НУКУРА МУГАЛИМДЕРДИН ЛИДЕР КЫЗЫ

  • 04.03.2016
  • 0

Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыргызстандык аялзатынын коомдогу ролун кеӊейтип, бизнес чөлкөмүнө жол ачып, жаӊыча ойлонтуп, жаӊыча кадам шилтегенге, өз укуктарын коргой билгенге үйрөткөн Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира АКБАГЫШЕВАны майрам алдында сөзгө тарттык. Бул жолу биз анын коомдук ишмердиги жөнүндө гана эмес, жеке жашоосу тууралуу да окурманга айтып берүүнү туура көрдүк.

Бала чак, өспүрүм убак жана жалындаган жаштык

 Биздин каарманыбыз   Чүй облусунун Сын-Таш айылында 1958-жылдын 10-сентябрында  жарык дүйнөгө келген. Бирок анын балачагы көк муздуу, аска зоолуу Нарын аймагында өткөн. Ал Нарындагы атагы далайга чыккан Чкалов атындагы мектепте жалаӊ бешке окуп, окуучулук кезинде эле пионер отрядынын, дружинанын председатели болуп лидерлик сапатын көрсөтүп келген. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен аяктап, студенттик жылдары лениндик стипендияга ээ болуп, факультеттин комсомолдук уюмун жетектейт.

— Университетте комсомол уюмунун секретары болуп иштеп турганда менин айлыгым 150 рубль, лениндик стипендиант деп 100 рубль алаар элем. Ата-энемен бир тыйын сурабастан менден кийин окууга келген үч  студентти кошо бакчумун. Ошол кезде жаш адис мугалимдер болгону 70 рубль алганы эсимде, — дейт Замира айым.

Жогорку окуу жайын бүтөр жылы атасы Акбагыш кайтыш болуп, анын аспирантурада калып окуйм деген максаты ишке ашпай калат. Ошентип ал 1989-жылга чейин Кыргызстан  комсомолунун Борбордук Комитетинин басма сөз, пропаганда жана үгүт боюнча сектор башчысы болуп эмгектенип, жаш кыз-келиндер менен иш жүргүзүп, ошол эле кезде телевидениеде дагы алып баруучу болуп иштейт. Кийин ал  Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин алдындагы партиянын тарыхы институтунун илимий кызматкери, андан соӊ Мамлекеттик мүлк фондунун  маалымат катчысы,  ошол мезгилдеги “Казына” гезитинин башкы редактору да болуп эмгектенгенин сыймыктануу менен эстейт. Анткени советтик мезгилде жаштарды комсомолдук уюмдар жоопкерчиликке тарбиялап, чыгармачылык жана уюштуруучулук  касиеттерге такшалтчу. Мына ушундай сапатка сугарылган  Замира Акбагышева 1993-жылы Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти болуп шайланат.

Мугалимдик династия

 Замира Акбагышеванын айтымында, анын  ийгиликке жетишкени  чынчылдыкка, принципиалдуулукка жана абийирдүүлүккө тарбиялаган мугалим  ата-энеси  Акбагыш менен Нурбүбү Акматылдаевдерге таандык.

— Менин атам жана апам мугалим болушчу. Атам 50 жашында кайтып кетти. Бирок азыркыга чейин кайсыл жерге барбайын “Сиздин атаӊыз мени окуткан, мени жакшы көрчү” деп улгайып калган агай-эжейлер айтышса атамдын эмгеги өлбөптүр деп сыймыктанам. Атам Акматылдаев Акбагыш Нарын шаарындагы Киров атындагы №3 мектепте математика, астрономия, черчение сабактарын берчү. Атам тогуз жашка чыкканда анын атасы согушка кетип, келбей калган экен. Бардык үйдөгү эркектин милдети атама жүктөлөт. Жалаӊ бешке окуган үчүн ал 14 жашынан баштап мектепте мугалим болуп иштеп калат. Мугалимдик кесипти ал 36 жыл үзүрлүү аркалады.  Атам тубаса педагог болгон десем жаӊылышпайм. Анткени ар бир баланын оюн билген, ар бирине аталык мээримин төккөн өзгөчө адам эле. Көрсө, чыныгы мугалимдер окуучуларын балдарынан артык көрүп, өзүнүн билгендерин аларга тартуулайт тура. Анын жашоодо принципиалдуу бол, чындыкты бетке айт, китепти көп оку ж.б.у.с. асыл сөздөрү менин ийгилигимдин ачкычы. Ал эми апам Нурбүбү башталгыч класстын мугалими болчу. Анын окуучуларга болгон мамилеси өзгөчө кеп. Себеби үйгө келгенде кичинекей бөбөктөрдүн мурдунан аккан суусу, шилекейлери аарчылган анын юбкасын, пальтосун көрүп таӊ калчумун.  Көрсө, аны балдар кучактап алып өпкүлөшчү экен. Караӊызчы, илгерки мугалимдердин окуучуларга болгон мээрими. Болгону мугалим окуучусун, кесибин сүйүш керек экен. Мен ата-энем менен сыймыктанам. Мугалимдин балдары тартиптүү болушат жана окууга умтулуусу да күчтүрөөк болот, — дейт Замира Акбагышева.

Ата-эненин  изин өчүрбөй кыздары алардын жолдорун татыктуу улап  келатышат. Алсак, Акбагышева  Гүлмира И.Арабаев атындагы  КМУда окутуучу болуп иштесе, Гүлайым Кыргызстан Эл аралык университетте окутуучу, ал эми  Бегайым аттуу кызы кесиби  боюнча  медик болгону менен ал америкалык проектте дарыгерлерди жаӊы ыкмаларга окутат.

Аялдар конгресси мугалимдерди колдойт жана коргойт

Билим берүү тармагы  Кыргызстан аялдар конгресси үчүн приоритеттүү тармак. Анткени билим берүү тармагы көп нерселерди камтыйт.

— Аялдар конгресси ар дайым мугалимдерди колдойт жана алардын укуктарын коргоп келет. Билим берүү системасынын көйгөйлүү маселелерин тренингдерде чогуу чаран олтуруп алып талкуулайбыз. Мени кейиткени, иштин көзүн билген мыкты мектеп директорлордун, мугалимдердин дарегине  айрым учурда коомдо терс сөздөр айтылып, жалаӊ эле аларды №1 коррупционер кылып көрсөтүп салышат.  Ар бир нерсени айтууда сөзсүз далилдүү фактылар болушу зарыл. Жөн эле көрө албастыктан жакшы иштерге көө жапкан туура эмес. Билим берүү тармагында мыкты, лидер аялдар бар. Мисалы, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова өз ишин  билген, көп маселелерди убагында чечип, коомчулукка чыгарбай иштеп жатат.  Бул  дагы  лидерлик сапаттын  ээсине туура келет. Светлана   Кенжебаева, Анара Абдылдаева, Сабийра Челпакова ж.б.у.с. билим берүү тармагындагы лидер аялдарды атап кетүү парз. Ошон үчүн конгресс ушундай мыкты  иштерман  аялзаттарына  Эл аралык маанидеги  Кыргызстан аялдар конгрессинин  “Лидерлик үчүн” алтын медалы менен сыйлап  келебиз, —  дейт    Замира Акбагышева.

Коюлган максаттар – аткарылган иштер

 Кыргызстан Аялдар конгресси 1993-жылы түзүлгөндөн тарта аялдарга коомдук, саясий, экономикалык жактан, социалдык жана маданий чөйрөдө да көмөк көрсөтө алган уюм болуп калды. 23 жылдын ичинде 61 проект иш-жүзүнө ашырылган. Конгресстин филиалдары жети облуста, 42 райондук жана шаардык аймактарында, 59 айыл өкмөтүндө бар.

— Аялдардын абалын жакшыртуу жаатында Аялдар конгресси абдан зор үлүш кошо алды, себеби Конгресс каражат жактан көз каранды эмес  жана  Конгресстин мүчөлөрү дасыккан адистер болгондуктан Улуттук программаларды жүзөгө ашырууда чоӊ салым кошо алды. Конгресстин жардамы менен аялдар арасында бизнес ишкерлери пайда болду, анткени аларга бизнести ачуу үчүн финансылык сабаттуулукка, насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө, лидерлик сапатты ачууга, пикир алмашуу технологиясына окутуу жүргүзүлдү. Буга бизнес-инкубациясынын ачылышы, ушул күндө да жигердүү иш жүргүзүп жаткандыгы далил, — дейт З.Акбагышева.

 Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар конгресси  дүйнө жүзү боюнча алдыӊкы лидер болуп саналат. Ушул учурда 25 бизнес-инкубатор 2300 адамга жумуш ордун табууга шарт түзүп берди. Кыргызстан Аялдар конгресси бизнес негиздеринде, компьютерде иштөөгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө 14390 адамга көмөк көрсөттү. Ошондой эле Эл аралык аялдар бизнес-инкубатор ассоциациясы түзүлдү. Эмгек мигранттарынын укугун коргоо боюнча долбоордун үстүндө да Аялдар конгресси үзүрлүү иштеп жатат. Бул долбоор негизинен Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарга, айрыкча Орусиянын Челябинск облусундагыларга көмөк көрсөтөт, себеби ал жерде «Укук коргоо» борбору ачылган.

Кыргызстан аялдары

 Кайсы учур, кайсы доор болбосун аялзатынын коомдо күчү зор экенин тарых тастыктап келет. Аялзат бир гана үй-бүлөнүн жарыгын чачпастан, жалпы коомдун өнүгүшүнө салган салымы зор экени баарыбызга белгилүү. 1993-жылдан тарта Кыргызстан аялдарынын жеӊилин жерден, оорун колдон алган Аялдар конгресси, анын президенти Замира Акбагышеванын жетекчилиги алдында өтөлгөлүүөмүр сүргөн ажарлуу аялзаттарынын таржымалын тизмектеген китептер том-том болуп чыгып келатат. Быйыл дагы тээ алыскы айылда эмгектенген таланттуу мугалимдердин ысымдарын атаган китеп жылдагыдай эле 15-май — Энелер күнүнө карата чыгарылат.

Мындан сырткары Замира Акбагышеванын «Бизнес-инкубаторлор чакан жана орто бизнести  өнүктүрүүдөгү инновациялык модели» деген эмгеги бизнес-инкубаторчулардын жолдонмосуна айланды, себеби китепте алдыӊкы тажрыйбаны жайылтуу, анын ыкмасы, иштөө тартиби көрсөтүлгөн. Учурда бизнести жайылтууга, тажрыйба алмашууга зор таасирин көрсөтө ала турган жети эмгек бар.

Жароокер жар, мээримдүү эне

 Замира Акбагышева бардык аялдардай эле үйдө жакшы кожейке. Тамак жасап, өмүрлүк жолдошунун жакасын кирдетпейт.

— Каныкей деген үч жаштагы неберебиз бар. Аны үйдө Лавров деп коебуз (Орусиянын тышкы иштер министри Лавров бар го). Үй-бүлөнү бириктирген данакер. Мени ата-энем демократиялык принципте кандай тарбияласа, мен дагы балдарымды, неберемди чоӊ кишидей кабыл алып, тарбиялап келатам. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген принципте балдарым тарбияланды. Эки уулума теӊ сиз деп кайрылам. Мен үчүн алар мырзалар, үй ээлери. Үй-бүлөдө эркек киши башкарыш керек. Ошондо коомдо прогресс, өнүгүү болот.

8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен жалпы кыргызстандык аялзаттарды куттуктаймын! Жаш өткөн сайын аманчылыкты тилеп калат экенсиӊ. Калганынын баарын жеӊсе болот. Ар бир кыргызстандык үчүн аткан ак таӊ ырыскы алып келе турган таӊдар болсун! Ар бир кызарып бүткөн күн биз үчүн кызыктуу, берекелүү жана жемиштүү  болсун! — дейт Замира айым.

Гүлнара Алыбаева,  “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии