БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ «САПАТ» МЕКЕМЕСИ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРДИ

  • 11.09.2018
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш алып барып жаткан аралаш менчик түрүндөгү мекеме экенин билдирди. 

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ «САПАТ» МЕКЕМЕСИ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРДИ

«Сапатты» кайра түзүү же анын мүлктү өткөрүп берүү боюнча чечим уставга ылайык негиздөөчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынат. Негиздөөчүлөрдүн курамына Кыргызстандын жарандары жана КР Билим берүү жана илим министрлиги кирет.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Түркиянын “Маариф” фондунун ортосундагы кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга ылайык, “Маариф” фондунун ишмердиги тууралуу өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдоо боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлгөн. Келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет, документ ратификациядан өтүшү керек.

Бөлүшүү

Комментарийлер