КЫРГЫЗ МУЗЫКАЛЫК ПЕДАГОГИКАСЫНЫН АЙРЫМ ТЕОРИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРИ

  • 14.09.2018
  • 0

Кутман курак – 75

 

Редакциядан: Искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Дүйшалиев быйыл 75ке чыкты. Агайды кутман курагы менен куттуктап, бул макаласынан үзүндү жарыялап коюуну чечтик.

КЫРГЫЗ МУЗЫКАЛЫК ПЕДАГОГИКАСЫНЫН АЙРЫМ ТЕОРИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРИ 

Музыкалык окутуу процессин уюштуруу жана өткөрүү музыкалык билим берүү системасынын ажыратылгыс составдык бөлүгү. Жалпы максатка ылайык музыкалык окутуу эки түрдө жүргүзүлөт. Биринчи түрү – жалпы музыкалык билим берүү деп аталат. Экинчи түрү – атайын музыкалык билим берүү. Биринчисинде музыканы сүйүүчүлөрдү (калың элди) окутуу, экинчисинде кесипкөй адистерди, мисалы, композиторлорду жана музыка аткаруучуларды, ишке даярдап окутуу.

Музыкалык билим жана окутуу – бул тарыхый-коомдук категория. Ошондой эле анын эстетика менен түздөн-түз байланышы бар. Музыканы окутуу жаатында теориялык жана усулдук маселелер орчундуу орунду ээлейт. Бул айтылган окутуунун эки тармагы бири-бири менен өтө тыгыз байланыштуу, бирок экөөнүн өз-өзүнө тиешелүү маселелери бар.

 

Музыка жана музыкалык педагогика

 

Музыка көпчүлүк эл жана таланттуу авторлор тарабынан жаралат эмеспи. Бул жөнүндө улуу орус композитору Михаил Иванович Глинка өз убагында: “Музыканы эл жаратат, биз болсок, композиторлор аны аранжировкалап эле коёбуз”, — деп таамай айткан.

Музыка – көп тармактуу кенен өнүккөн чыгармачылык иш. Ал талыкпаган эмгек менен жаралат. Биздеги ушундай руханий ийгиликтердин жетишүүсүндө музыкалык окутуу процесси Совет мезгилинде жакшы жолго коюлуп музыкалык педагогиканын калыптанышында өзүнчө роль ойноду. Музыканы жаратуучулар жана аткаруучулар менен кошо музыкалык педагогдор көбөйдү. Сабактын өтүлүшүнүн эффективдүүлүгүн, сапаттуулугун камсыз кылыш үчүн окутуучунун тили так, түшүнүктүү, популярдуу, технологиялык жактан даана көрсөтмөлүү болушу керек. Педагогдун сабак өтүү методикасы төмөндөгүдөй принциптер менен мүнөздөлүшү абзел:

1) окутуунун илимийлик принциби; 2) окутуунун системалуулук принциби;

3) окутуунун ынандыруучулук принциби; 4) окутуунун демократиялуулук принциби; 5) окутуунун аксиологиялык принциби.

Картинки по запросу кыргыз музыкасы

Музыканттарды окутуу системасынын спецификасы

Искусствонун башка түрлөрүндөгүдөй эле, музыкадан окутуу ишинде объективдүү жана субъективдүү мыйзам ченемдери болот. Музыкалык педагогикада бул айрыкча маанилүү. Адамдарды, алардын ичинде ар кандай жаштагы социалдык катмарларды, айталы, бала бакчага баргандарды, мектеп окуучуларын, студенттерди тарбиялап, инсандык сапаттарга ээ кылып даярдоонун өзгөчөлүктөрү бар.

Музыкалык искусствосунун табиятына, структуралык өзгөчөлүгүнө байланыштуу музыканттарды окутуу өзүнчө спецификалык мүнөзгө ээ. Аларды окутуу процессинде музыкалык шык, музыкалык угум (слух), музыкалык ыргактык (ритм), музыкалык эстөө (эстем, память) жөндөмдөрүн өстүрүп, өрчүтүп туруу окуучулардын да, окутуучулардын да милдети.

Музыканттарды окутуунун бир айырмачылыгы музыкалык кесипти аркалап алган окуучуларды окутуп жаткан мекемелердин, мектеп жана студиялардын, училища, колледж, консерваториянын, маданият жана искусство универститеттин, Бишкек, Ош педагогикалык университеттердин окуу пландарында топтук жана жеке (индивидуалдык) сабактар индивидуалдык түрдө окутуу көбүрөөк болгондугуна байланышкан. Спецификалуулугунун дагы бир себеби, адистиктердин көптүгүнө, ар бир аспапчы, ар бир ырчы студент менен индивидуалдык сабактардын өз-өзүнчө өтүлүшү музыкалык искусствосунун педагогикалык жана методикалык мыйзам ченемдерине дал келет, ылайыкталат.

Адам өмүр бою окуп билим алышы керек. Бул акылмандардын сөзү. Окуу жана окутуу процессинде адамдын дүйнөгө көз карашы, жөндөмдүүлүгү, руханий сапаты калыптанат, өсөт. Студенттердин ар тараптуу өнүгүп турушу анын индивидуалдык өзгөчөлүгүн, таланттык, касиетин жеке өзү ачып берүүгө, коомдун алдында көрсөтүп далилдеп турууга алып келиши менен аныкталат. Окуучунун активдүүлүгүнүн деңгээли анын сезимталдык, таанып билүүчүлүк шыгына жараша болот эмеспи.

 

Музыканттарды окутуунун методикасы жана педагогикалык принциптери

Музыканттарды окутуунун негизги теориялык жана методикалык мыйзам ченемдеринин бири – сабак өтүүнүн принциптери. Музыкалык предметтердин максаттарына жана милдеттерине ылайык окутуу процессинде педагог менен окуучунун таанып-билүүсүн натыйжалуу уюштуруу керек.

Окутуу — бул адамдын ишмердигинин эбин, билгичтигин, көндүмүн, билим алышын камсыз кылыш үчүн жүргүзүлгөн иш-жүрүм. Адамды турмуш тиричиликке жана адис болууга даярдоочу башкы каражат. Окутуунун жүрүшүндө билим берүүнүн, тарбиялоонун максаттары өкмөттүн көрсөтмөлөрүнө ылайык окутуучулардын иш-аракеттери аркылуу жүзөгө ашырылат. Билим берүүнүн башка жолу ар кандай типтеги, деңгээлдеги окуу жайларда, үй-бүлөдө, жумушта, тиричиликте, коомдук тармактарда ишке ашат.

Окутуунун мазмуну жана өндүрүмдүүлүгу коомдун, өлкөнүн материалдык, маданий өнүгүшүнүн деңгээли менен да аныкталат. Заманга жараша окутуунун методдору, ыкма-каражаттары окуучулардын мүмкүнчүлүгүнө, жеке керектөөлөрүнө жараша өзгөрүп турат. Кесипкөйлүк окутуунун мазмуну жана уюштуруу формалары окуучулардын максаттуулугуна, мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкталып, алардын жаш курагын эске алуу менен түзүлөт.

Мектеп жашындагы окуучулар музыкалык билимдин баштапкы (элементардык) теориясын эң алды менен сабаттуу болуш үчүн музыканын алиппеси эсептелген жети нотанын аттарын жатташып, сольфеджио сабагынан жети нотаны ырдап үйрөнүшсө, орто жана жогору окуу жайларда музыканын бийик материяларын, философиясын окутушат. Кесипкөйлүк окутуунун форматы жана уюштурулушу төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт: топтук сабак жана анын интеративдик, корпоративдик түрлөрү, индивидуалдык сабак, доклад жазуу жана окуу, реферат жазуу жана аны кафедрада айтып берүү, илимий-практикалык конференцияларга, тегерек столдорго катышуу ж.б.

 

Музыкант-педагогдун жеке форматта окутуу методикасы

Музыкант-педагогдун жеке форматта окутуу ишиндеги эң негизги жоопкерчилигинин бири – «эмнеге жана эмне үчүн окутуу керек?» деген суроо талапка жооп берилиши. Ушул суроо боюнча профессионалдык музыкант-аткаруучуларды даярдоо маселесине токтолуу талапка ылайыктуу.

Жалпылап айтсак музыкалык окуу жайларда музыкалык аткаруучулук сабактары боюнча негизинен эки методикалык ыкмалар колдонулат. Биринчисинин максаты — чыгарманын авторунун идеясын таап ноталык текстти сабаттуулук менен окуу. Экинчисинин максаты – техникасын, башкача айтканда аткаруучу ноталарды окугандан чыккан ой-сезимди сүрөттөп, чагылдырып берүү. Бул методикалык мамиленин экөө тең маанилүү жана керек. Бирок булар менен эле чектелип калбаш керек. Анткени чектеп койсок окуучуларды жаман көндүрүп өмүр бою «түбөлүк окуучу» кыялын адатка айлантып жиберишибиз ажеп эмес. Мындай жолго барбаш үчүн окуучуга өз учурунда сабак берип жатканда дароо жеке аткаруучулук өз алдынчалуулугун сезип, байкап окутуу зарыл.

Жеке аткаруучулук өз алдынчалуулук – бул чыгарманы өзү интерпретациялоо, чыгармачылыгынын өздүк аткаруучулук идеясын жаратуу, чыгарманын үстүндө өз алдынча иштөө. Өз алдынча интерпретациялоодо үйрөтүүнүн методикасы боюнча окутуучулардын көпчүлүгү ноталык тексти окуучулардын туура окуп түшүнүшү жетиштүү болот дешет. Эң башында ноталык текст, андан соң анын интерпретациясы болсун деп айтышат. Андай болгондо окуучу чыгарма менен иштөө учурунда өз алдынча ой жүгүртүүсү кийинки планга калтырылышы мүмкүн. Биздин оюбуз боюнча аткаруучунун өз алдынчалуулугу дайыма биринчи планда болушу дурус.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер