КЫРГЫЗГА ТҮРКТҮН ЖӨТӨЛҮ КЕРЕКПИ?

  • 13.09.2018
  • 0

(Автордон: Бул макаланы жайында «Азаттык» радиосунун сайтына жарыялаган элем. Ушул аптада Түркиянын биздеги элчиси «Сапат» мектептеринин мүлкүн алып, жаңыдан ачууга Анкара сунуштап жаткан «Мааариф» мектептерине өткөрүп берүүнү талап кылгандыгына байланыштуу макаланы айрым толуктоолор менен кайра жарыялоону туура таптым)

«Сапат» (мурдагы «Себат») мектептерин жапкыла деген Түркиянын талабы кыргыз коомчулугунда эмне үчүн колдоо тапкан жок?

КЫРГЫЗГА ТҮРКТҮН ЖӨТӨЛҮ КЕРЕКПИ?

Ишеним жана «кыйгыл-даамдуу» таалим

90-жылдардан бери Кыргызстанда ачылган «Себат» лицейлерин башында Түркиянын расмий бийлиги жактырып, каржылык жактан көмөктөшкүлө деп ишкерлерин да үндөп келген. Башка мусулман калктуу өлкөлөргө салыштырмалуу диний саясаты фанатизмден эркин, жалпы маданияты да европалык деңгээлге жакын деп түрктөргө кыргыз өкмөтү да ишеним көргөзгөн. Ар кандай оош-кыйыштарга (көбүнчө жасалма түрдө козутулган ызы-чууларга) карабай, бул лицейлерден окуган балдардын үмүтү акталды дешет ата-энелер. Акчасын батыра албаган байлар же мансаптан көзүн май баскан «чоңдор» эле эмес, орто оокаттуу, бар мүлкүн карандай эмгек, ишкердик менен тапкандар да балдарын түрк лицейлерине ишенип бергенин коё элек.

Бул лицейлерге балдарды аскердегидей катуу кармайт, намазга жыгат, окутуу акысы кымбат, окуучулары орус тилин жакшы билбейт ж.б.у.с. деген дооматтар көп айтылган. Бир жолу катары менен бир нече гезит сындаганда, ошол редакциялардын өкүлдөрү менен кошо мен да «Себаттын» Бишкектеги Айнек заводуна жакын Широкая көчөсүндө жайгашкан мектебине, анан «Айчүрөк» кыздар мектебине барып, окуучулары, мугалимдери менен сүйлөшкөнбүз, жатакана, ашкана, окуу класстары ж.б. жайларын көргөнбүз. Башка мектептердегиге караганда тартиптин катуулугун түрк мугалимдер танышкан жок, «биздин тарбиялык тутумду кыйгыл-даамдуу (вкусно-кислая) педагогика десе болот» деген эле бир деректирдин орун басары. Намазга да окуучуларды кыстабайбыз, бирок каалоочулар сабактан бош убактысында окуй берсе болот дешкен (кийин бул темада дооматтар анча айтылбай калды).

Атайылап уюштурулгандай каралоо акциялары маал-маалы менен кайталанып турса да, түрк лицейлеринин кадыр-баркына дээрлик эч кандай таасир тийгизе алган жок. Анткени булардын окуучулары жыл сайын республикалык эле эмес, эл аралык да олимпиадаларда жеңип, Кыргызстандын желегин желбиретип турушту.

Мекенчилдик таалими

Кайсы бир жылы окуучулардын республикалык олимпиадасынын жабылыш аземи дал ушул Широкая көчөсүндөгү лицейде өткөрүлгөндө катышып калдым эле. Кыргызстандын Гимни жаңырганда, башка мектептерден келген балдардын дээрлик баары Жогорку Кеңештин кап курсак депутаттарын туурагандай мелтейип, бир гана түрк лицейлеринин окуучулары коштоп ырдап турушту!

Түркиянын азыркы бийлиги мурдагыдай «Себатты» колдомок түгүл Гуленге таандык деп жаптырганга аракеттенип келет. Айрыкча соңку жылдарда жапкыла эле жапкыла деп талап кыла бергенден кийин, былтыр аталышын «Сапат» деп өзгөртүп, тескөө, окутуу мазмунун көзөмөлдөө иш-милдетин толугу менен кыргыз тарап өзүнө алды. (Негизи, Кыргызстанда иш жүргүзгөн бир дагы билим, диний ж.б. мекеме мамлекеттик жана коомдук көзөмөлдөн тышкары калбашы керек!).

Мына жакында Түркиянын өкмөтү биздеги элчиси аркылуу баягы талапты кайталап, эми «Сапаттын» ордуна арзаныраак окута турган башка лицейлерди ачып берүүнү убада кылыптыр. Эмнеге жаңысын ачуу үчүн мурдагысын жабуу керек? Түркиянын бюджетинен бир тыйын албай, каржылык да, уюштуруучулук да жактан өзүн-өзү актап келаткан, мезгил сыноосунан жакшы өткөн «Сапатты» жаптырбай эле, ага атаандаш, эгер мүмкүнчүлүгү болсо, андан да мыкты билим бергидей лицей тутумун сунуш кылсын түрк тарап. Болбосо, биздин мамлекеттин ички ишине кийлигишкенди койсун!

Айтмакчы, «Сапатка» альтернатив катары сунушталып жаткан «Маариф» фондунун мектептеринде диний билимге көбүрөөк басым жасалат экен деген маалымат бар. Эгер бул чын болсо, кыргыз тарап өтө кыраакы мамиле жасашы керек: башка өлкө каржылаган же тескеген жаңы лицейлерди бизде ачууга уруксат берилсе, билим мазмуну, айрыкча диний, идеологиялык мүдөөсү катуу көзөмөлгө алынышы зарыл – тийиштүү келишимдерде баары кылдат, так белгилениши кажет.

КЫРГЫЗГА ТҮРКТҮН ЖӨТӨЛҮ КЕРЕКПИ?

Гуленчи-эрдоганчы болуп бөлүнүшүбүз керекпи?

Тилекке каршы, соңку жылдарда утурумдук саясаттын, мунун ичинен геосаясаттын чаң-тозоңу адамдардын аң-сезимин ууктуруп бараткансыйт. Кыргызды теңирчил-исламчыл, батышчыл-чыгышчыл, америкачыл-орусчул ж.б. кылып жиктегенге урунган күчтөр чыкты. Атүгүл Сириядагы кандыбулоонго салганга далбаса кылгандар бар. Сирия демекчи, ал жакка учкан Россиянын аскер учагын Түркиянын зенитчилери атып түшүргөндө, орустардан озунуп кыйкырып чыга калып, кийин уятка калды эле го биздин экс-ажо, Эрдоган менен Путин кайра тил табышып кеткенде.

Биз бардык мамлекеттер менен дипломатиялык сый мамилени сакташыбыз кажет. Ырас, жакыныраактары менен көбүрөөк алака кылабыз, алысыраактагыларга аз каттайбыз. Бирок башкалардын өз ара жана ич ара чырдашуу-элдешүүсүнө өтө эле аралаша берген жарабайт (90-жылдардагы Тажикстандай болуп жарандык араздашуубузду токтотконго жардам бергиле деп данакерликке чакырса, мунун жөнү такыр башка).

Жакында бир депутат Россияга жасалган санкцияларга жооп кылып биз да Американын товарларынан баш тартышыбыз керек дегендей «демилге» көтөрүптүр. Эмне, ушинткиле деп ВВП суранып жатабы? Керек болсо Россиянын өзү санкцияга жооп ишаарат иретинде Европадан ташылган жашылчаны эмоциянын эпкини менен төктүрүп жок кылса да, немистер чыгарган машинелерден, америкалыктар түзгөн маалымат технологияларынан, компьютердик программалардан, интернеттен баш тарткан жок! Менимче, ири державалардын тирешүүсүнө биздей чакан өлкөлөр кийлигишпей, колунан келишинче калыс эле позицияны тутунганы оң.

Ооба, азыр Режеп Тайип Эрдоган ооматы келип, саясий атаандаштарын талкалап, тамагын жасай жөтөлүшү да арстандын күркүрөшүндөй угулуп, исламдын башкы коргоочусунун соотун жамынган кези, мусулмандарды кыспагыла деп бирде Кытайга, бирде Европа  өлкөлөрүнө айбат көрсөтүп турган чагы. Балким, анын дымагын азыркы Түркиянын экономикалык, аскердик күч-кубаты, геосаясий оюндардагы утурумдук таасирдүү орду көтөрүп жаткандыр. Бирок эртең жагдай кандай өзгөрүп кетерин эч ким билбейт. Бул кишинин бийлиги узак жылдар бою темирдей бекем сакталышы ыктымал; тескерисинче, жакынкы беш-он жылда түрк эли бийликти алмаштырып коюшу да мүмкүн. Эмнеси болсо да, бул түрк туугандардын ички иши, буга биз эч аралашпообуз керек. Андан көрө өзүбүздөгү маселелерди ар тараптуу, сергек карап чечишти ойлойлу.

Соңку сөз

«Сапат» (мурдагы «Себат») мектептеринин мүлкүн алып, жаңыдан ачууга Анкара сунуштап жаткан «Маариф» мектептерине өткөрүп берүүнү талап кылууга Түркиянын акысы барбы? Жок. Анткени бул лицейлердин түптөлүшү үчүн Кыргызстан каржылык жактан да, уюштуруучулук жактан да өтө зор иштерди ырааттуу жүргүзгөн. Биринчиден, булар үчүн жер тилкелерин, имараттарды ажыратып берген. Биздин балдарды окутуу акысы республикада эң кымбат экенине карабастан ата-энелер дайыма үзгүлтүксүз төлөп турган. Ошондуктан «Себат» балдарга мыкты билим бергенден тышкары, материалдык-техникалык абалын жакшыртып,  имараттарды утурумдук, капиталдык оңдоо, кошумча имараттарды куруу мүмкүнчүлүгүнө да жетишип келген.

Бул лицейлер «Сапат» болуп аты өзгөргөнгө чейин эле заты нукура кыргыз мектеби болуп калган. Буларды тим коюп, өзүңөр сунуштап жаткан «Маариф» мектептерин альтернатив негизде эле ача бергиле дегенге ынанбай, «Сапаттын» мүлкүн тартып алууга аракеттенип жатышат. Демек, «Маарифчилердин» түпкү максаты биздин балдарга заманбап билим берүү эмес, «Сапатты» жок кылуу окшойт…

Биздин Өкмөт, Билим берүү жана илим министрлиги мындай талапка эч макул болбошу керек. Эгер эки мамлекеттин ортосунда достук мамиле мындан ары да сакталып, өнүгө беришин кааласа, түрк тарап өздөрүнүн ички саясий талаш-тартышын бизге жайылтпашы, биздин республиканын билим берүү саясатына кийлигишпеши кажет.

Жолдош Турдубаев, публицист

Бөлүшүү

Комментарийлер