“ӨЛКӨБҮЗДҮН ЖАҢЫ БАГЫТТА ӨНҮГҮҮСҮНӨ ӨЗ САЛЫМЫМДЫ КОШКУМ КЕЛЕТ”

  • 25.08.2017
  • 0

Сабактын максаты

  • Окуп-үйрөнгөн материалдын негизинде ар бир адамдын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролу жана жоопкерчилиги жөнүндө жыйынтык чыгарат;
  • Турмуштук тажрыйбалардан мисал келтирип, адамдын ишмердүүлүгү адептик нормаларга негизделе тургандыгын далилдейт;
  • Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды баалап, алардын адамдын, коомдун жана мамлекеттин турмушундагы ролу жөнүндө жыйынтык чыгарат.

Сабактын тиби:  Билим, көндүм жана ыкмаларды комплекстүү колдонуу сабагы

Колдонулуучу усулдар: Ассоциациялык (байланыштыруу) катарды куруу, топтордо иштөө, презентацилоо, “Телеграмма” рефлексиясы

Сабактын формасы: Ишмердүүлүккө негизделген практикалык сабак

Сабактын жабдылышы: Компьютер, проектор, экран (интерактивдүү доска), презентация, жолдун сүрөтү тартылган ватман, маркер ж.б.                        

Сабактын жүрүшү

Сабактын этаптары жана методдору 

Мугалимдин ишмердүүлүгү

 

Окуучулардын ишмердүүлүгү

 

Убактысы

Уюштуруу учуруМугалимдин окуучулар менен саламдашуусу жана жаңы окуу жылы менен куттуктоосу.

Урматтуу окуучулар, силерди 2017-2018-окуу жылыңардын башталышы жана 1-сентябрь БИЛИМ КҮНҮ менен куттуктайм!

Анда эмесе, урматтуу окуучулар, алгачкы сабагыбызды Кыргыз Республикасынын Гимни менен баштайлы.

Саламдашуу жана жаңы окуу жылынын башталышы менен мугалимди куттуктоо.

Окуучулар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин ырдашат.

Ак мөңгүлүү аска тоолор, талаалар,

Элибиздин жаны менен барабар.

Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,

Сактап келди биздин ата-бабалар.

Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың колуңда.

 

 

5 мүнөт

Чакырык стадиясы

 

Ангемелешүү. Ассоциялык катарды түзүү

Балдар, биз бүгүн Кыргызстан жана анын өнүгүүсүнө ар кимибиз кандай салым кошобуз, ошол жөнүндө сүйлөшөбүз.

Силер биздин өлкө 2040-ж. чейин иштөөчү жаны программа кабыл алгандыгын телевизордон көргөн же Интернеттен окуган болушунар керек. Бул программа “Таза коом” деп аталат.

 

Сабакты улантуудан мурда, мен силерден бул сөз айкашы эмне менен байланышарын (ассоциация болорун) атап беришиңерди сураймын. Мисалы, кандай байланыш болушу мүмкүн? (Ассоциациялар доскага жазылат).

 

Кантип ойлойсунар мыкты коомду куруу үчүн Кыргызстандын жараны кандай болушу керек?

 

 

 

 

 

 

 

 

Окуучулар өздөрүндө жаралган байланыштарды аташат (мисалы, коррупция жок коом, жерди тазалыкта сактоо коому, таза шайлоо коому, тазалык коому ж.б.).

 

Окуучулар адамдын/жарандын сапаттарын айтышат (мисалы, акыйкаттуулук, өзүнө жоопкерчиликти ала билүү, патриоттуулук, өзүнүн жарандык милдетин аткаруу ж.б.)

5 мүнөт
Ой-жүгүртүү стадиясы

 

Мугалимдин презентациясы

Мугалим окуучулардын жооптору үчүн ыраазычылык билдирип, “Таза коом” прораммасынын милдеттери жөнүндө презентацияны көрүүнү сунуштайт же айтып берет.

Презентация Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Кут билим” газетасынын сайтында жайгаштырылган. Окуучуларга сунушталган презентациянын слайды 5-6дан ашпоосу керек. Презентация класска жана сабактын максатына жараша көрсөтүлөт.

Эгер презентацияны көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болбосо, мугалим “Таза коом” программасы жөнүндө оозеки айтып берүүсү керек. Ушул эле этапта окуучуларды топторго бөлүп, аларга презентациянын негизинде түзүлгөн маалымат кагаздарын берүү сунушталат.

Презентациядан кийин мугалим эксперттик топ Таза коомдун “жол картасын” түзүп жаткандыгын жана ал 2017-жылдын 1-октябрында бүтө тургандыгын маалымдайт.

— Келгиле, биз силер менен эксперттик топ катары өлкөнүн өнүгүсүнө болгон өзүбүздүн көз карашыбызды чагылдырып көрөлү.

(Сабакты өткөрүүнүн бир варианты катары мугалим Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жж. аралыгындагы Аймактар боюнча саясаты концепциясынын (www.gov.kg/?pade_id=92323) материалынын негизинде иштөөнү тандап алса болот).

Мугалим жолдун сүрөтү тартылган ватманды доскага илет.

— Бардык мезгилде, айрыкча өлкө жаны жашоого жетүү милдетин койгондо, алдыга жүрүү кыйынчылык менен коштолгон. Силердин милдетинер 3төн 5ке чейин жол белгилерин ойлоп таап, сүрөтүн тартып, эң маанилүү деп эсептеген жолдун пункттарына коюп чыккыла.

О.э. жол белгилерин талкуулап жатканда анын жаран үчүн маанисин, аны ишке ашырууда кандай сапаттар керектигин эске алгыла. Анткени, биз баардыгыбыз биригип Таза коомду курабыз.

Окуучулар презентацияны көрүшөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окуучулар топторго бөлүнөт.

 

 

 

 

 

 

Топтор өз лидерин, спикерин, хронометристти жана сүрөтчүсүн аныктап алса болот.

 

10 мүнөт
“Жол белгилери” менен иштөөМугалим окуучулардын ишмердүүлүгүнө көз салып  карап турат.Окуучулар топтордо иштешет.10 мүнөт
“Жол белгилеринин” презентациясы жана Таза коом үчүн Кыргызстандын жол картасын түзүүМугалим ар бир топко сөз берип, презентациянын убактысын жана окуучулардын чыгууларын көзөмөлдөп турат.

Ар бир презентациядан кийин тактоо жана толуктоо үчүн 1-2 суроо даярдоо сунушталат.

Топтор өз эмгектерин презентациялап, келечекте өздөрүн кесиптик жана адамдык сапаттар боюнча кандай элестетишет, түшүндүрүп беришет12 мүнөт
Рефлексия.

“Телеграмма”

Сабакты жыйынтыктап жатып, “телеграфтык стилде” ар бириңер бул сабакта силер үчүн эмне маанилүү болду, эмнени үйрөндүнөр, жазып бергиле, 5 сөздөн ашпасын.Окуучулар жазышат.3 мүнөт

 

Иштеп чыккандар: Иманкулов М., Доталиев А., Калеев У.Э.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер