УЛУУ КӨЧТҮН УЛАНДЫСЫ: ИНТЕЛЛИГЕНТТИК ДИНАСТИЯНЫН ӨРНӨГҮ

  • 06.12.2017
  • 0

“… Келчү жылга жетелешет үмүттөр,
Кеткен жылга менде күчтүү сагынуу…”

УЛУУ КӨЧТҮН УЛАНДЫСЫ:  ИНТЕЛЛИГЕНТТИК ДИНАСТИЯНЫН ӨРНӨГҮ

 ( Коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенгүл Болжурованын портретине штрихтер )

 

   Ар бир адам  турмушунда, жашоосунда тагдыр өзгөрткөн, ага түздөн түз түрткү болгон адамдар тууралуу жүрөгүндө жылуу сезимдерди сактайт … Адам адам менен адам деген сөздүн да мааниси ушул өңүттөн алганда алда канча өзүнүн чындыгын ырастап келет.  Балким, бул сөздүн удулу анын тереңинде жатар…  Адамдын тагдыры ар кандай адамдар менен жолуктуруп, биринен шыбага алса, экинчисинен өнөр таанып, үчүнчүсүнөн таалим алып, ал адамдарды өз устатың катары аздектеп келесиң.  Ал эми чоң турмуштун сабагы, алда канча татаал, алда канча маңыздуу болбосун, адамды өтмө катар байлап келген жакшы сапаттар гана бириктирип келет. Көптөн бери чолобуз  тийбей же колубуз бошобой убакытка жетеленип, алда канча убактан бери көкүрөктө уюп келген купуя сөздү айтай албай келдик.

Бирок, ошо купуялык дайыма эле көкүрөктүн бир бурчунда сакталып келгени, ал дайыма эсиңде жүргөнү, качандыр бир убакта а тууралуу жазарыңды, изги элестер менен ойлордун түрмөгү көздөн учуп, ага да канат байлап, убакыт ирмемин бир паска токтото турган кез да келет окшобойбу…

Анын кеп маңызы да ушул ойлордун канатында турат…

Көптөн бери, атактуу Бөкөнбаевдерди үй-бүлөсү, тагыраак айтканда, ошол үйдун кут-очогу Ишенгүл  Болжурова жөнүндө жазуу ниети көкүрөк уялап жүргөн. Элбиздин баары билген, тааныган, сыйлаган инсан тууралуу жазуу бир чети оной, онойлугу аны баары билет, баскан жолу, өмүр таржымалы, кылган иши баарына дайын, ошондонбу бу шилтем оңой эле жазыла калгандай туюлат.

Кыйын жагы?.. эл билбеген, эл тереңдеп байкабай жүргөн адамдык сапаты, мүнөзү ойлоо дүйнөсү, жанындагыларга жасаган мамилеси, дүйнөтаанымы, адамдык дөөлөттөрү… албетте, тек гана көзгө даана учурай турган шилтемдер эмес… А, балким, бул чакан штрих да Боложурова эжекебиздин адамдык портретине жасаган чакан экскурс болоор, канткен күндө да биздин гана а киши тууралуу оюбуз тек гана ортого салынып олтурат…  Анткени, ал элдик киши. Элдик адам, элдик инсан.

Бу кири-когу аралашкан, оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө бири бирибиз тууралуу ачык кепти айтып, калыс сөздү сүйлөп, агыбыздан жарылган учур деле жаадыбыздан чыгып бараткандай. Өкүнткөнү жаныбызда жүргөн адамдарды кеп кылып, алар тууралуу азыноолак элге айтып берүү салты деле ушул кыйын мезгилдин боегуна оошпай бараткандай туюлат мага… Кептин атасы. Бул сөз  элибизде өзгөчө кастарланат. Өз убагында айтылган сөз, айтылган кеп орундуу да, маанилүү да. Бүгүн айтпасак качан айтабыз?..

Бул ой тек гана жаадыбыздан чыккан, жандооч кеп.

Ишенкүл Садыковна өмүр бою билимдин артынан сая түшкөн инсан. Биз анын илим дүйнөсүн же ал жазган эмгектер тууралуу эмес. Аны тек гана көңүлүбүздө тутуп, адамдык, инсандык, деги аялдык дүйнөсүнө үңүлүп көрсөкпү деген ниетте турабыз. Ишенкүл Болжурова жөнөкөй окутуучудан өкмөт башчысынын орун басарына чейики жолду басып өттү. Бул тек гана кургак факты болушу мүкүн. Бирок, бу эки сөздүн ортосунда адамдык ааламдын не бир татаал да, не бир сыймыктуу да, не бир өйдө-ылдый да турат. Адам бул жолду басып өтөт, бирок ал басып өткөн өмүр ирмеминде из калыш керек. Ишенкүл эже кыргыз маданиятында, улуттук адабиятта чоң из калтырган улуу адамдын бүлөсү, атактуу Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышееванын келини, алардын тарыхый эстутум өзү менен чогуу ала жүргөн үй-бүлөлүк бекем салты бар.

Кыргыз интеллигенциясынын алгачкы муунун тарбиясын көргөн, ошол духта өскөн, ошол салтта тарбияланган Кулубек Бөкөнбаев Ишенкүл эженин өмүр жолдошу. Бул үй-бүлөнүн генетикалык коду интеллигенттүүлүк, кыргыз интеллигенциясынын алгачкы муун өкүлдөрү. Жоомарт  Бөкөнбаев жана Тенти Адышеева тууралуу эчен макалалар, көз караштар жазылды. Бул адамдар чыныгы сөздүн маанисинде, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын өзгөчө сөзгө татыган өкүлдөрү болгон. Кыргызда ырыс жуугушат, салт оошот дейт. Бул үйдүн династиялык коду — интеллигенттүүлүк, болгондо да генетикалык интеллигенттүүлүк  алардын өмүр мыйзамында өзгөчө сыпатталып келет.

Азыркы учурдун парадоксу да мына ушундай…  ички адамдык маданиятты алып жүргөн, терең инсандардын арабыздан суюлуп баратканында… бул тек гана байкоо эмес, аны мезгил күзгүсү кашкайта көрсөтүп келет…

Ишенкүл Болжурова кыргыз аялдарынын арасында төбөсү көрүнгөн инсан. Жаңы кыргыз аялдар коомунун лидерлеринин бири, жаңы формациядагы, жаңы көз караштагы инсан. Өзүнүн ой-жүгүртүү, дүйнөтаанымы, көз карашы боюнча, бир топ асыл сапаттарды алып жүргөн замандашыбыз. Кыргыз саясий жана маданий истеблшментиндеги үлгүлүү үй-бүлөлөрдү, династияларды, мыкты адамдардын өмүр жолун жазуу, ал өзүбүздөгү улуттук өзгөчөлүктү тутуп келген, салттуулукту жарыя айтуу менен барабар.

Азыркы күндө идеалдар өз маанисин жоготту дейбиз. Бирок, бул ой да туура эмес. Жакшыны көрүп жакшы өсөт, биздин улуттук тарбиянын элдик педагогикасы ушул асыл дөөлөттөргө эзелтен негизделип келген. Кыргыздын мыкты чыкма үй-бүлөлөр азыркы күнгө чейин бизге үлгү  болуп келет. Сабира Кумушалиева менен Муратбек Рыскулов, Кайрынса Козубаева менен Апсамат Масалиев,  Кулипа Токтомамбетова менен Курмангали Каракеев, Мария Нанаева менен  Каип Оторбаев, Самара Токтахунова менен Чалагыз Исабаев, Мираида Далбаева менен Сатыбалды Далбаев,  Сабира Чылпакова менен Жалил Садыков, Саткын Абдырахманова менен Эсенгул Ибраевди ж.б. көптөгөн өмүрлөш адамдарды айтаар элек. Булар үй-бүлөлүк дөөлөттү ыйык туткан кадырлуу адамдар, кыргызга белгилүү инсандар…

Мына ушул ойдон улам Ишенгүл Болжурова менен Кулубек Бөкөнбаевдин ушул ысымдар арасына кошор элек. Бир чети Ишенгүл Садыковнаны жакындан билген адам катары, ал кишинин жогорку адамгерчилик сапатындагы интеллигенттүүлүктү, аялдык нарк-насилди ганан эмес, керек учурда күчтүү эркти, чечкиндүү мүнөзүн да баса белгилеп өткүбүз келет. Соңку жылдардагы өлкөнүн билим министрлеринин арасынан Ишенгүл Садыковнаны бөлүп кароого болоор эле. Өлкөдөгү билим тармагындагы реформа, өзгөчө этаптуу жылдар анын ысмы менен тыгыз байланышта каралат. Ал гана эмес, Бишкек гуманитардык университетин кандай деңгээлге көтөрдү. Бул ЖОЖ азыркы күнгө дейре мыкты маркасын улантып келет. Анткени, бул салттын баштоочусу да Болжурова болгон, ал ушул жерден бийик трамплинге көтөрүлгөн.

Адам башына ар кандай сыноо келет… Соңку жылдар аралыгында бул сыноолорду да чыныгы адамдык тазалыкты сактай билүү менен басып өткөнү маалым. Эсибизде, 2005-жыл элдик толкундоолор күчөп, акаевдик бийликке катуу каршылык башталган. Бул күрөштүн башында кыргыз аялдарынын арасынан Роза Отунбаева менен Ишенгүл Садыкова турду. Акаев доорунда билим тармагын башкарган адам кантип… көп өтпөй эле ага каршы баррикадага өттү. Ал өз башынын, керт башынын кызыкчылыгынан эмес, адамдык чындыктын, акыйкаттуулуктун позициясынан улам ушул күрөшкө чыккан. Акаев бийлигине жалтанбастан чыгып, кадимки эле назик, аялдык асыл зат ээси, келишкис күчтүү инсанга айланды. Айрым адамдардай коңул позициясын күтпөй, ачыктан ачык күрөшкө чыкты. 2005-жылы Өзгөндө, Жалал-Абадда болгон алгачкы элдик толкундоолордо эчтекеден жалтанбаган айым, “Акаев кетсин!” деп баракчаларды элге ыргытып жатты. Элди акыйкат күрөшкө үндөдү. Бул күч, бул кайрат кайдан чыкты?.. бул мүнөздү ал кайдан алган эле?..

Ишенгүл Садыковна жаш кезинен жалаң кыздардан турган үй-бүлөдө чоңойгон, ошол үй-бүлөгө атасы Садык айрыкча чоң турмуштук таасир калтырган. Анткени, Садык аксакал өмүр бою милицияда иштеген, эр мүнөз киши болгон дешет. Ошол атасынан мурасталган кайрат, кыз болсо да Ишенгүл кызында калган экен. Ишенгүл Садыков кезегинде атасы тууралуу “Атам Садык мен үчүн өзүнчө эле дүйнө болчу, эгерде эмне жакшы сапат болсо ал атамдан… Атам мен үчүн  урагыс дүйнө” деп жазганы бар.  Ошокездеги  Болжурова менен андан мурдагы Болжурова бизге эки ажырым адамдай көрүнгөн, назик аял күрөшчүл аялга айланган, демек, ал көкүрөгүндө назиктикти да, күрөшчүл духту да  ала жүргөн адам экендигин көрсөткөн.

Өмүрлүк жолдошу Кулубек Бөкөнбаевдин атасы Жоомарт акын кыргыз поэзиясынын алпы катары таанылса, кийинки атасы, тарбиялап өстүргөн, таалим берген атасы Муса Адышев кыргыз илминин алпы болгон. Ал ушул эки алптын тарбиясын көргөн, ушул эки улуу адамдын медерин сезген адам. Муса Адышев атактуу Алымбек Датка менен Курманжан датканын тукуму, асылдан асыл чыккан инсан. Кулубек Бөкөнбаев да илимдин туу чокусуна чыккан инсандардын бири…

Бөкөнбаев жана Болжурова. Бул үй-бүлө 70-жылдардан кийинки шаардык интеллигенция өкүлдөрүнүн өзгөчө мисалы. Азыркы кезде бул түшүнүк “шаардык” деген сөз да ар кандай дөөлөт түшүнүктөргө, социалдык фондо, турмуштун лабиринттинде өзүнүн нукура түшүнүгүн жоготуп баратат. Кыргыз адабиятында же киносунда чыныгы шаардык интеллигенциянын өзгөчө дүйнөсүн чагылдырган адабият же кино жоктой. Бул дагы биздин турмушубуздагы атайын көркөм изилдөөнү талап кылган тенденция. Азыркы шаардыктардын көпчүлүгү маргиналдар, алар ички адамдык маданиятында элет менен шаардык психологияны алып жүргөндөр. Албетте, азыр интеллигенция көп, бирок интеллигенттүүлүк азайып бараткандыгы бул да чоң проблеманын бири. Ушул тейден алып карганда, бул “чакан мамлекеттин” дүйнөсүнөн көп үлгүү болорлук жактарды алат элек.

Принцип… Адамдык принцип бүгүн биздин бүткүл бейенебизди чагылдырып турган социалдык портретибиз. Мүмкүн ошол портреттин айрым бир штрихтерин тартып берүүгө, бул чыныгы интеллигенттүүлүк өкүм сүргөн үй-бүлөнүн таржымалынан байкалар. Маданияттуулук, ички маданияттуулук бул эки жубайды бириктирип келет. Кулубек Жоомартовичтин, канында ойногон улууларадын гени аны кээде, чындыкты чындыктай айтып салууга, өз пикирин эркин билдирүүгө, ички эркиндик дөөлөттөрүн бекем кармоого тутунтуп келет. Кулубек Бөкөнбаев өлкөдө илим чөйрөсүндө гана эмес, саясат мейкиндигинде да таанымал инсан. Апасы Тенти Адышеванын китебин чыгарып, үй-бүлөлүк руханий реликвия катары дайыма элге жайылтып келет…

Келер жылдын жанга артык жагымы,
Бирок, билсең бул да өмүр агымы.
Бала келсе бул дүйнөгө баркырап,
Адам кетер, ал турмуш го табигы.
Күлкү менен кубандырса жүрөктү,
Кээде болоор капа чегип, жабыгуу.
Келчү жылга жетелешет үмүттөр,
Кеткен жылга менде күчтүү сагынуу.
Жаңы жылда жоготуудан көп болсун,
Кийин бизди сагындырар табылуу!

…бул ыр саптар Тенти Адышеваныкы. Канчалык бермет ойлор, аруу тилек, изги сезим… Бул адамдык туйгулар анын ырында гана эмес, жашоосунда өзгөчө орунду ээлеп келди. Ар бир сөздө деми, ар бир сөздө жаны, ар бир сөздө жакын адамдарына болгон сүйүүнүн урагыс ойлору турат. Ал ойлор уулу Кулубекке, келини Ишенгүлгө арналганын сезип турабыз, алар аркылуу замандаштарыбызга кайрылып жаткан чакырыгы  сезилп турат. Акындын ар бир сөзү…  ал — анын ички жан-дүйнөсүнүн, ой-туюмунун өзгөчө мамилеси, ошол акындык да, адамдык да маданият Тенти Адышеванын көкүрөк руху. Ал ошол сапатты балдарына ыроолоп кетти… Кыргыздын эки асыл адамдары Жоомарт менен Мусанын жан шериги болуу турмуштун да, тагдырдын да ага тартууланган өмүр барагы. Ошол өмүр барагынын чекит коюула элек барагы артында калган урпактарында уланып келет. Көчтүн көчтөй жолу бар…

Менин ырым – кимдер үчүн ырдалат,
Толкуп жүрөк кимдер үчүн ыргалат?
Күндүр-түндүр кубулжуган үн менен,
Булбул добуш кимди мактап күү чалат?

Мен ырдабайм кызыл алтын зер үчүн,
Мен ырдабайм напси бузуп мал үчүн.
Мен ырдаймын – кайрат болуп эмгекке,
Таза жүрөк – жанган жалын ал үчүн!

…бул ыр улуу акын Жоомарттын ырлары “Менин ырым – кимдер үчүн ырдалат, толкуп жүрөк кимдер үчүн ыргалат?”.. бул ырдын сабында, суроосунда жандырмагы какшайып туюулуп турат. Артында калган балдарына кайрылгандай туюм байкалат. Жоомарт өзү жок болсо да, артында калган балдарын ыры менен тарбиялады, ыры менен асырады, ыры менен канатына  калкалады… бул улуу тарбия!

Улуу көчтү улантып, улуулардын коломто отун өчүрбөй келген айым Болжурованын портретине ушул штрихтер тек гана боек болуп бербестен, турмушта сыналган, тагдырдын бактысы, тагдырдын өлбөс-өчпөс эстутуму… асылдын асыл тагдырын андан ары асылдар гана улап кете алат…

 

С. АКИМОВ

Бөлүшүү

Комментарийлер