СУУСАМЫРДАГЫ МЕКТЕПТЕ БИР ДАГЫ ИШТЕГЕН КОМПЬЮТЕР ЖОК

  • 23.01.2018
  • 0

Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн орто мектебинде бир дагы иштеген компьютер жок. Бул тууралуу Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Күмөнова Назгүл маалымдады.

— Мен 25 жылдан бери ушул мектепте эмгектенем. Информатика сабагын өтүүдө практикалык жактан окуучуларга жеткирүү өтө кыйынга туруп жатат. Анткени компьютердик класста бир дагы иштеген компьютер жок. Окуучуларда да компьютер үйрөнүүгө практикалык жактан мүмкүнчүлүк жок. Азыркы учурдун талабына жараша сабак өтүлбөй калып жатат. Айылда байланыш да чектелүү, бир гана «мегаком» тартат жана интернет иштебегендиктен, мектепте иштөөдө ар кандай маалыматтарды алууга жана мектеп иш кагаздары электрондук система болгондуктан, көп кыйынчылыктар жаралып жатат, — дейт Назгүл Күмөнова.

Бөлүшүү

Комментарийлер