СӨЗ ТАМЫРЫН ЖУЛБАЙЛЫ

  • 09.01.2018
  • 0

                                         

СӨЗ ТАМЫРЫН ЖУЛБАЙЛЫ

 

                                            Калпты сүйлөп чын кылып,

                                            Касамды ичип карганба,

                                            Акылдуу киши бетиңе,

                                            Айыбың айтса арданба

(Абдирайим Молдо)

Бул макаланы жазуудан мурда мен “Ачык Сөз” гезитинин башкы редактору  Жора Сулаймановго телефон чалып, И.Арабаев атындагы университеттин окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты О.Капалбаевдин жазган макаласында келтирилген каталар жөнүндө сөз кылып, инсан, пенде, жар, жаран, адам, колукту, келин, аял, катын, жубан, зайып, зайыппуруш, кемпир деген сөздөрдүн бири да туура түшүндүрүлбөгөнүн айткамын. Ал киши өзүңүздүн пикириңизди жазыңыз деп кеңеш берген. Убадалашкандан кийин мен эки гана сөздүн тамырын изилдеп, андан кийин кийинки сөздөрдү да изилдөө керектигин ушул макалада жазып жибергемин. Мен макаланы жибергенден кийин телефон чалсам, ал киши айнып калыптыр. Себебин сурасам “эки гана сөз экен, ал эчтеме эмес, макаланы жарыяга бере албайм, ачыгын айтайын”, — деди. Жора Сулаймановго кыргыз тилинин эки сөзү эчтеме эмес экен, а кыргыз элинечи? 

Октябрь Капалбаевдин “Сөз маңызы маанилүү” макаласы жөнүндө  (Ачык сөз. Коомдук маалыматтык гезит.  № 01 (068) 19-январь, 2017).

Профессордун ушул макаласында бир да сөз туура түшүндүрүлгөн эмес. Ошон үчүн “Наавайчы нан жапса, өтүкчү өтүк тиксе” деген макал эске түшөт. Урматтуу профессор тарыхты изилдесе, тилчи тилди изилдесе туура болот.

Профессор О.Капалбаев мындай деп жазат:

Пенде, инсан сөздөрү кыргыз тилине перси тилинен кирип, азыркы мезгилде төл сөз катары кабылданып, ар бирибиз кеп арасында байма-бай пайдаланып жүргөнүбүз менен маани-маңызына көп көңүл бурбай келе жатабыз… Көрсө, жогоруда биз белгилеп жазган эки сөздү кыргыз тилине которсо “унутчаак” деген маанини түшүндүрөт экен”.

Макаласынын башында эле шайтандын тузагына түшүп калыптыр. Эгер урматтуу профессордун бир аз тилге кызыкчылыгы болсо кыргыздын улуу инсаны, кеменгер тилчиси Кусейин Карасаевдин “Камус Намасин” караса адашмак эмес. Мен Кусейин Карасаевди мүнөздөгөндө “инсан” деген сөздү бекеринен колдонгонум жок. Бул сөз кыргыз тилинде “адам”, “киши” деген маанилеринен тышкары “личность” дегенди түшүндүрөт.

Кыргыз тилинин сөздүгү  “AVRASYA PRESS”,  Бишкек, 2011

Инсан ар.   жеке адам (личность)

Кеп ар бир адамдын адамдык сапаты, адамдык инсандыгында  (Даникеев).

Инсан кыргыз тилинде, кийинки убактарда термин катары колдонула баштаган. Орус тилиндеги “личность” деген сөздү “инсан” деп которо баштаганбыз.

Толковый словарь русского языка. Государственное издательство инстранных и национальных словарей. Москва, 1938. 3 т.

Личность  и. ж.  1. только единств. 

1) Отдельное человеческое  Я, человеческая индивидуальность, как носитель отдельных социальных и субъективных признаков и свойств.

2) Человек с точки зрения черт его характера, поведения, общественного положения

Инсан  араб тилинде адам, киши”- ни  туюндурат. Инсан деген сөз кайсы уңгудан келип чыгат, ошону түшүндүрөм.  Бул маселени чечиш үчүн Х.К. Барановдун Арабскорусский словарды карайбыз, Москва, Русский язык”.

Ушул сөздүктүн 46-бетинде أنِسَ (аниса) деген этиш берилет. Ушул уңгудан  إنْسَانٌ инсан деген сөз жасалат, кыргызча адам, киши, инсан, ал эми орусча “человек”.

Унутчаак деген сөз да арабдын сөзү. Бул сөз نَسِىَ (насиа) деген этиш уңгудан  نَسِىٌّ (насиййун) забывающий, забывчивый жана نَسْيَانٌ (насйаан) забывчивый, невнимательный. Ал эми кыргыз тилинде колдонулуп жүргөн “насыя” кредит араб тилинин نَسَأَ (наса) деген этиштен  نسيئة (насиа) 1) отсрочка; 2) кредит деген сөздөр жасалат.

Профессор О.Капалбаев  кыргыз тилиндеги “инсан” деген сөз “унутчаакты” түшүндүрөт дегенин кайдан тапты экенин түшүндүрүп берсин.

Мен араб тилин 1964-жылдан бери өздөштүрүп келе жатам. “Инсан” деген сөз “унутчаакты” түшүндүрөт дегенди биринчи жолу угуп олтурам.

О.Капалбаев эгер академиялык намысы болсо, Кусейин Карасаевдин Камус Наамесин караса, Бишкек 2016, 346 бет. Инсан  а.    киши, адам — деп жазылып турат. Кыргызстанда кыргыз тилинин лексикографиясын изилдеген бир гана инсан бар. Ал Кусейин Карасаев. Мен жаш кезимде бул даанышман менен эки жолу жолугушкамын. Бул улуу илимпозду мен пир катары  азыркыга чейин кабыл алам.  Кусейин Карасаевдин Камус Наамаси ар бир кыргыз жаранынын үстөл үстүндөгү китеби болушу керек. Ошондо эне тилибизди өстүрүп, байытып, элибизге пайда алып келишибиз ыктымал.

  1. Экинчи сөз пенде. Фарси тилинде Кусейин Карасаевдин Камус Наамасинде (Карасай сөздүк) Бишкек 2016, 625 бет. Пенде, бенде, менде и. динде кудайдын кулу 2. адам, киши — деп турат.

Азыркы кыргыз тилинин сөздүгүндө:

Пенделик – пендечилик

  1. Адамга таандык болгон кемчиликтерди, жаңылыштыктарды жиберүүчүлүк.
  2. Башына кайгы түшүп мүңкүрөгөндүк, кор болгондугу, карыптык.

Кулжачар жатат ойуңда,

Куу мүйүзү мойнунда.

Кудай сүйгөн пенденин,

Курдашы жатат койнунда.   (Кошок)

 

Ар пенденин башына,

Азили тагдыр жазган бар.    (Казыбек)

 

Мунун айткан сөзүнө,

Кандай пенде ынанат.         (Тоголок Молдо)

 

Ак сүт эмген пендебиз,

Ак турпак биздин денебиз.

Айла жок өмүр бүткөндө,

Аманат  жанды беребиз

 

Бул жалганчы дүйнөдө,

Өлбөйт эмес өлөбүз.

Өлүм келсе бир күнү,

Пенделикке көнөбүз.    (Нур Молдо Наркул Уулу)

 

Баа жеткис сонун келбетиң,

Башкача бүткөн пендесиң.

Ай чолпон намыс кылбаса,

Ааламда жоктур теңдешиң.  (Какен Алмазбеков)

Бул сөздү да “унутчаак” —  деп чечмелептир. Бул сөз фарси тилинде “банда” — деп айтылат да “Кудайдын кулу” деген маанини туюндурат. Бул жерде да, мисалы, Кудай сүйгөн пенденин, курдашы жатат койнунда – дегенди Кудай сүйгөн “унутчаактын”, Курдашы жатат койнунда – деп айтабызбы?

Бул макалада биз эки гана сөздү иликтедик. Калган сөздөр: жар, жаран, адам, колукту, келин, аял, катын, жубан, зайып, зайыппуруш, кемпир, байбиче, түнкү лаззат (ночной оргазм) деген сөздөр өзүнчө академиялык изилдөөнү талап кылат. Өзгөчө жаран деген сөз терең изилдөөнү талап кылат, себеби, кийинки күндөрдө бул сөз саясий термин катары орус тилиндеги гражданин деген сөздүн ордун ээлеген. Бул сөз фарси тилиндеги “яр — жолдош, дос, ашна, колукту, аял, катын, сүйгөнүм” деген сөздүн көптүк түрү. Эми ушул сөз кантип гражданин деген түшүнүктү туюнтуп калганын илимий түшүндүрүп бериш керек.

Кыргыздын окумуштууларына насыят:

Билбеген сөздү билем деп,

Билимдүү менен талашпа.

Билимдүү башың болбосо,

Бийлер менен жанашпа.

Билимиң байлык коробойт,

Жумшаган менен кенге окшоп.

Арттырган сенин олжоң ошол,

Окуп бир калсаң элге окшоп.

Төбөң бир элге көрүнөт,

Төө-Ашуу деген белге окшоп.

(Абдраим Молдо)

Кыргыз илимпоздорунун эмнеси жаман? Мында да илиминин тайкылыгы. Өзүнүн тандап алган предметин өздөштүрбөй, башка предметтерге кийлигишүүcү. Дагы бир жолу, “наавайчы нан жапса, өтүкчү өтүк тиксе”, кыргыздар оңолот беле?  Кыргыз залкарларынын бирөө Абдирайим Молдо бизге сабак калтырып кеткен экен:

Кашкайып турса күнөөсү,

Калп айтып пенде танат дейт.

Колдору, буту, кулак, көз,

Күбөгө өтүп турат дейт.

 

Валимжан Танырыков, 

Бишкек Гуманитардык Университетитнин  профессору, Араб тилинин устаты

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер