан өнүгүү процесстери да  мугалимге чоң жоопкерчиликти арттырат. Дүйнө жүзүндөгү эң мыкты билим берүү системалары айкындагандай,  мугалим реформалардын башкы фигуранты жана бардык өзгөрүүлөрдүн жигердүү катышуучусу болгондо гана, билим берүү системасында ишке ашырылып жаткан демилгелер ийгиликке жетет.

Ал эми мугалимдин иши окуучулардын ийгилиги аркылуу бааланат. Бул жагынан алганда, Кыргызстанда кесипкөй  мугалимдердин катары өсүп жатканы бизди кубантпай койбойт. Ага ар кандай деңгээлдеги олимпиадалардын жана окуучулардын акыркы жылдардагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын  жогорулашы далил.

Урматтуу кесиптештер, сиздер коомубуздун өзгөчө милдетин аткарып  жатасыздар, сиздердин бүгүнкү аракетиңиздерден Кыргызстандын келечеги, эртеңки тагдыры көз каранды. Ар дайым сиздердин жүрөгүңүздөрдө түбөлүккө мээримдүүлүк жана акылмандык орносун жана өз ишиңиздерге болгон сүйүү оту өчпөсүн.

Кымбаттуу жана ардактуу мугалимдер, сиздердин эң татаал, бирок эң маанилүү ишиңиздерде албан-албан ийгиликтерди, бакубаттуулукту каалайм.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер