САБАК АРАЛЫК БАЙЛАНЫШ БИЛИМДИ ТЕРЕӉДЕТЕТ

  • 21.12.2017
  • 0

Окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууда айрым предметтер менен болгон учурдагы байланыш ыкмалары жөнүндө учкай кеп

Педагогика илимине негизделбеген окутуу –медицинада эмчи-домчулуктай эле.   К.Д.Ушинский.

Перзент жарык дүйнөгө биологиялык жаныбар – индивид катары келет, өнүгүүнүн узак жана өтө түйшүктүү жолун басып өтүп гана ал инсанга айланат. Инсан — бул коомдук индивид, сырткы дүйнөнү таанып-билүүнүн, активдүүөзгөртүүнүн субъектиси, сүйлөөгө жана эмгектенүүгө жөндөмдүү аӊ-сезимдүү жаныбар, акылы жайында, туура өнүккөн адам, инсандык асыл сапаттар өтө жай, көп кыйынчылык менен өнүгүп түптөлө турган абдан татаал кубулуш. Ушул татаал кубулушту ишке ашырууда же баланы ээрчитип, жетелеп алып жүрүүдө (педагогика) кыргыздын ар бир басып өткөн тарыхый мезгилине тарбия күбө. Ата-бабалардын тарыхын ынтаа коюп иликтеп, алардын үрп-адаттарына, калтырган мурастарына таянып, белгилүү тарыхчы Цицерон: “Турмуштун насаатчысы – тарых”, — деп бекеринен жазбаган чыгар. Тарых адамды инсанга тарбиялоодо кыргыздын качан айтылганы белгисиз “өткөн күндү унутпа, камчаарыӊды куурутпа” деген макалы не деген гана ойду камтыбайт.

 Элдик оюндар – улут көрөӊгөсү

 Кыргыз элинин мазмундуу окуяларга мол тарыхын, өнүккөн маданиятын чагылдырган көлөм жагынан таӊ каларлык чоӊ, мазмун жагынан шумдуктуудай бай оозеки адабиятыбыз – элдик педагогиканын соолубас булагы экендигин эгемен жылдарында китеп беттерине жаза баштадык.

Алсак, табышмактар балдардын (окуучулардын) эс-акылынын зиректигин, ой чабыттарын логикалык жактан өркүндөтүп отурса, жаӊылмачтар тилдин ийкемдүүлүгүн, эс-тутумун өркүндөтүп отурган. Элдик оюндар менен, мисалы, чикилдек, топташ – эсептөөнүн эӊ жөнөкөй ыкмасы. Ал эми жомок айтып берип, аны айттыруу сөздү туура таап, көркөмдөп сүйлөөгө жана окуяга байланышкан учурларда баланын өзүнүн ою менен көркөмдөлүнүп окуя жөнүндө пикирин айтууга жасалган аракет.

Албетте, төмөндөгүлөрдүн баары байкалбай чырмалышкан предмет аралык байланыш деп айтууга неге болбосун. Акыл оюндары ашык утушуу, тогуз коргоол оюндарында төрт амалды оозеки аткаруу аркылуу оюнчунун математикалык ой-жүгүртүүсүөнүгөт. Мисалы, чүкөнү эсептөөдө бирдин учу (беш), бирдин учу бир (алты), бирдин учу эки (жети), экинин учу (он), үчтүн учу (он беш) деген сандар пайдаланылат.

Тогуз коргоол оюну эзелтен эле ойнолуп келгени “Манас” эпосунун төмөнкү саптарынан ырастап койсок болот.

 Жалпак жыгач чаптырып,

Бир жагына бир тогуз.

Бир жагына бир тогуз,

Уй чыгарып оюшуп,

Ою менен олтуруп,

Ташын салып толтуруп,

Тогуз коргоол оюну…

Бул сапта биз коргоол таштары 162 экенин эсептеп алсак болот.

Ошол оюндарды ар мезгилдин балдары өзү эле үйрөнүп албаган, ага улуулар көрсөтүп кошо жүрүп ойноп, шарттарын толук айтып берип турушкан. Биз ага окшогон инсанды акыркы мезгилдин термини педагог же окутуучу деп атап, мындай процесс чогуу-чаран бир бөлмөнүн ичинде белгилүү убакытта ишке ашып отурат.

Учурдун балдарында бул ыкма дүйнө стандарты, маалыматтары менен коштолуп агып отуруп, чыгармачыл мугалим, жаӊычыл педагог, анан жакшы сабак деген терминдерге алмашып, татаал формасына өтүп отурат.

Бүгүнкү күндөгү шахмат оюну же андагы чатыраш оюну сканворд-кроссворд менен алмашып, баш катырма, ой жүгүртүүнүн татаал формасы судоку, окшоштуктар-аналогия түшүнүктөрүөнүгүп отурат.

Бир бөлмөдө белгилүү убакыттын ичинде баланы жетелеп алып жүрүү  тарбиячыдан өтө изденүүчүлүктү,  чыгармачылыкты, жаӊычылдыкты талап кылууда.

Бүгүнкү күндөгү чыныгы чыгармачыл мугалим, жаӊычыл педагог сабактарына класстагы окуучуларынын ар биринин мүмкүнчүлүктөрүнө, кызыгуусуна, турмушка ылайык ар түрдүү окуу материалдарын, таанып-билүү маселелерин даярдап келишип окуучулардын акыл-күчтөрүн активдештирип, сабакты кызыктуу өтүшөт.

Ар бир сабактын өтүлүшүндө предмет аралык байланыштын болуп турушу окуучулардын башка предметтен алган түшүнүктөрүн бышыктоо, бекемдөө ролуна ээ экени баарыбызга маалым. Бирок ошону өз предметин кандайча, кантип ишке ашырып туруу мугалимдин чеберчилигине байланыштуу. Эгерде мугалим башка предметтер менен байланышып отурса, сөзсүз жакшы сабак аталары бышык.

 Жакшы сабак – окуучуга канат

 Көрүнүктүү педагог В.А.Сухомлинскийдин пикиринде, жакшы мугалим жакшы сабактын планын ийне-жибине чейин жаза албайт. Мугалим 3-4 күн мурда эле календардык планынан өтүлө турган теманы көрүп, ал теманын мазмунун толук чагылдырган окуу китебин, окуу куралдарын жана башка булактарды бүт жыйнап, аларды дит коюп окуйт. Ырасында мыкты мугалим аны пайдалануунун, жугумдуулуктун жолун өмүр бою изденет. Өзгөчө сабак өтүүдө предмет аралык байланыштын болуп турушу жакшы сабакты жаратары бышык.

География предметин окутууда айрым предметтер менен байланыштыруунун мисалдарын көрсөтүүнү туура көрүп отурам. Математика сабагы менен байланыштыруунун эӊ эле жөнөкөй формасын төмөндөгүдөй тартипте ар бир сабакта колдонуп турса болот. Мисалы, “жаӊылбайм” деп атап бул оюнду ойноо менен жаӊылбаган же жаӊылган окуучулардын тобун түзүп, ар ким өз предметинде даярдалган суроолордун жообун алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. “Жаӊылбайм” оюну ар эки окуучунун ортосунда түзүлүп, уюштурулат. Эки окуучу биринчиси катар номер боюнча бир десе, экинчиси эки деген санды айтат. Биринчиси үч санын айтууга туура келди, бирок 3кө бөлүнгөн санга туура келгендиктен аны айтпай эле жаӊылбайм деп кезегин өткөрүп жиберет. Экинчи окуучу 4 санын айтып улантып кете берет. Кыскасы, 3кө бөлүнгөн сан келгенде аны айтпастан жаӊылбайм деген гана сөздү айтып коюу керек. Оюндун шарты мугалим чектеген санга чейин тез аткаруу абзел. Бул ыкма менен окуучунун ыкчам арифметиканы иштөөгө, математикалык билимди бышыктоосуна жардам берет жана башка предметке көӊүл коюусуна шарт түзөт.

Тандалган окуучуга кызыктуу жана ойлонууну талап кылган карточкадагы тесттик суроолор же окуучулар сүйгөн сканворд, кроссворд тапшырмаларын берсе болот. Мындай ыкма окуучуларды сабакка кызыгуусун жогорулатарын тажрыйба көрсөтүп келет.

Ошондой эле географиянын математика менен байланышпаган бир дагы темасы болбосо керек. Горизонттун жактарын транспортир менен аныктоого үйрөтүү, транспортир менен компастын окшоштук, айырмачылыктарын кенен айтып берүү керек.

Географиядагы экватор жана гринвич сызыктарын математиканын ордината, абцисса октору менен түшүндүрсө болот. Кесилиштен абциссанын оӊ жагы чыгыш, терс жагы батыш, ординатанын оӊ тарабы түндүк, терс тарабы түштүк деп (кагаз бетинде) түшүндүрүү ашыкча болбос.

Аба ырайынын айлык, жылдык орточо t°сын чыгаруу жана графигин түзүүдө математика ажырагыс биримдикти түзөт. Окутуп-үйрөтүүдө предмет аралык байланыштын болуп турушу окуучунун бир нерсе жөнүндө чечкиндүү пикир айтууга мүмкүндүк түзүп турат. Анткени ал сен өтүп жаткан предметтен башка да предметти сүйүп окуйттур.

 

Жөнөкөй жөндөмөнү да жөн пайдаланбайлы

 Учурдагы миграциянын күч алышы, башка өлкөнүн жарандыгын алгандардын санынын көбөйүшү Кыргызстан үчүн кооптуу экенин коркпой эле айтсак оӊ. Бул коомдун социалдык-саясий жана тарыхый байланышы эмей эмне.

Кыргыз мамлекетинин мамлекеттик тили кыргыз тил болуп турганда аны өркүндөтүүүчүн кандай гана иш-чаралар өткөрүлбөдү. Кыргыз тилин өнүктүрүүдө география предмети менен экөөнүн төмөндөгүдөй байланышын түзсөк болот. Андыктан мен жөндөмөлөрдүн мүчөлөрүн колдонууну сунуш кылдым.

Айталы, кыргыз тилинде алты жөндөмө бар экени белгилүү. Атооч, илик, барыш, табыш, жатыш, чыгыш.  Атоочко Сары-Челек деген болсок калган жөндөмө мүчөлөрүн улап, кызыктуу маалымат, текст түзсөк болот.  Мисалы,  Илик – Сары-Челектин абасы таза, суусу тунук.  Барыш – Сары-Челекке зубр жаныбарлары байырлаштырылган. Ошондой эле туристтер көп келип турушат.  Табыш – Сары-Челекти 1960-жылы ЮНЕСКО тарабынан “биосфералык” корукка айландырышкан.  Жатыш – Сары-Челекте жаӊгак токоюнун зор аянттары бар жана жапайы жаныбарлар үркүп кетпөөүчүн ит кармоо тыюу салынган. Ошондой эле аӊ улоого мүмкүн эмес. Чыгыш – Сары-Челектен жаӊгак уюлун (кап) уурдап саткан душмандарды жолуктурууга болот.

Ушундай эле жөндөмө мүчөлөрүн ар кандай формада колдонсо болот. Илик жөндөмөсүнүн өзгөргөн 12 формасына Кыргызстандын жер-суу аттарын (топонимика илимин да байланыштырса болот) адегенде тизмелетип, реклама жасатып, анан аларды коштурса, белгилетсек, таанып-билүү, ой жүгүртүү, эске тутуу, изденүү жөндөмдөрү артары бышык.

Айталы:

– нын – Балыкчынын балыгы таттуу.

– нун – Кара-Шоронун суусу дары.

— нун – Сүлүктүнүн көмүрү күчтүү күйөт.

— нин – М.Кашкаринин түзгөн картасы дүйнөгө белгилүү.

— тын – Таластын жеринде Манастын күмбөзү бар.

— тун – Оштун Сулайман тоосу экинчи Мекке деп эсептелет.

— тин – Ала-Тоо аянты Бишкектин так ортосунда.

— дын – Нарындын суусуна ГЭСтер көп курулмакчы.

— дун – Кыргыз техникалык университети И. Раззаковдун атында.

— дүн – Өзгөндүн күрүчүн дүйнөгө таратса болот.

— дин – Баткендин өрүк зары баарын өзүнө тартып турат.

Нарбү Дүйшеева,

Ош облусу, Өзгөн району, №43  Исраил Базаркулов атындагы орто мектебинин география мугалими,

Эл агартуунун отличниги.

Бөлүшүү

Комментарийлер