КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ОНЛАЙН-БИЛИМ БЕРҮҮ

  • 29.01.2018
  • 0

Кыргызстанда орус тилдүү же англис тилдүү контентти түшүнүүдө кыйынчылыкка  дуушар болуп жаткан колдонуучулар үчүн ар түрдүү предметтер боюнча кыргыз тилиндеги билим берүү дисциплиналарын кѳрсѳтүүчү интернет-портал түзүлөт.

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ОНЛАЙН-БИЛИМ БЕРҮҮ

Бул долбоор Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) окутуучулары Руслан Рахимов жана Элира Турдубаева тарабынан демилгеленип, бир катар окутуучулардын колдоосуна ээ болгон. Аны ишке ашырууга  “Сорос- Кыргызстан” фонду каржылап берип жатат. Жалпысынан 140 саатка созулган бул видеокурстарга  Кыргызстандагы ЖОЖдордун тажрыйбалуу окутуучулары катышат. Алар прикладдык жана теориялык предметтер боюнча билимдери менен бөлүшүп, видеосабактарды уюштурушат. Мисалы, видеолекциянын форматында “Изилдѳѳнүн методдору”, “Англис тили”, “Жаштар социологиясы”, “Манас таанууга киришүү”, “Саясат таануунун негиздери” ж.б. курстар окутулат.

Аталган видеокурстар студенттер, окуучулар жана ошондой эле кыргыз тилинде билим алгысы келген бардык каалоочулар үчүн ачылууда. Курстардын баары акысыз жана бир гана кыргыз тилинде жүргүзүлөт.  Көпчүлүк учурда контент окутулуп жаткан  дисциплиналардан алынат. Алар АУЦАнын ТВ-студиясынын базасында видеолекция форматында жазылып , ар бир курстун модели курска тексттик материалдар менен коштолгон видеолекциялардан турат.

Бул долбоордун негизги максаты — колдонуучуларга жеткиликтүү, түшүнүктүү негизде билим берип, керектөөчүлөр менен байланыш түзүү. Курстар ilimelim.kg видеопорталында жайгаштырылып, ошол эле учурда аны ютуб-видеоканалынан дагы көрүүгѳ болот.

Видеокурстарды жазуу иштери активдүү түрдө сентябрь айынын аягында башталган жана 2018-жылдын январь айына чейин жүрөт. Азыркы мезгилде бул курстардын айрымдары жогоруда белгиленген интернет-даректерде жайгашып, онлайн-режиминде кѳрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгѳн.

Бөлүшүү

Комментарийлер