ТОО КОЙНУНДАГЫ ШААРГА БИР ЖАРЫМ КЫЛЫМ БОЛДУ

  • 19.09.2018
  • 0

Теӊир-Тоонун койнунан орун алган Нарын шаары 1868-жылы негизделип, бир жарым кылымга созулган мезгил ичинде тарыхый жолду басып ɵттү. Эң алгач бийик тоолор арасында кайберен гана өткөн жалгыз аяк  жолдордо күрпүлдөп аккан дарыяны бойлой курулган аскер чеби совет доорунда өзүнчө өнүккөн тоолуу областтын борборуна айланып, XXI кылымдын башында экономикасы жана маданияты өр тарткан шаар катарында 150 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

ТОО КОЙНУНДАГЫ ШААРГА БИР ЖАРЫМ КЫЛЫМ БОЛДУ

1939-жылы Нарын шаары Нарын облусунун борбору болуп жарыяланып,  өзүнчө шаар катары өнүгүү планы иштелип чыгып, жаӊы типтеги турак үйлɵр, дүкɵндɵр, мекеме-уюмдар, ɵндүрүш ишканалары, ооруканалар салына баштаган.

2004-жылы Нарын шаарына мыйзамдын негизинде облустук маанидеги шаар катары ɵз алдынча башкаруу укугу берилип, шаарды социалдык-экономикалык ɵнүктүрүүгɵ ар тараптуу аракеттер кɵрүлүп, тоо койнундагы шаардын азыркы заманбап стилдеги турпаты жаралып олтурат.

“Мындан бир нече жыл мурунку шаар менен азыркы шаардын айырмасы айдан ачык көрүнүп турат. Жергиликтүү бийлик тиешелүү иш-аракеттери менен чоң секириктерди жасоодо. Облус башчысы катары менин ишмердүүлүгүм дагы аймактардын өсүп-өнүгүүсүнө жана ар бир жергиликтүү тургундун жашоо-шартынын жакшыруусуна арналат,-дейт КР өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов:

1903-жылы Нарында 870 адам жашаса, бүгүн анын калкынын саны 40 миӊге жетип, шаардын жалпы аянты 5040 гектарды түзɵт.

“Шаарыбыз жыл ɵткɵн сайын жаӊыланып, социалдык жана экономикалык жактан туруктуу ɵнүгүп келе жатат. Жаӊы имараттар, кɵп кабаттуу үйлɵр курулуп, элибиз эс алуучу сейил бактар пайда болуп, жолдор оӊдолуп, социалдык-маданий обьектилердин заманбап курулуштары бүткɵрүлүп, шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу багытындагы бир катар долбоорлор ишке ашып, чакан шаарыбызды ɵнүктүрүү, ирээтке келтирүү боюнча алгылыктуу аракеттер кɵрүлүүдɵ.   Улуу Жибек жолунун боюнан орун алган сүйүктүү кичи мекенибизде жылдан жылга жарандардын саны ɵсүп, жаӊы конуштар пайда болуп, канат-бутагы жайылып баратканы  кубандырат.   Нарын дарыясынын боюнан орун алып, даӊазалуу Теӊир Тоонун борбору болгон меймандос, ырыскылуу, кутман шаарыбыз келечекте туш тарабынан ɵнүгүп-ɵскɵн шаар болоорунда шек жок”,-дейт Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов.

Өткөн кылымдын отузунчу жылдары чехословакиялык атактуу журналист Юлиус Фучик Нарын шаарына сапарда болуп, бул шаардын келечеги жөнүндө “Тянь-Шанда Швейцариянын ажайып кооз өрөөндөрүндөгүдөй ажайып шаарлар өсүп чыгат. Аны менен катар азыркы кезде кайберен гана өтө алуучу жалгыз аяк жолдордун ордуна трассалар курулуп, санаторийлер, мектептер, клубдар, театрлар салынат”,-деп эң жаркын тилектерин айтып калтырып кеткен экен.  Бүгүн атактуу чех журналисттин айтканы төп келип отурат.

ТОО КОЙНУНДАГЫ ШААРГА БИР ЖАРЫМ КЫЛЫМ БОЛДУ

Нарындагы окуучулар көп кабаттуу, заманбап мектептерде окушат

Падышалык Россиянын убагында Нарын шаарында бир гана орус  тузем мектеби болсо, совет жылдарында билим берүү массалык жана масштабдуу түрдө өнүктү. 1937-жылы эки толук эмес орто жана бир башталгыч мектеп иштеп, 803 бала окуган, 24 мугалим болгон. Андан жарым кылым өткөндөн кийин 1986-1987-окуу жылында жалпы билим берүүчү мектептин саны тогузга жетип, 9863 окуучу билим алып, 589 мугалим эмгектенген. 12 мектепке чейинки билим берүү мекемеси болуп, мында 128 тарбиячы эмгектенип, 1856 бала тарбияланган.

Токсонунчу жылдардын башында  шаарда жалпы билим берүүчү 13 мектеп, 10 бала бакча, мектептен сырткары төрт мекеме, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору, музыкалык мектеп иштеген. М.Сыдыков атындагы мектеп физика, математика, гуманитардык багыттагы мектеп-гимназия болуп калды. У.Асанов атындагы мектеп химия, биология, көркөм кол өнөрчүлүк багытындагы облустук лицей болуп ачылды. В.П.Чкалов атындагы орто мектеби англис, немис тилдерин тереӊдетип окутуучу эксперименталдык мектепке айланды. Совет убагында Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Унгефухт жетектеп турганда бул мектептин атагы алыска кетип, андан Аскар Акаев, Роза Отунбаева сыяктуу болочоктоу мамлекеттик жетекчилер, президенттер жана башка даңктуу мамлекеттик, коомдук ишмерлер, окумуштуулар окуп өсүп чыкты.

1994-жылдан баштап кыргыз-түрк балдар лицейи ачылып натыйжалуу иштеп жатат. Нарын шаарынын мектептеринде иштеген 529 мугалимдин 506 жогорку билимдүү. Эки мугалим “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамына ээ болгон. 246 мугалим билим берүүнүн отличниктери.

ТОО КОЙНУНДАГЫ ШААРГА БИР ЖАРЫМ КЫЛЫМ БОЛДУ

Борбордук Азиядагы университеттин Нарындагы кампусу

Нарын шаарында медициналык окуу жайы, юридикалык колледж, №87 кесипчилик-лицейи бар. 1996-жылы шаарда биринчи жогорку окуу жай — Нарын мамлекеттик университети ачылган. Нарын педагогикалык окуу жайы педагогикалык колледжге кайра түзүлүп, НМУга өткөрүлгөн. Ал эми 2000-жылы ачылган биринчи эл аралык окуу жай — Борбордук Азия университети тоо койнундагы шаардын Улуу жибек жолундагы өзүнчө бир стратегиялык маанидеги регионалдык интеллектуалдык борборго айлануунун башталыш этабы болуп калды.

К. Чекиров

 

Алмаз Кулматов, Нарын шаарынын экс-мэри:

“Келечекте билимдин жана маданияттын чордону болот”

Ай менен Күндөн кут тамган ырыскылуу Нарын шаарынын намыскөй, кайраттуу жана нарктуу элин 150 жылдык маараке менен куттуктайм. Шаарды курчаган улуу тоолор, ак кар, көк муздан куралып, аралай аккан дайра, таза аба, катаал аба ырайы шаардын тургундарынын мүнөзүн калыптандырса, улам бир империянын тушундагы тагдыры шаардын келбетин аныктады.

Бир жарым кылым жаш Нарын шаары үчүн шарттуу курак. А чындыгында Улуу жибек жолунун боюндагы, ички Теӊир-Тоо багытындагы эӊ маанилүү жай катары Нарын шаары ондогон кылымдарды кучагына камтыган узак жана бай тарыхка ээ. Өткөн доорлордогу тарыхынан келе жаткан баалуу мурастарыбызды барктап, алынган сабактарды кийинки муундарга далилдүү жеткирүүгө тийишпиз.

Шаарыбыздын стратегиялык мааниси тереӊ экендигин биз туура түшүнүп, ага жараша мамиле жасообуз зарыл.

Нарын шаары облусттук борбордун милдетин аткарган административдик бирдик катары гана өнүгө турган чакан калктуу конуш эмес. Туристтик, логистикалык түйүн катары мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү, келечеги абдан кенен. Баарынан да шаардын өлкөбүздөгү жана Борбордук Азиядагы интеллектуалдык ролу шайкеш бааланып, келечекте билимдин жана маданияттын чордону болууга толук акысы жана шарты бар.

Нарыш шаарынын калкына шаардын мэри катары үзөӊгүлөштөрүм менен бирге кызмат кылганыма сыймыктанам. Шаарга кыла турган кызматыбыз, аткара турган милдетибиз баарыбыздын алдыбыздагы, эч кимибиз качпай турган озуйпа, башкаларга шылтабай турган милдет.

Нарын шаарынын тургундарын, Нарын шаардык мэриясын жана үзөӊгүлөштөрүмдү майрамы менен куттуктап, мааракенин ак жолтой болушуна тилектештигимди билдирем.

Шаар калкына бекем ынтымак, кечирип жаткан жашоосу ырыстуу, өтөп жаткан эмгектери үзүрлүү, бийик максаттарга карай узак жолу байсалдуу болушун каалайм.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер