№28 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРУН АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТУУ АЗЕМИ

  • 22.09.2023
  • 0

21-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова, Москва районунун акими Ниязбек Козуев, ардагер мугалимдер №28 кесиптик лицейдин директору Сагынбек Чагарбаевди ардактуу эс алууга узатуу аземине катышты.

№28 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРУН АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТУУ АЗЕМИ

Расул Абазбек уулу Сагынбек Кудайбергеновичке 28 жыл директорлук кызматты ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин тапшырды.

“Бул жерге ыдыраган мезгилде директор болуп келген, экономиккалык оор мезгилде кесиптик лицейди сактап гана калбастан, Кыргызстандагы алдынкы кесиптик лицейлердин биринин катарына жеткире билгендиги бул кишинин башкаруу жана педогогикалык чеберчилиги жөнүндө кабар берет”, — деди Расул Абазбек уулу.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 “Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү уюмдарында бир эле адам катары менен 5 (беш) жана андан көп жыл ээлеген директорлордун кызмат ордуна конкурстук тандоо башталды. 19-сентябрда кесиптик лицей жана колледждердин директорлук кызматына сынак жарыялоо тууралуу кулактандыруу жарыяланган —

https://edu.gov.kg/announcements/296/

Бөлүшүү

Комментарийлер