ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

  • 24.04.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги, И.Арабаев атындагы КМУ жана «Ыйык Ата журт» жаштар фондусунун колдоосу менен өткөн «Заманбап педагогикалык билим берүүнүн жана илимдин  теориялык жана методологиялык көйгөйлөрү» аттуу эл аралык симпозиум И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика  кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор, Орусиянын Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, этнопедагог Айчүрөк Калдыбаеванын 60 жылдык мааракесине арналды. Симпозиумга 331 доклад кабыл алынып, анын 59 артка кайтарылган.

ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Симпозиумду И.Арабаев атындагы КМУнун проректору Т.Коңурбаев ачып, ириде сөздү окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахмановго берди.

  • Уюштуруучулар абдан түйшүктүү, узакка созулган ишти аткарышты. Ар тараптуу, иштерге бай, мол нерселер жасалды. Кут даарып, ынтымак конгон, уюган И.Арабаев атындагы КМУда дагы бир чоң окуя болуп атат. Биздин эле университеттин эмес, бүтүндөй Кыргызстан, керек болсо Орто Азияга аттын кашкасындай белгилүү педагог-окумуштуу, көп кырдуу инсан Айчүрөк Токтополотовнанын 60 жылдык юбилейлик мааракесине ушул иш-чара арналды. Айчүрөк Токтополотовнанын диапозону кең, көп кырдуу, көп нерселерди чартараптуу карай жана ала жүргөн  адам. Географиялык масштабды алсак дагы, ал Казакстан, Россия, Кыргызстандын бүт облустарын, жаш-кары дебей баарын бирдей ала билет. Педагогикалык эле майданда эмес, илим, адамгерчилик майданында дагы, гуманитардык иштерде дагы  чоң иштерди алып барып жаткан киши. Кыргыздын нарк-насилдүү кыздарынын бири катары, мыкты үй-бүлөнү алып келаткан инсан. Келечекте мамлекетке, элге кызмат өтөй турган татыктуу балдарды тарбиялады. Университеттин, ректораттын атынан дагы бир ирээт куттук айтып, 60 жаш — эми гана сонун өмүр сересине жетип, илим боюнча, мугалимдик боюнча, үй-бүлөлүк боюнча эми чачылып берейин деп турган учур. “Кастарлап турса кең бекен, Каныкей болуш эмне экен, Ардактан турса кең бекен, Айчүрөк болуш эмне экен” дегендей, Айчүрөк Токтополотовнаны университетибиз кастарлап, бапестеп студент кезинен баштап  окутуп, кандидаттыгын, докторлугун корготуп, профессорлукка чейин жеткирди,
  • деди ректор.

Андан соң ал университеттин, ректораттын атынан белектерди тапшырып, И.Арабаев атындагы КМУнун акыркы, эң жогорку инстанциядагы сыйлыгы «Эмгек сиңирген  илими бийиктиги» деген медалды тапшырды.

Ал эми  «Ыйык Ата журт» жаштар коомунун башкы директору Акылбек Эргешов өз сөзүндө, ал жетектеген фонд  2007-жылдан бери симпозиумдарды уюштуруп келе жатканын,  ал илимге, билимге болгон билим ышкыбооздорунун башын бириктирип, билим сапатын жогорулатуу максатында салтка айланганын баса белгиледи.

— IX эл аралык симпозиум биз сыймыктанган, урматтаган Айчүрөк Токтополотовнанын 60 жылдыгына арналды. Эгерде IX симпозиум эл аралык болуп жатса, келечекте аны дүйнөлүк деңгээлге алып чыгалы деген планыбыз бар, — деди А.Эргешов.

Куттуктоого чыккан окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын ректорлору, проректорлору, чет өлкөдөн келген коноктор  Айчүрөк Калдыбаеваны мыкты педагог-окумуштуу, педагогиканын теориясына, анын этнопедагогикалык багытына эмгек сиңирген окумуштуу, илимпоз  экенин баса белгилешти.

— Айчүрөк Калдыбаева кыргыздын дың болуп жаткан багытын, илимдеги кыртышын чийип кетти.  Бүтүндөй элдин кабылдоосун, ким экендигин аныктап турчу залкар инсандар болуп эсептелет. Алардын дүйнөтаанымында, чыгармаларындагы элдик туюмдарды, тарбияны бүгүнкү илимдин жетишкендиктерин ошолордун чегинде, ачылышында теориялык негизде ачып берүү, изилдеп берүү бул көрүнгөн эле кишинин колунан келбейт.  Мындай иштер нукура кыргыз духу бар, жүрөгү кыргыз деп соккон гана инсандар жасай алат. Айчүрөк Токтополотовна ошондой элдик кыз, — деди Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору.

ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Симпозиумда “Кыргыз Республикасынын мектеп билиминин баскычтарын жана мазмунун жаңылоонун концептуалдуу багыттары” деген доклад менен Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти, п.и.д., профессор Абакир Мамытов чыкты. Ошондой эле “Этнопедагогическая подготовка будущего учителя в условиях модернизации образования” деген докладды Абылай хан атындагы Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер Казак университетинин педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.Узакбаева окуду. “Кыргыздын ырчы акындарынын чыгармаларындагы салттык билимдерди изилдөөнүн ретроспективасы жана перспективасы” доклады менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор А.Алимбеков, “Инновациянын мотору – мугалим” деген темада Борбордук Азия университетинин гуманитардык жана так илимдер мектеби, Билим берүүнүн өнүктүрүү Программасынын жетекчиси Бернадент Дин, “Мугалимдердин статусу: Глобалдык көз караш” доклады менен Назарбаев университетинен Ph.D Д.Шаматов жана “Психология жана педагогика. Илимдердин жана практикалардын өз ара байланышы” темасында Кыргызстан ислам университетинин проректору М.Ибраев чыгып окушту. Симпозиумдун экинчи бөлүгүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ресурстук борборлорунда чыгармачыл-класстар өткөрүлдү. Симпозиумдун аягында катышуучулар үчүн даярдалган чакан концерт тартууланды.

ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Кыргыз Республикасынын мектеп билиминин баскычтарын жана мазмунун жаңылоонун концептуалдуу багыттары

Абакир Мамытов, Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти, п.и.д., профессор

Эл аралык комплекстүү стандарттык изилдөөлөр PISA дегенге Кыргызстан эки жолу катышып, эки жолу акыркы орун болуп, атагыбыз дүйнөгө тарап кетип, педагогдор кичине жер карап калды.  Ошол себептен биринчи эле аракет PISAда кайсы өлкөлөр ийгилик жаратып жатат деген суроого барып такалат.  Биз 2012-жылкы, 2015-жылы PISAанын  мыкты он натыйжа жараткан өлкөнүн тажрыйбасына көңүл бөлүп, аракеттенип көрдүк. Маселен, Шанхай, Кытай, Гонконг ж.б. Он өлкөнүн бешөө Азия болуп атат. Эгерде 2015-жылды карасак,  Азия өлкөлөрүнүн саны жетиге чыкты. Биздин консультанттар Европа, Америка ж.б.  Чыгышка биз көңүл бөлүшүбүз керек деген тыянагым бар. Чыгыш билим берүүсүн анализдеп көрсөк, алар жалаң эле билимге басым жасабастан, тарбиялык компонентке өтө терең мамиле кылып, жоопкерчилик менен мамиле кылып жатат. Ошол себептен мен айтаар элем,  билим берүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк функциянын  тереңделиши биздин алгачкы кадамдардын өзөгүн түзүшү керек. Менин айта турганым келечектин иши болуп калышы ыктымал. Бул эртең ишке ашышы мүмкүн, ашпай да калышы мүмкүн. Ошол себептен  изилденген, ишке ашкан нерсе катары кабыл алыңыздар.

Мен ойлоор элем, биздин мектеп билимин өзгөртүү үчүн бир нече идеяларды карманышыбыз керек. Алардын биринчиси — 2011-жылы кабыл алынган эл аралык стандарттык билим берүүнүн классификациясы. Мына ушул классификациянын талаптарын, багыттарын эске алып өзгөртсөк, дүйнөлүк ааламдашуу процессине жакшы, далилдүү, мазмундуу киребиз деген пикир. Мен ойлоор элем, биз мектеп билимине профилдик багытты берсек, анда өнүгүүнүн чакырыктарына жооп берет эле. ЮНЕСКО 2015-жылы 2030-жылга чейин дүйнөгө негизги чакырыктарды жарыялады.  Ошол жерде атайын 17 максат көрсөтүлүп, 169 милдет аныкталып, ага дүйнөнүн дээрлик көп өлкөлөрү макулдугун берип, Кыргызстан да алардын арасында бар, төртүнчү максат — билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатын колго алышты. Бул ар бир өлкөнүн коомдун туруктуу өнүгүүсүнө болгон иш-аракет деп түшүнүү керек. Ошондуктан биздин мындан аркы өзгөрүүдөгү  кадамдар ЮНЕСКОнун көз карашы менен дагы  синхронизация  болсо деген пикир. Кандайдыр бир деңгээлде бүгүн саясий кырдаалга байланыштуу өкмөт жана бийлик демилгеленген Таза коом программасы, анын идеясы мыкты, багыты жакшы. Ошол себептен информатикалык, санариптик, электрондук берүүгө өтүү, ошону негиз кылып алуу — бул дагы абдан  маанилүү багыттардын бири.   Ушунун баарын бириктирип туруп, билим берүүнүн мазмунун оптималдаштырсак, жаңы окуу планын киргизсек.

Эгер ушул сунуштар өтчү болсо, анда биздин жаңы окуу план 2021-жылдан баштап ишке кирсе деген көз карашыбыз бар.

Биринчи идеяны кандай чечмелейт элек? Биринчи идеяда ЮНЕСКО тарабынан эл аралык классификация  аркылуу билим берүүнүн  сегиз деңгээли берилген.  0-баскыч —  жаш балдарга билим берүү, 1-баскыч  — башталгыч билим берүү, 2-баскыч — орто билим берүүнүн биринчи этабы, андан кийин орто билим берүүнүн экинчи этабы, кийинкиси үчүнчү билими да бар. Андан кийин кыска билим берүү — бакалавриат, магистратура, докторантура. Дүйнөдөгү структуралык өзгөрүү ушул өңүттө кетип жатат. Эгер КББА үстүртөдөн баа берсек,  жогорку адистик билим берүүдө бакалавриат, магистратура кирди. Өзгөрдүк. Докторантура киргени турат. Мектеп билиминде дүйнөлүк өзгөрүүлөргө реакция боло элек. Ошол себептен бизден бирден бир сунуш — мектеп билиминдеги баскычтык өзгөрүүлөргө барсак.

Азыркы мезгилдин билим берүүсүндөгү чоң саясат  — бул күтүлүүчү натыйжага багыт алган билим берүү.  Эгер мектеп билимин күтүлүүчү натыйжага багыттап, реформа кылабыз дечү болсок, ар бир деңгээлдин ЮНЕСКО сунуштаган күтүлүүчү натыйжага көңүл бөлүп,  анын мазмунун аныкташыбыз керек.

Эң алгачкы баскыч 0. 6 жашка чейинки жаш балдар. Балдардын өнүгүүсү, анан мектепке болгон даярдыгы эки критерий менен баланат. Биз ушуну чечмелеп бералабызбы? Бул ачык, иштей турган маселе. Башталгыч билим дүйнөлүк тажрыйбада 7-11 жаштагы балдарга 1-5-класстарда берилет. Бизде башталгыч билим 1-4-класста берилет. Эгерде биз бул кадамга барчу болсок, анда башталгыч билимдин структурасы өзгөрүшү керек. Ал эми күтүлүүчү натыйжага келчү болсок, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда  башталгыч билимдин миссиясы окуучуну окуганга, жазганга, эсептегенге, өз оюн билдиргенге, эне тилинде үйрөтүү деген айтылган. Биз ошонун тегерегинде сөз кылып жатабыз. А дүйнөдө кандай критерийлер кетти? Негизги билимдин өзөгүн түшүнөбү деген критерий бар. Инсандык өнүгүүсү кандай? Социалдык өнүгүүсү кандай? Бул багытта жаңы мазмунду сунуштай элекпиз.

Билим берүү академиясынын тийиштүү лабораториясы ушул критерийлердин мазмунун иштеп чыгууга, буга илимий темаларын буруп, азыр киришип жатат деп айтып койсом болот.

Кийинки баскыч орто билим берүүнүн биринчи этабы. 12-15 жаштагы окуучулар. Бул 6-9-класстар. Мына ушул билимдин жыйынтыгы башында сөз кылган PISA изилдөөлөрү менен аныкталат. Ал эми орто билим берүүнүн экинчи этабы 16-17 жаш. Бул 10-11-класс.  Бүгүнкү күндөгү биздин инструментибиз ЖРТ. Ушул өңүттө дагы инструментибизди оңдоп, тартипке келтирүү маселеси бар. Билим берүү академиясы бул өңүттө өзүнүн изилдөөлөрүн жүргүзө баштады. Анткени 5-6-класстагы билим берүүнүн мазмуну компетенттүүлүккө негизделип, азыр ар бир класстагы күтүлүүчү натыйжаны, инструментин иштөө, өзүбүзгө милдет катары аныктап алдык.

Мына ушуларды жыйынтыктап, сунуш ирээтинде айтат элек. Биздин сунушубуз боюнча башталгыч билим 1-5-класстарда болсо, дүйнөдө башталгыч класс 1-4, 1-5, 1-6 деген үч вариантта кетет. Биз ортосун сунуштап жатабыз. Негизги орто билим 6-9-класс жана толук орто 10-11-класстар деп. Эгерде биз ушул баскычтык өзгөрүүлөргө барсак  ар бир он жылда “Билим берүүнүн абалы” деген дүйнөлүк доклад даярдалат. Ошол жакка берген информациялар туура, адекваттуу болот эле. Бүгүн биз 4-класстын балдарынын жыйынтыгын беребиз, ал эми 5-класстын балдары менен дүйнөлүк жыйынтык чыгарылат. Мына ушул дал келбөөчүлүктү биз негизинен жойгонубуз туура болот.

Сапаттуу билим берүү, натыйжага багыттаган билим берүү жана  гуманизм идеясы. Гуманизм идеясы жанагы Чыгыштын тарбияга болгон басымынын белгиси катары кабыл алышыбыз керек. Эгерде биз ушуларды кабыл алчу болсок, биз күткөн бүтүрүүчүнүн модели бир аз ревизия болуш керек. Мектепти бүткөн баланын модели кандай болуш керек? Ушул өңүттөн келгенде ЮНЕСКОнун төрт сунушу бар. Моделдин биринчи белгиси — баалуулуктарды калыптандыруу. Окуучу акыйкат болсун, теңчилдикке умтулсун, салабаттуу болсун, башкаларды урматтасын. Ушул жерге келгенде биздин этнопедагогикалык баалуулуктар анын мектеп билимине кириши, талап коюулушу өзүнүн ордун табат деп эсептейбиз. Экинчи критерий — сынчыл көз карашты калыптандыруу.  Ар бир окуучу  системдүү, чыгармачыл ой жүгүртүүгө даяр болсун. Үчүнчү критерий — окуучу конфликт абалдан чыга берүүгө, мамиле күтүүгө жана башка окуучулар менен иш-аракетте болууга даяр болуш керек. Төртүнчү критерий — биргелешип иштөөгө жана  коллективдүү ийгилик жаратууга умтулуу. Мына ушул моделдер бүгүн биздин мектеп билиминдеги стандартта көрсөтүлгөнбү  деген суроо бар. Көрсөтүлгөн эмес. Аларды киргизиш керек.

Үчүнчү идеябыз. Таза коом. Стратегиялык багыт. Бул программадагы негизги идея мыкты мектеп, бел болчу билим,  из калтырчу илим деген багыт катары аныкталган.

Мектептин тегерегинде электрондук чөйрө болсун, тийиштүү материалдык-техникалык база түзүлсүн. Электрондук инструмент менен иштей ала турган мугалим электрондук компетенцияларга ээ болсун. Электрондук окуу китептери иштелип чыксын. Анан окуучу ошол электрондук материалдарды, окуу китептерди колдонгонго даяр болсун. Мына ушул программанын негизги жана өзөктүү идеялары дагы биздин келечектеги өзгөрүүлөрдүн  өзөгүн түзүшү керек. Төртүнчү идея — профилдик билим берүү. Эгерде тарыхый өңүттү карап көрсөк, 2005-06-жылдары бул идея көтөрүлүп, анан унутта калган. Бүгүн бул туралуу сөз жок. Дүйнөлүк тажрыйбада профилдик билим берүү кийин орун ала баштады. Ошол тажрыйбаны эске алып, биз сунуш кылабыз. 6-9-класстарда предметтерди тереңдетип окутса, ал эми 10-11-класска келгенде  конкреттүү келечектеги кесипке ээ кыла турган профилдик билимге жана мазмунга, жаңы окуу планга умтулушубуз керек.

Бешинчи идея — билим берүүнүн мазмунун оптималдаштыруу.  Эң татаал маселе. Билим берүү академиясы мезгил-мезгили менен бардык окуу планды сунуштап турушубуз керек, Биздин биринчи кадам — мазмунду күтүлүүчү натыйжага багыттап, аныктоо. Экинчи кадам — окутулуучу предметтердин санын азайтуу. Биз бир мезгилде 26 предмет окутчубуз. Бүгүнкү күндө — 21. Дүйнөлүк тажрыйбада — 17. Бул бир гана педагогикалык проблема эмес, экономикалык дагы проблема. Ошон үчүн биз предметтердин санын кыскартып, элде болгон кадамдарды биз дагы шилтешибиз керек. Үчүнчү кадам — англис тилине, информатикага, технологиялык сабактарына басым жасоо. Мына ушул басымдарды туура ишке ашырсак, анда окуучунун модели өзгөрөт. Жумасына беш жолку окутууга өтүү. Бир жылдык окуу жүктөмүбүз  1050 саатка жетет, дүйнөлүк тажрыйбада 800-850 саат оптималдуу деп сунушталат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер