КЫРГЫЗ ТИЛИН БАЙЫТКАН ИНСАН

  • 11.03.2016
  • 0

 Токоев Таалайбекти тааныганыма 38 жылдын жүзү болуптур. Оо, анда совет учуру эле, кайталангыс студенттик жылдар… Мен 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  Кыргыз филология жана журналистика факультетинин 1-курсунда окуп жүргөнүмдө, ал 4-курстун студенти болчу. Сыртыбыздан тааныш элек. Такем экөөбүздүн адепки сырткы тааныштыгыбыз бара-бара достукка айланды, достукка айланткан көпүрө илим болду.

А

Ар бир адам өзүнүн жөндөм-шыгына жараша кайсы бир кесипке кызыгат, анын өтөөсүнө чыксам деп, коомго пайда келтирчү ишти жаратсам деп умтулат. Ошол сыӊары, Такем экөөбүздүн оюбуз бир максатка багытталып калды. Бизди кыргыз тили илиминин синтаксис маселелери кызыктырып, баамдаган оош-кыйыштары тууралуу сөз кылып, ортого салган ойлорубуз, пикирлешүүлөрүбүз, талаш-тартышууларыбыз, андан жаралган илимий макалаларыбыз экөөбүздү илим чөйрөсүнө жетелеп кирди. Ошондон ушул убакка чейин кыргыз тили илиминде ийиндеше иштешип келебиз. Эсимде, 1985-1986-жылдары Москвадан чыгуучу тил маселелерине арналган жыйнактарга жана илимий журналдарга кыргыз тили илиминин синтаксисине тиешелүү болгон парцелляция кубулушу тууралуу Такемдин бир катар макалалары жарыкка чыккан. Илимий-теориялык негиздеги бул макалаларда жөнөкөй сүйлөмдөрдүн айрым мүчөлөрүнүн, татаалдашкан айрым түрмөктөрдүн, татаал сүйлөмдөрдүн кээ бир бөлүктөрүнүн сүйлөм чек арасынан тышкары жайгашып калышы, алардын синтаксистик өзгөчөлүктөрү, стилистикалык мүмкүнчүлүктөрү сыпаттоого алынып, кыргыз тилиндеги парцелляция кубулушу катары далилденет. Бул синтаксистик кубулуштун илимий жактан атайын иликтөөгө алынышы практикалык багыттагы кызыгууларды туудурары шексиз. Себеби, кыргыз тилиндеги парцелляциялык кубулушту илимий негизде ар тараптуу аныктоо аркылуу ар түркүн тилдик айрым каражаттар, айрым стилдик ыкмалар, өзгөчө сүйлөмдүк түзүлүштөр тереӊдетилип такталат, пунктуациялык кээ бир эрежелерге түзөтүүлөр киргизилет. Кандай болгон шартта да, жөнөкөй же татаал сүйлөмдөрдүн айрым бөлүктөрүнүн кеп процессинде өз алдынча жайгашып калуу өзгөчөлүктөрүнүн  өзүнө тиешелүү мыйзам ченемдүүлүктөрү болот. Ошол 80-жылдары кыргыз тили илиминде парцелляция проблемасы окумуштуулардын көӊүлүн буруп, атайын изилдөөгө алына элек маселелерден эле. Токоев Таалайбектин илимдеги алгачкы жаӊычылдыгы ушундан башталган. Парцелляция кубулушунун синтаксистик маӊызын жөнөкөй сүйлөмдөрдүн материалдары аркылуу ар тараптуу кеӊири иликтеп чыгып, анын негизинде «Кыргыз тилиндеги парцелляция» деген темада 1995-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт.

Кийинки мезгилдерде кеп аспектисинин ар тараптуулугуна жараша синтаксистик деӊгээлдин өзгөчөлүктөрүн традициялык грамматикасынын алкагында толук чагылдыруу эч мүмкүн эместигин турмуш өзү далилдеп койду. Кеп каражаты катары сүйлөм да теориялык жактан өзүн актай албады. Сүйлөм мүчөлөрүнүн формалдык мүнөздө экендиги синтаксистик изилдөөлөрдө ачык белгилене баштаган. Муну туура баамдаган окумуштуу азыркы кыргыз адабий тилинин функционалдык стилдеринде калыптанган экспрессивдик синтаксистик  конструкциялардын лингво-стилистикасына көӊүл бурат. Экспрессивдик синтаксис кеп өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү атайын конструкцияларга ээ. Ал кыргыз тилинин салттуу синтаксисинде атайын изилдөөгө алынбай келген. Натыйжада Токоев Таалайбек «Кыргыз тилиндеги экспрессивдүү синтаксистик конструкциялар» (2006-ж.) аттуу темада докторлук диссертациясын коргойт. Бул эмгекте кеп синтаксисиндеги экспрессивдүүлүк, аны уюштуруучу конструкциялардын  функционалдык табияты, кеп процессиндеги ролу, ишке ашырылыш жолдору жана шарттары, стилдик өзгөчөлүктөрү, прагматикалык, коммуникативдик функциялары изилдөөгө алынган.

Профессор Токоев Таалайбектин илимдеги зор эмгектеринин бири – XI кылымга таандык Махмуд Кашкаринин «Түркий тилдеринин сөздүгү» («Дивану лугат – ат-түрк») эмгегинин араб тилинен кыргыз тилине которгондугу. Дүйнөлүк мааниге ээ болгон бул сөздүктү Такем жаш арабист К. Кошмоков менен бирдикте которуп, аны 2011-2013-жылдары үч томун жарыкка чыгарды. Сөздүк түрк элдеринин тилдик фактыларынан орфография, лексика, лексикография, грамматикасынан гана кабар бербестен, ошол мезгилдердеги жалпы түрк элдеринин жашоо-турмушунан, социалдык абалынан, үрп-адаттарынан, маданиятынан, экономикасынан, турмуштук көз караштарынан кабар берген кеӊири маалыматтарды өз ичине камтып турат. Аталган эмгек азыркы учурдагы лингвистикалык, адабияттык, тарыхый, этнографиялык, этнопедагогикалык, философиялык ж.б. багыттардагы илимий изилдөөлөргө баа жеткис объект болуп бере алат.

Профессор Токоев  Таалайбек менен жаш арабист  Кошмоков Кубатбек экөө Махмуд Кашкаринин бул сөздүгүн үч томдук сөздүк кылып которуудагы баа жеткис эмгегин баса белгилеп коюшубуз парз. Кандай гана «Сөздүк» иштелип чыкпасын, ал оор мээнетти талап кылган машакат-түйшүктөрдү жаратпай койбойт. Мезгилинде «Кыргызча-орусча сөздүктүн» автору К. К. Юдахинге бекеринен мамлекеттик сыйлык ыйгарылбаса керек. Кыргыз тилине которулган бул сөздүк — катардагы сөздүктөрдүн бири эмес. Анын дүйнөлүк мааниси бар. Ошондуктан өз баасын алууга тийиш.  Такем «Сөздүктү» кыргыз тилине которгон соӊ, алдына койгон башкы милдеттердин бирине жеттим деп, кыргыз элинин алдында өз вазийпамды аткардым деп өзүнө-өзү ыраазы болуп жатып алган жок. Кыргыз тилинин сөз айкашына, сүйлөм маселесине тиешелүү болгон олуттуу эмгектерди жаратууда. Азыркы учурда Бишкек гуманитардык университетинин Кыргыз тили илими кафедрасынын башчысы кызматын аркалап, магистрлик жана кандидаттык диссертацияларга илимий жетекчи катары кадр даярдоодо зор эмгек сиӊирүүдө.

Убакыт учкан куш белем, кечээ эле солкулдап турган жаш жигит бүгүн 60 жаштын эшигин «аргасыз» каккылап отурат. 60 жашка үзүрлүү келдиӊ. Өмүрүӊ узун, ден соолугуӊ чыӊ болсун! Кыргыз эли үчүн мындан да зор  иштерди аткара беришиӊе тилектешмин.

Т

Таке, илимдеги ийгиликтериӊдин жаралышына эжем Байкалдын опол тоодой эмгектери бар экендигине атайын токтолгон жокмун, аны кийинкиге калтырдым. Эӊ башкысы, Байкал эжем экөөӊөрдүн илим жолунда кубана турган көп күндөрүӊөр али алдыда.

А. Дунканаев,

филология илимдеринин доктору, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин деканы 

Поделиться

Комментарии