КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДООГО ОН КЕҢЕШ

  • 16.07.2018
  • 0

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДООГО ОН КЕҢЕШ

Кесипти чоң, кичине, жакшы, жаман деп бөлүүгө мүмкүн эмес, кесипке үйрөтүүчүлөрдү дагы алгачкы, баштапкы, негизги, орто, жогорку деп бөлүү жарабайт. Өзү сүйгөн кесибинин устаты, чыныгы ээси болуп чыгуу үчүн кесип тандоодон баштап, өнөргө үйрөнүү жана үзүрлүү талыкпаган эмгек гана адамды ийгиликке жеткирет. Максат — кесипти туура тандоодон мурда ошол кесипти аркалап кетүүдөн ийгиликке жетүү, муктаждыктарын чече билүүсүндө турат. Көп иштеп аз акча тапкыча, аз иштеп көп акча тапкан жумуштар бар. Бирок аны өздөштүрүп кетүү колдон келеби? “Алыңа ченеп иш кыл, жылкыңа ченеп ышкыр”-дегендей, чоң кызматкер болом дебей дыйканчылыктан, мал чарбасынан баар таап жашагандар арбын.  Төрт жыл мурун автослесарды бүткөн жигит келди. “Баягы сиз айткандарды жакшы үйрөнүп албай, ар кайсы кесипте чайналдым, агай”, — деди. Баарлаштык, темир ширетүүнү бир аз өздөштүрүптүр. Лицейден кайра окууга көңүлү бар экен. Жакшы ойлонбой туруп кесипке билим алгандар да бар. Бир жигит үч жыл электриктин кесибинен билим алды. Кийин бир кафеде официант болуп жүргөнүн көрдүм, технологго кетип калбай деп өкүндү. Электрик боло албаптыр, көрсө практика  учурунда кафелерде иштөөчү экен. Мына, кесипти туура тандап, жаш кезинде өздөштүрүп албагандык жана кеткен убакыт.

Чыныгы кесипкөй адам Мекенинин патриоту

Кесип — өлкөнүн гүлдөп өнүгүүсүнүн эң орчундуу булагы. Өлкөнү кесипкөйлөр өнүктүрөт. Бир эле тармактагы өксүк, сөзсүз өнүгүүнү басаңдатып, терс таасирин тийгизет, ийгиликтин ачкычы өнөр. Кесипкөй адамдар арбын жана алардын алгылыктуу иштери өлкөнүн өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизип жаткан болсо кантип мамлекет өнүкпөсүн. Кесипкөй адамдар калкты жакшы жашоого алып баруучу зор күч. Кесипти  туура  тандоого багыт берүүнү ишке ашыруу сыяктуу эле, кесипке үйрөтүү да татаал.

Ынануу  менен кесип тандоо — ийгиликтүү келечек!

Кесип тандоо – биздин тагдырды аныктай турган өтө жооптуу бирден-бир чечим. Буга абдан  көңүл буруу менен кароо абзел. Кесипти эң туура тандоо үчүн  сиздин кесипке болгон кызыгууңуз жана ийкемдүүлүгүңүз кандай,    бул каалооңуз. Экинчиден, Сиздин кесипкөйлүүлүк жакшы сапатыңызды баалаңыз: жыйынтыгында Сиздин кесиптик жарамдуулугуңузду жана мүмкүнчүлүгүңүздү аныктай турган ден-соолук, квалификация жана жөндөмдүүлүгүңүз кандай, бул жасай алууңуз. Үчүнчүдөн, эмгек рыногунда кандай кесиптерге суроо-талаптар барлыгын билүү, алардын кайсылары келечектүү, бүгүнкү күндө коомго эмне керек жана окуп алсаңыз өздөштүрүп кетесизби?

  1. Адамдын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү, каалоолору жана эмгек рыногунун талаптары дал келбейт. Ишке кызыкпаган адамдын келечеги жок. Эч кимге кереги жокту жасайм деп жасай албаган адамды аёого гана болот. Кесиптик ишти аткаруу үчүн шык билимдин кээ бир бөлүктөрү гана болуп, ал эми ишке кызыгуусу жана жөндөмдүүлүгү жок болсо, анда мындай адамдын пайдалуулугунун кайтарымы үчтөн бирди гана түзөт. Ишине канааттануу жокко эсе.
  2. Толук дал келүү болбосо дагы, үч шарт менен жакындашууну табууга болот. Жөндөмдүүлүктүн өзгөчөлүктөрүн жогорулатуу менен жетиштүү болууга мүмкүн. Канчалык кесипкөйлүүлүк жогору болгон сайын, ошончолук ишке орношуу мүмкүнчүлүгү да жогорулайт. Эгер кесипке кызыгуу жок болсо, анда пайдалуулуктун кайтарымы үчтөн эки гана болот.
  3. Эгер кесипти тандоо ийгиликтүү болсо, адам жакшы иштейт, ишине канааттанат жана ар дайым керек болот. Мындай адамдын иш аракетинин кайтарымдуулугу өтө жогору жана бардык үчтөн-үчтү, толук канааттанууну камтыйт.

Кесипти тандоодо ар бир жашоого жаңы кадам таштаган жаштар үчүн:

  1. Өзүңдүн кызыгууңду талдоо менен, жөндөмдүүлүгүңдү, ийкемдүүлүгүңдү жана алыңдын жетишине ишенүүң керек.
  2. Бил: Кандай кесиптер талап кылынууда? Бул жумуштун өзгөчөлүгү эмнеде? Ишке орношуу мүмкүнчүлүгү кандай? Айлыгы кандай?
  3. Окуп үйрөнгөн кесиптик шыгыңды өзүңдүн мүмкүнчүлүктөрүң менен салыштыр, ата-энең, окутуучуларың, досторуң менен кеңеш.
  4. Өзүңдүн көңүлүңө көбүрөөк жаккан кесипти танда.
  5. Кошумча да вариантты (үч кесипке чейин) ала жүр. Эгер бул кесиптерди да өздөштүрүп кетүүгө мүмкүнчүлүгүң бар болсо.

Учурда кесиптин түрү көп, ар бири адамдын өзүнө ылайык талаптардын болушун камтыйт. Кээ бир кесиптер адамда күч жана ийкемдүүлүктү, башкалары — ыкчамдыкты, үчүнчүлөрү — олтуруп иштөөгө чыдамдуулукту жана тыкандыкты талап кылат.

  1. Кесиптин “адам-адам” түрү жумуш адамдар менен иштөөгө багытталган жана элдер менен пикир алышууну сунуштайт. Булар мугалим, дарыгер, сатып алуучулар менен иштегендер, кеңсе башчы, чач-тарач ж. б. Тааныбаган адамдар менен тез сүйлөшүп кете алсаңыз, ар кандай пикир келишпестиктерден алыс болууга жетишсеңиз бул кесиптер ылайыктуу болот.
  2. Кесиптин “адам-жаратылыш” түрү жандуу жаратылыштын арасы менен байланышкан. Жаратылышты жана жаныбарларды абдан сүйүү керек. Кесиптин “адам-жаратылыш” түрүнө мал догдур, агроном, бакчачы, эколог, балчы, малчы, тракторист ж.б. кирет.
  3. Эгер Сиз өзүңүздүн жашоону техникасыз жана ар түрдүү жабдууларсыз элестете албасаңыз, кесиптин “адам-техника” түрүн тандоого токтолуңуз. Бул түрдөгү кесиптин ээлерине техника жайларында жана алардын түзүлүштөрүн үйрөнүүчү иштерге арналат жана тактык, өтө тартиптүүлүк жана жоопкерчилик талап кылынат. Мындай кесиптерге автомеханиктер, кыш кыноочулар, токарлар, электромонтёрлор, инженерлер, айдоочулар, архитекторлор, конструкторлор, системанын администраторлору ж.б. кирет.
  4. «Адам-тааныш чөйрө” алдыңкы түрү менен окшош, бирок бир катар өзгөчөлүктөрү бар. Мындай учурлардагы иштер маалыматтарды иштеп чыгууга багытталган, ал белгилер, сандар жана формулалар түрүндө көрсөтүлөт. Эгерде сизге мындай иш аракет көңүлүңүзгө жакса, тартынбастан программист, логист, эсепчи, финансист, аналитик кесибин тандаңыз.
  5. Эгерде чыгармачыл адам болсоңуз “адам-көркөм образ” түрүндөгү кесип ылайыктуу. Бул түрдөгү кесиптегилер мейли көркөм өнөр, мейли музыка, мейли сүрөтчү, артист, ырчы, акын, скульптор, дирижёр, дизайнер ж.б. кирет.

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДООГО ОН КЕҢЕШ

Эгемберди УСУПОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер