ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ИШЕНИМДҮҮ НАСААТЧЫСЫ

  • 15.05.2015
  • 0

Менин бүгүнкү каарманым — Гүлгаакы Акматжан кызы Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү, милициянын лейтенанты. Бул райондогу 103 милиционердин үчөөсү гана аялдар.

Абдимитал агайдын үмүтүн актады

Айылда жашагандар жакшы билет. Бир-эки балага караганда көп балалуу үй-бүлөнүн түйшүгү көп. Гүлгаакы жаштайынан апасына жакындан жардам берип, окуусуна да жетишип, кээде курбулары менен ойноп-күлгөнгө да үлгүрүп, үйдөгү алты баланын арасында бейкапар чоңойду. Эмгекке жаштайынан бышкан кыз,окуудан да артта калбайт экен. Сабагын убагында даярдап, окуткан мугалимдеринин ар убак көңүлүнө толду. Айрыкча, мектепте аскерге чейинки даярдык сабагынан берген Боронбаев Абдимитал агай Гүлгаакынын автоматты эркек балдардан кем калышпай, арыдан-бери чечип, кайра жыйнай салганын көрүп, жаш баладай барбалаңдап кубанчу. Ошол агайынын кеңешин угуп, Бишкектеги генерал Эргеш Алиев атындагы Милиция академиясына окууга тапшырды.

Ноокатта диний экстремизмге каршы күрөшкө өзгөчө маани берилет

Окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң, Гүлгаакы эмгек жолун өзү-туулуп өскөн райондон баштады. Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн тескөөчүсү катары ал райондогу Гүлүстан айыл өкмөтүндөгү беш мектепти көзөмөлдөйт. Бул мектептердин үчөөндө окутуу өзбек, экөөндө кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Уккандын кулагы сүйүнсүн, мектептердин ортосунда ынтымак, бири-бирин түшүнүү  азырынча бекем. Гүлгаакы да тарбия ишинен четте калбай, мектеп мугалимдери, тарбиячылары менен биргеликте мектептер ортосунда достук кечелерин, акцияларды, сүрөт көргөзмөлөрүн, жүрүштөрдү, спорттук таймаштарды байма-бай уюштуруп турат. Ушул иштеринин акыбети кайтып жатканына өзү да ыраазы. «Өспүрүмдөр менен такай иш алып барсаң, натыйжасы жакшы болоруна көзүм жетти. Бирок бизде диний экстремизмге каршы күрөшүү деген олуттуу багыт бар. Ушуга келгенде, биздин райондук ички иштер бөлүмүндөгү 10-топтун жетекчиси, милициянын полковниги Жаныбек Исаевден жардам сурайм. Анын лекциясын өспүрүмдөр ар дайым зор кызыгуу менен угушат», — дейт ал күнүмкү жумушу тууралуу кеп кылып.

Соцпедагогдор менен кызматташ

Ички жана тышкы миграция маселеси Ноокатта да бар. Жакында эле Гүлгаакы ата-энеси Россияга иштеп кеткен эки баланы өз көзөмөлүнө алды. Балдар таятасы каза болгондон кийин кошунасынын кароосунда калган. Балдардын улуусу 8-класста экенин эске алып, Гүлгаакы аны каттоого койду. Эми жума сайын соцпедагог менен биргеликте балдардын окуусунан, жашоосунан кабар алып турат. Жөн эле кабар албастан, жакыр үй-бүлөлөрдүн, мигранттардын балдарына кийим-кече жагынан жардам сурап айыл өкмөтүнө кайрылат. Азырынча бир да кайрылуусу жоопсуз калган жок. «Мектептерде соцпедагогдор кызматы эң туура киргизилген деп эсептеймин. Гафур Гулям атындагы орто мектептен  Раимбердиева Зульфия менен Беш-Коргон орто мектебинен Иминжан кызы Клара – өз кесибинин чыныгы устаттары, алдыңкы соцпедагогдор», — дейт Гүлгаакы.

Жаштайынан милиционер болууга умтулган Нурсулуу

Нурсулуу Тургунбаева

Нурсулуу Тургунбаева

Бала бакчага барып жүргөндө эле милиционер болом деген Нурсулуу Тургунбаева азыр — милициянын лейтенанты, Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү. Ал өткөн жылы Бишкектеги генерал-майор Ж.Шабиров атындагы милициянын кесиптик окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктаган.

Алайдагы жалгыз офицер кыз

Ош облусунун Алай районунун ички иштер бөлүмүндө аялзатынан болгону эки кызматкер иштейт. Нурсулуу Тургунбаева – Алайдагы офицер чинин алган жалгыз милиционер. Райондо Нурсулуудан башка дагы бир сержант эже бар. «Милиция – бул өтө жооптуу жумуш. Анда ушул кесипти абдан каалап келгендер гана иштей алышат. Мен ата-энемдин каршылыгына карабай милиционер болдум. Өзүмдүн тандоомо эч өкүнбөйм», — дейт Нурсулуу кесиби тууралуу. Ооба, ал бул кесипке капысынан келген жок. Жүрөгү менен тандап, атайын даярдык менен келди. Мектепте, анан милиция мектебинде окуп жүргөндө спортко жакын болчу. Анысы азыр өспүрүмдөр менен иштөөдө көмөк болууда. Нурсулуу жетектеген бөлүмдө беш кызматкер эмгектенет. Он мектепке бирден тескөөчү бөлүнгөн. Кызматкерлер жума сайын өзүнө бекитип берилген мектептерди кыдырып, соцпедагогдор менен биргеликте пландуу иш алып барышат.

Практика учурунда сунуш айтканы туура болуптур

Айылдагы мектептер менен шаардагы мектептерди салыштырып болбойт. Шаардагы мектептерде окуучулардын саны көп, жыл сайын көбөйгөндүн үстүнө көбөйүп турат. Бул айырманы Нурсулуу милиция мектебинен борбор шаардын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө практикага чыкканда байкаган. Тескөөчүгө жардамчы болуп иштеп жүрүп, бир кызматкердин жетишсиздигине ишенди. Анан практика бүтөөрдө, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, полковник Стал Рахмановго тартынбастан шаардагы мектептерге бир кызматкер жетишпейт, эки кызматкер иштеши керек деген сунушун айткан. Ошондо полковник Рахманов практиканттын сунушун баалап: «Милицияга сендей акылдуу кыздар керек. Таза иштеп, элге ар убак адилет мамиле жасагын. Бул сунушуңду эске алабыз», — деп китеп текчесинен бир китепти белекке берген.

Өз ишинен рахат алганына кубанат

Нурсулуу эл катары жашап келет. Алган айлыгынын кээде мектептерди кыдырып чыкканга жетпей калган учуру болот. Бирок ал ага кейибейт. Башкысы өзү сүйүп, өзү жүрөгү менен тандап алган кесибинде эмгектенип жатканына ыраазы. «Эл менен иштешкен мага абдан жагат. Өспүрүмдөр менен баарлашкандан рахат алам. Аларга кеңеш берип, ойлорун угам», — дейт Нурсулуу. Чындыгында, кыргыз милициясына Нурсулуудай түшүнүгү терең, билимдүү, кичи пейил, адилет, чындык үчүн жанып-күйгөн кызматкерлер керек. Аларсыз милициядагы жаңылоону, сапаттык бурулушту, өзгөрүүнү элестетип болбойт. Нурсулуудай кызматкерлер – карапайым элдин милицияга болгон зор үмүтү! Нурсулуунун тилеги да ак.  «Милиционер баарынан мурун өз өлкөсүнүн патриоту болууга тийиш. Патриоттук сезими жогору кызматкер гана ар кандай кырдаалга даяр болуп, өз ишинде адилеттүүлүктү бийик тутат», — дейт Нурсулуу.

 А.Алибеков,

«Кутбилим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)       

Поделиться

Комментарии