КЫРГЫЗ КААДА-САЛТЫНДАГЫ СҮЙЛӨМ МҮЧӨЛӨРҮ

  • 19.12.2017
  • 0

 

 

 

 Атакеева Бакбүбү,  Н.И.Мешков атындагы №34 — гимназия класстары бар жалпы билим берүүчү  орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими

КЫРГЫЗ КААДА-САЛТЫНДАГЫ СҮЙЛӨМ МҮЧӨЛӨРҮ

Сабактын усулу: Интерактивдуу усул.

Сабактын тиби: Бышыктоо сабагы. Сабак-таймаш.

Сабактын максаты: а). Билим берүүчүлүк

Окуучуларга  наристеге арналган кыргыз каада-салттарын өз иретинде тааныштыруу менен бирге өтулгөн суйлөм мучөлөрун бышыкташат жана алган билимдерин андан ары тереңдетишет.

 

б). Өнүктүрүүчүлүк

Кыргыз каада-салттарын пайдалануу менен окуучулар дүйнө таанымдарын кенейтишет жана сөз байлыктарын өстурушөт, суйлөмду туура тузуү жөндөмдуулуктөрун өнуктурушөт.

 

в). Тарбия берүүчүлүк

Окуучулар эне тилинин улуулугун сезишип, аны аздектей билуугө жана кыргыз каада-салттарын билип, таза сактап, өз турмушунда колдонууга тарбияланышат.

 

Сабактын жабдылышы: Букеттер, плакат, бешик, боз үй, ала жип, карточкалар, жыгач кашык, жыгач кесе ,чачылага даярдаган таттуулуктар.

 

Сабактын журушу: а). Уюштуруу

Окуучулар менен саламдашуу, тизме боюнча жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, үй тапшырмасын суроо, бышыктоо, сабакка даярдоо.

 

б). Киришүү

Кылым карыткан кыргыз эли каада-салтка, үрп адатка бай.

«Байыркынын алпы көп,

Алпынан да калпы көп

Ок тиштешкен анты көп,

Түгөнбөгөн салты көп» — деп улуу сөз берметтерин куюлуштура камтыган укмуштуу керемет эпосубуз «Манаста» да кыргыз салттары кенен берилген. Ошондой эле кыргыз элинин каада-салты жөнүндө орто кылымдын ойчулу Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашкари да өз чыгармаларында белгилеп өтүшкөн. Мындан сырткары кыргыз каада –салты боюнча бир топ илимий эмгектер жазылган. Атап айтсак, психология илиминин кандидаты, профессор Т.А.Конурбаевдин диссертациялык иши далил боло алат.

Анда эмесе, «калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт», — дегендей  элибизде салтына салып, сабагыбыз шандуу болсун үчүн «Кыргыз калкым» деген ырды угуп, андан ары сөздү улантабыз.

Хор:1). Кемер кур, сайма өтүк, ак калпагын,

Кээ бирөө билбей жүрөт анын баркын.

Элиме белги берип тааныштырган,

Кийимден кагылайын кыргыз калкым.

2). Үйүнө конок келсе жүзү жарык,

Кой союп, сыйлай билет ата салтын.

Кызытып кымыз берип, май жегизген,

Салтындан кагылайын кыргыз калкым.

Балдар, биз бүгүн кыргыз каада-салттарынын ичинен жаш балага (наристеге) арналган каада-салттар жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Ооба, кыргыз эли-байыртадан көп балалуу жана көп туугандуу болууну каалаган эл. Илгертеден эле ар бир үй-бүлөнүн төрттөн кем эмес баласы болгон. Ошондуктан балдарга, алардын өсүп-өнүгүшүнө арналган каада-салттар кыргыз элинде арбын. Атап айтсак: сүйүнчү, азан айтуу, бешикке салуу,  карын чачын алуу, карын тырмагын алуу, кыркын чыгаруу, тушоо кесүү, бата берүү ж.б.у.с. каада-салттар бар. Азыр  ушул каада-салттардын айрымдарына кенен токтолуу менен өткөн сабактардагы сүйлөм мүчөлөрүн кайталап, жыйынтыктайбыз. Азыр, балдар, эки командага бөлүнүп, өз командабыздын аттарын коргойбуз:

1). Тилчилер — себеби, биздин багытыбыз кыргыз тили б.а. өз эне тилибиз. Ошондуктан И.Арабаев, К.Тыныстанов, Б.Юнусалиев, Х.Карасаевдер сыяктуу кыргыз тилинин көкөлөп өнүгүшү, дүйнө тилдеринин катарына кошулушу үчүн кашык каныбыз калганча күрөшүшүбүз зарыл. Талбай окуп, татыктуу билим алып, келечекте эл керегине жараган тилчилерден болсок дейбиз.

2). Манасчылар — себеби, биздин багытыбыз кыргыз тили. Кыргыз тили дүйнөгө «Манас» эпосу аркылуу таанылып келе жатат. Ошондуктан Тыныбек, Шапак Ырысменди уулу, С.Каралаев, С.Орозбаков, Жусуп Мамай манасчылардай укмуштуу керемет сөз берметтерин куюлуштура камтыган нукура кыргыз тилин дүйнөгө тааныштырсак деген ойдобуз.

(Дисктен  ыңаалаган бөбөктүн үнү угулат.)

Ошентип, биздин үй-бүлөдө ынаалап бөбөк жарык дүйнөгө келди. Биринчи    кайсы салтты пайдаланабыз?

— Сүйүнчү айтабыз.

— Туура айтасыңар.

I Сүйүнчү: Кыргыз элинде үй ээлеринин бири же жаш балдар: ыңаалап бөбөк жарык дүйнөгө келгенде туугандарына, дос-жарларына, сүйүнчү айтат. Суйунчу айтып барган адам куттуу үйдөн кур чыкпайт, ага сөзсүз белек ыроолонот. Белектер түрдүүчө болушу мумкун. Ал эми азыркы оюнубуздун шартында сүйүнчү катары суроолор берилет, эки команданын мүчөлөрүнүн берген жооптору сүйүнчүгө берилген белек катары кабыл алынат, макулсунарбы, түшүнүктүүбү?

  1. а). Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне?

б). Сүйлөм мүчөлөрү канчага бөлүнөт?

  1. а). Баш мүчөлөр деп эмнени айтабыз, алар канчага бөлүнөт?

б). Ээ, баяндооч деген эмне?

  1. а). Айкындооч мүчөлөр деген эмне жана алар кайсылар?

б). Аныктооч деп эмнени түшүнөсүң?

  1. а). Бышыктооч деген эмне, анын милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарат?

б). Толуктооч деген  эмне, анын милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарат?

II Азан айтуу — салты бөбөк жаңы төрөлгөндө, анын кулагына азан айтуу аркылуу ишке ашат. Ошол эле учурда балага тандалган ат коюлат. Ат жакшы ниет, ой максаттар менен тандалат. Балага туура ат коюу ата-эненин милдети деп коет элибизде. Азыр, биз, жаңы төрөлгөн бөбөккө азан айттырып ат коебуз. Эки команда ат тандап, азан айтуу боюнча сүйлөмдөрдү түзүшүп, анын баш мүчөлөрүн табышат.

  1. а). Бөбөккө азан айттырдык.

б). Биз алдейдин кулагына «Аллох акбар» деп азан айттык.

  1. а). Кылым деген ат койдук.

б). Биз Өмүрбек деген ысым ыйгардык.

  1. а). Ал кылым карыткан кыргыз салтын өтүп жатканда төрөлдү.

б). Чоң атам бөбөккө Өмүрбек деп ат койду.

  1. а). Чоң эне алдейди кармап отурду.

б). Биз да азан айтууга катыштык.

III Бешикке салуу — бала үч, беш, жети күндүк болгондо, бешикке салуу салты өтөт. Адатта, бул кааданы келиндин төркүнү өткөрөт. Наристенин таеке журту: таенелери, таажеңелери бешик жасап келишет. Таекелери жээнине белек жана энчи бөлүп беришет. Бешикке салынган наристеге апасы бешик ырын ырдайт:

Бешигиңе жата гой,

Таттуу уйкуга бата гой.

Мойнумдагы тумарым,

Моокум канбас кумарым.

Жакамдагы кундузум,

Асмандагы жылдызым.

Ак бешикке жат бөпөм.

Алдей бөпөм ыйлаба,

Ата-энеңди кыйнаба.

Бул ырдан аныктоочту табышып, кайсы сөз түркүмү экендигин аныкташат.

 

IV Кыркын чыгаруу — бул салтка да кыргыз эли өтө көңүл бөлөт. Бөбөккө кырк күн болгондо, аны кырк кашык сууга жуунтат. Баланы үй бүлөдөгү тажрыйбалуу аял киши же кадырлуу чоң энелер жуунтуп, «ит көйнөгүн» чечип, ага аталып тигилген түстүү көйнөктү кийгизет. Балага көйнөк кийгизип жаткан аял ар бир түскө маани берүү менен аларды чечмелейт. Кырк түстүү көйнөк болот. Мында окуучуларга карточкалар таркатылып, толуктоочту табышат.

Мисалы:1). Кырк баланы кырк үйдөн, Манас бир күн жыйнап алыптыр.

2). Сексен бала качырып, кырк балага асылып.

3). Кырк баланы сексени, жалынса болбой урганы.

4). Баланы кырк кашык сууга жуунтат. Көйнөк кырк түстө болот ж.б.

5). Тушоо кесүү наристе эми жаны кадам шилтегенде өткөрүлөт. Баланын буту ала жип менен байланып, марага биринчи келген бала аны жетелеп кетет. Ошол бала же айыл апага кадыры бар адам баланын бутуна байланган  жипти кесет. Азыр, балабыз Кылымдын тушоосун кесебиз. Баарыбыз ой күлүк аркылуу чуркайбыз. Доскадагы тушоо кесүүгө  арналган ырдан бышыктоочторду таап биринчи марага келебиз.

Кас-кас, кас бөбөк,

Кадам таштап бас бөбөк,

Тоодогу аскадан аш бөбөк.

Кечээ күнү туулган,

Ак улакка жет, бөбөк.

Мурда күнү туулган,

Көк улакка жет бөбөк.

Кас-кас, кас бөбөк,

Кара улактай бас бөбөк.

Атырылып аргымактай жүр бөбөк,

Өз  тилинди аталардай бил бөбөк.

Ошентип балабыздын тушоосун да кесип алдык. Ушул салттардын аягында эмне айтышат?

-Бата беришет.

-Келгиле анда Кылымга бата берели.

Жыйынтыктоо: Сабакты бата менен жыйынтыктайбыз. Бардык сүйлөм мүчөлөрүн талдайбыз.

Көтөргүлө колуңарды,

Кудай ачсын жолунарды.

Базарда буудай басылсын,

Баланын бактысын кудай ашырсын.

Береке берсин ашына,

Бейпилдик берсин башына,

Узун өмүр жаш берсин.

Абийир берсин, ыйман берсин.

Жигит пири –Шаймерден колдосун.

Оомийин!

Андан соң эки команданын чачыласын эсептейбиз. Ким канча чачыла топтоду? Кайсы командада чачыланын саны көп болсо, ошо команда жеңишке ээ болот.

Үй тапшырма: «Кагылайын кыргыз салтым» деген темада текст тузуп, аны талдайбыз.

Баалоо: Окуучулардын билим деңгээлине жараша баалап, сабактан бошотом.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер