«МАТЕМАТИКАЛЫК КАФЕ» АЧЫК САБАГЫ

  • 22.01.2018
  • 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу алыскы Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде «Математикалык кафе» аталышындагы ачык сабак өткөрүлдү. Бул тууралуу мектеп мугалими Анара Нусупова билдирди.

Маалым болгондой, аталган кызыктуу ачык сабакта окуучулар математикалык «салаттар», машыгуулар, аралаш математика, теңдемелер «шорпосу», баш катырма «шорпо», «табышмактуу куурдак», «кроссворд гарнири», математикалык «коктейл», «десерт» тапшырмаларын аткарышты.

Ачык сабактын негизги максаты — окуучулардын математикага кызыгуусун арттыруу, тез ойлонуу, туура, так жооп берүү, логикалык ой жүгүртүүсүн жөнгө салуу, топтордо иштей алуу, кеңешип чечим чыгаруу жана бири-бирине көмөктөш болуу.

Жыйынтыгында 1-орунду 6-«В»классы, 2-орунду 6-«Б» классы, 3-орунду 6-«А» класстын окуучулары жеңип алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер