ТҮМӨН ТҮЙШҮКТҮ АРКАЛАГАН СҮЙҮМКАН ӨМҮРАЛИЕВА

  • 22.01.2016
  • 0

  Эл аралык коомдук Чыӊгыз Айтматов академиясынын академиги, көрүнүктүү илимпоз тилчи, педагог, филология илимдеринин доктору, профессор Сүйүмкан Өмүралиева  мындан 10 жыл мурун чыккан «Мен таптаган  жолдор» аттуу публицистикалар, макалалар жыйнагына жазган баш сөзүндө:  «Адам өмүрү чексиз эмес, ошондуктан тирүүлүктүн түйшүгү байып кете турган чак келсе, кийинки муун болобу, көӊүл буруп окуп коет деген ойго келдим да буларды жооптоштурдум», — деп  баш сөз жазып, публицистикалык макалаларынын жыйнагын чыгарган эле. Айтканындай эле, «тирүүлүктүн түйшүгү байып кетип» Сүйүмкан курбум, курсташым күтүүсүздөн (боору ооруп жүргөн экен) дүйнө салып кете берди. Азыр тирүү болгонунда ушул жылдын 19-январында 70 жашка толмок.

Сүйүмкан курсташтарыбыздын арасынан өтө мээнеткеч, өзүнүн карандай эмгеги менен өзүн инсан катары калыптандырган күчтүү  адам эле. Кыргыз мамлекеттик университетин (анда университет ушинтип аталчу) ийгиликтүү аяктагандан кийин (1970) эмгек жолун  Ысык-Көл районундагы «Чоӊөрүктү» мектебинде мугалим болуп баштаган. Жыл өтүп 1971-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясында лексикология жана лексикография секторуна кенже илимий кызматкерликке конкурстук негизде өтүп, иштеп калат. Студенттик кезинен илимге кызыгуусу артып, Кыргызстанда гана эмес, Орто Азия жана Казакстан университеттеринин, педагогикалык окуу жайларынын  илимий конференцияларына активдүү катышып жүргөн Сүйүмкан үчүн Илимдер академиясында иштөөсү келечекте илимге биротоло багыт алуусуна жол ачат. 1972-75-жылдары КМУнун аспирантурасына кирет, аны бүтөөрү менен эле университеттин кыргыз тил илимий кафедрасында иштөөсү менен педагогикалык сапары башталып, өмүрүнүн акырына чейин ушул ардактуу кесипти татыктуу аркалаган.

Ар бир адамдын кандай тагдыры болбосун ал өзүнөн өзү эле жарала койбойт. Айрыкча илим жолунда булактын көзүн ачкан устаттардын эмгеги зор. Миӊдеген жаштардын ичинен бирөө жарымына көзү түшүп, анын жөндөмүнө баам салган, ага аталык, энелик камкордук көрүп, илимге багыт берип, тушоосун  кескен устаттар болот. Сүйүмканда да ошондой болгон. Азыр Караман университетинде иштеп жаткан урматтуу агайыбыз, профессор Акеш Иманов студенттик кезде илимий иштерине жетекчи болуп, канатын тарап жетилтсе, кийин профессор, чыгаан педагог агайыбыз Капкабай Сартпаев академияга конкурска катышууга чакырат. Ал эми кандидаттык диссертациясына академик К.К. Юдахин жетекчилик кылып, ал кишинин көзүөтүп кеткенден кийин Улуттук илимдер академиясынын корр-мүчөсү Т.К.Акматовдун жетекчилиги менен ишин ийгиликтүү коргогон. Албетте, аталган окумуштуулар ысмы аталган жөн эле бир киши болгонундай көрүнгөнү менен, алардын аркасында кыргыз тил илиминин өнүгүүсүнө жасаган опол тоодой эмгектери турганын ким билбейт. Ушул залкарлардан кеӊеш алып, өрнөк алган Сүйүмкан Өмүралиеванын кыргыз тил илимине кошкон салымы да омоктуу болду. Талбай изденип, эмгектенгендин натыйжасында тил илиминин жаӊы багыттары, актуалдуу проблемалары боюнча фундаменталдуу бир катар эмгектерин жазып кетти. Алар «Азыркы кыргыз семасиологиясынын айрым маселелери» (1986), «Кыргыз тили» (авторлошу Т.К.Акматов, 1991), «Чыӊгыз Айтматовдун көркөм чыгармаларына тексттик талдоо» (1997), «Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларына тексттик илик» (1998), «Текст, Семантика, Структура» (2002), «Тексттин лингвистикалык теориясы», (2005), «Кыргыз тили. Энциклопедиялык окуу куралы» (2004).

Сүйүмкан өзү көп жылдар жогорку окуу жайында иштегендиктен ЖОЖдордо кыргыз тилин окутуу маселесинин жолго коюлуп, сапаты артышы үчүн да көп ойлонуп, ЖОЖдордун студенттери үчүн да «Кыргыз тили» (авторлош Т.Акматов (1991), «Кыргыз тили лексикология» (1999, 2000, 2004, 2005), мектептер үчүн «Кыргыз тили» 10-11-класстар үчүн (авторлош А. Сапарбаев, Д.Эгембердиев), (1991, 1993, 2000, 2001) аталган окуу китептерин жазды. Ал китептер бүгүнкү күндө да кыргыз тилин окуп үйрөнүүдө кызмат кылууда.

Республикабыз эгемендүүлүк макамына ээ болгондон кийин кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары иштеп кетиш проблемасы күн тартибине чыкканы эсибизде. Ошол мезгилде тилчи окумуштуулардын арасынан биринчилерден болуп Сүйүмкан суурулуп чыгып, күрөө тамырын так кармаган дарыгер сындуу мамлекеттик тил катары тилинин иштеп кетишинде билекти түрүп, шымаланып кирип иштеди. Натыйжада ал биринчилерден болуп, «Оорулуунун таржымалын толтуруу боюнча орусча-кыргызча суроо жооп (1991)», дарыгерлер жана Мединституттун студенттери үчүн кыргыз тилинде методикалык колдонмо жазуучулардын тобун жетектеп, А.Зурдинов, З.Мусаевдер менен биргеликте методикалык колдонмо жарыялашты (1991). Орус тилчи, ф.и.к., доцент Светлана Кундузакова менен биргелешип, кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн «Изучаем кыргызский язык» (1993-2003) жазышып, колдонууга беришти. Аталган китеп немец тилдүүлөр үчүн кыргыз тилин үйрөнүүгө ылайыкташтырылып, кайрадан иштелип чыгып, Берлинде 1999-жылы басылган. Мындан тышкары, көптөгөн мезгилдер бою Кыргыз радиосунда «Кыргыз тилин үйрөнөбүз» аталышындагы атайын берүүнүн автору, алып баруучусу да болду, ошондой эле «Тил табияты» берүүсүнүн да автору, алып баруучусу. Кыргыз Республикасында кыргыз тилиндеги биринчи менчик мектепти да Сүйүмкан  жүгүрүп жүрүп ачкан эле. «Алтынай» деп аталган ал мектеп 1994-2000-жылдарда иштеди. Анын алдында окуу өндүрүштүк ишкана ачып, мектеп үчүн жетишсиз, зарыл окуу китеп, куралдарын да чыгарууга киришип 4-5 китеп чыгарышкан. Бирок «Алтынай» мектебине мамлекеттен колдоо жок болгондуктан ал ишин токтоткон. Жогоруда эске салып эскерип олтурган иштер Сүйүмкан курбумдун жасаган иштеринин чети гана. Мындан тышкары студенттерге талыкпай сапаттуу билим берүү, ар кыл деӊгээлдеги илимий конференцияларга активдүү катышуу, КР Билим берүү министрлиги  тапшырган иштерди (Билим берүүнүн стандарттарын түзүү, ЖОЖдорду аттестациялоо комиссияларында иштөө ж.б), илимий конференцияларды уюштуруу, өзү иштеген БГУнун окуу-методикалык комиссиясында иштөө, БГУдан чыккан «Кыргыз тили жана адабияты», «БГУнун жарчысы» журналында редколлегия мүчөсү болуу, айтор, ушундай түмөн-түйшүктү аркалап жүрдү.

Азыр ушул жасалган иштер Сүйүмкандын канчалык нервин, ден соолугун алганын эстеп отурам. Айтканга оӊой, аткара келгенде оӊой эмес бул иштердин баардыгына курбум чын жүрөктөн дилин, тажрыйбасын, күч-кубатын бүтүн берип иштеди. Көп иштердин демилгечиси болуп башында тураар эле.

Көзүөтүп кеткен улуу адамдарды эскерүү, сыйлоо, эмгегине жараша урмат көрсөтүүнү да Сүйүмкан  Өмүралиева дайыма биринчи даражадагы маанилүү иш деп эсептечү. Анын түздөн-түз жетекчилиги, уюштуруучулугу  менен БГУда өз учурунда К.Тыныстановдун 100, К.К.Юдахиндин 110, Н.Бейшекеевдин 70, Б.Юнусалиевдин 90, Т.К.Акматовдун 75 жылдыгына карата илимий конференциялар өткөрүлүп, конференциянын материалдары өз учурунда жарык көргөн.

Кайран курбум, бир үйдүн түйшүгүн өмүр бою өзү көтөрдү. Айтканындай, кызды алпештеп тарбиялап, илимдин кандидаты  кылды. Аттиӊ, бири кем дүйнө, өзүнүн көзүөткөндөн кийин очоктун отун улай турган Алтынайы да эки жыл өтүп-өтпөй бул жарык дүйнө менен коштошуп кете берди.

Сүкөш бир туугандарына боорукер эле, досторуна жарамдуу, күйүмдүү жан шерик эле. Азыр ар бир жолугушуубуз Сүкөштү эскерүүсүз өтпөйт. Ал БГУда кыргыз тил илими кафедрасын жетектеди, кеӊешчүбүз, кээде таарыныша да кетчү элек, бирок, бирок… эч убакта бири-бирибиздин көӊүлүбүздү оорутпадык.

Азыр бир туугандары, кесиптештери, жоро-жолдоштору, бардыгыбыз орду толгус жоготуунун арманында жүрөбүз. Бир каниет кылганыбыз Сүкөш артына эли, Ата мекени ар дайым эстей тургандай баа жеткис илимий–педагогикалык мурас калтырып кеткени. Алар профессор Сүйүмкан Өмүралиеванын экинчи өмүрүн жашап жатышат. Кудайдын мунусуна да шүгүр дейли…

Лайли Үкүбаева,

филология илимдеринин доктору,

профессор, КР Билимине эмгек сиӊирген кызматкер

 

Поделиться

Комментарии