ЕВРОБИРИМДИК-ЮНИСЕФ: МИГРАЦИЯДАН ЖАБЫР ТАРТКАН БАЛДАРДЫ БИРГЕ КОРГОЙЛУ

  • 05.07.2018
  • 0

Европа Биримдиги (ЕБ) жана ЮНИСЕФ Түштүк-Чыгыш, Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да, миграциядан жабыр тарткан балдарды коргоо боюнча жаңы программаны ишке киргизүүдө. Жакынкы үч жыл аралыгында, миграциядан жабыр тарткан балдарга, анын ичинде миграцияга дуушар болгон жана үй-бүлөлөрү жѳнүңдѳ кам көрүү үчүн жакшыраак экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү издеп миграцияга кеткен ата-энелери тарабынан үйүндѳ калтырылган балдарга жардам кѳрсѳтүлѳт.

 

ЕБ 42 айга созулуучу бул программаны ишке ашыруу үчүн 800 000 евро бөлүп берет. Программанын башталышы жѳнүндѳгү сѳзүндѳ Кыргыз Республикасындагы ЕБ Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Шарлотта Адриан мындай деди:

 

«Биз көп учурда ата-энесиз өсүүгѳ аргасыз болгон балдарга миграция кандай таасир этээрин жана ал, чынында эле, балдардын билим алуусуна, өнүгүүсүнѳ жана келечегине таасирин тийгизээрин билебиз. Ошондуктан, биз миграциянын балдарга тийгизген терс таасирин азайтуу жана алардын укуктарын коргоону жакшы камсыз кылуу максатында ЮНИСЕФ менен күч-аракеттерибизди бириктирип жатабыз».

 

«Миграциядан жабыркаган балдар көп учурда коомдон четке түртүлүп калышат. Алар маанилүү кызматтарды алууда кыйынчылыктарга учурап, зордук-зомбулукка, эксплуатацияга жана катаал мамилеге дуушар болушат. ЮНИСЕФ Кыргызстанда калтырылып кеткен балдарды жакшыраак коргоону камсыз кылууга жардам берген бул кең пейил салымы үчүн ЕБга ыраазычылык билдирет» — деди Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлү Юкие Мокуо.

 

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы балдардын 11 пайызы – 259 миңге жакын адам — чет өлкөгө кеткен ата-энесинин биринин же экѳѳнүн тең кароосусуз калган. Ата-энесинин жоктугу бир катар психологиялык жана социалдык кыйынчылыктарды жаратып, балдарды бош убакыттан ажыратып, оор жумуштарды аткарууга мажбурлап, мектептеги сабактарына катышпай калуусуна өбөлгө түзѳт. Ички мигранттардын балдарынын көбү Бишкектин чет жакаларында ѳмүр үчүн кооптуу үйлөрдө жашашат, алардын медициналык жана билим берүү кызматтары менен социалдык жѳлѳкпулдарды алуу мүмкүнчүлүктѳрү чектелген.

 

«Миграция маанилүү болгон акча которуулардын агылып кирүүсү үчүн мүмкүнчүлүк болуп эсептелет, бирок биз мекенинде калтырылып кеткен балдардын социалдык жоготууларын да эске алуубуз керек» — дейт Люсио Валерио Сарандреа, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы ѳкүлчүлүгүнүн балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы. «ЮНИСЕФ,  мамлекеттик органдардын, улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык, миграциядан жабыр тарткан балдарга натыйжалуу жардам берүүлѳрү үчүн зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр» -деп кошумчалады ал.

 

ЕБ жана ЮНИСЕФтин биргелешкен программасы миграциядан жабыр тарткан балдарды аныктоо жана багыттоо, о.э. аялуу балдарга жардам берүү жана чек ара пункттарында балдарга жагымдуу жол-жоболорду колдонуу маселелерине адистерди жана мамлекеттик органдарды үйрөтүү аркылуу балдарды коргоонун улуттук системасын бекемдөөгѳ жардам берет. Бул балдардын жана үй-бүлөлөрдүн социалдык жана юридикалык жардам, психологиялык колдоо жана психосоциалдык жардам алуу мүмкүндүгүн түзүү менен туулгандыгын каттоо жана ата-энелик милдеттерин аткарууда колдоону камсыз кылат.

 

ЮНИСЕФ, асыроочу үй-бүлөнүн жана туугандардын карамагы сыяктуу кам кѳрүүнүн альтернативдүү түрлѳрүн бекемдөө боюнча да мамлекеттик органдар менен иш алып барат. «Туугандардын жана асыроочулардын кам кѳрүүсүн камсыз кылган ойлонуштурулган система мигрант эта-эненери тарабынан калтырылып кеткен балдардын зордук-зомбулукка дуушар болуу ыктымалдыгын азайтат. ЮНИСЕФ ошондой эле балдардын жарансыздыгына байланышкан маселелерди чечүүгө жана чек аралар тарабынан ажыратылып калган үй-бүлө мүчүлѳрүнүн дарегин аныктоо жана алардын кайра биригүүсү үчүн маалымат бөлүшүү системаларын түптѳѳгѳ жана бекемдѳѳгѳ жардам берет» — деп түшүндүрдү Люсио Валерио Сарандреа, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы ѳкүлчүлүгүнүн балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы.

 

Бул жаңы программа ошондой эле Азия ѳлкѳлѳрүндѳгү миграциядан жабыр тарткан балдардын санын, ал балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өзгөчө муктаждыктарын, ошондой эле алар туш болгон кѳйгѳйлѳрдү жакшыраак түшүнүү үчүн маалыматтарды жана далилдерди чогултуу мүмкүнчүлүгүн берет.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер