Чынара ТОКТОНАЗАРОВА, Лейлектеги №3 эксперименталдык лицейдин мугалими: “Мен элетке балдардын келечеги үчүн келгем”

  • 06.03.2015
  • 1

Чынара БГУнун Орус тили жана адабияты мугалими адистигин бүтүп, колуна дипломун кармап, эки айры-лыш жолдо турду. Бири айылга, туул-ган жерине кеткен жол, экинчиси Биш-кекте аспирантурада калып, андан ары илимдин жолуна түшүү эле. Ал ойлонуп олтуруп биринчи жолду — өз үйүн, туулган айылын, алыста калган элетти тандап алды. Эмнегедир аны өзү окуган Лейлектеги №3 лицейи, анда окуган мадыра баш айылдык кичине балдардын ак барактай таза көздөрү, устаты, белгилүү педагог, Гапыр Мадаминов агайы тартып ту-руп алды. Гапыр агайынан ал көп нерсени үйрөндү. Адам болууну да, татыктуу мугалим болууну да, кантип билимди натыйжалуу алууну да агай-ынын “Акыл эмгегинин маданияты” эксперименталдык тажрыйбасынан алды. Анан албетте, беш жылдык студенттик кез аны чыныгы мугалим кылып жаратты. Себеби, ал аталган тажрыйбанын негизин карманып оку-ду. Ошентип, Чынаранын аспиранту-расы — айыл, илими — мектеп, андагы балдардын билимин көтөрүү убарасы болуп калды. Бирок аны бир кезде мындан да чоӊ келечек күтүп турган эле. Ал илимдин бийик жолу болчу.

Бирок Чынара кагазды теше тиктеп, каадалуу көрүнгөн айрым “жасалма” окумуштуунун жолун эмес, чыныгы практик мугалимдин жолун тандап алганына өкүнбөйт. Биздин каарма-ныбыз элетте туруп эле окуучуларын республикалык олимпиадага чейин алып келип катыштырды. Ал тургай окуучусу  биринчи  орунду  алганга жетишти. Чынара окуучуларын өзү даярдады.  Эми  окуучуну  сынакка даярдоо ыкмасын бир эле Лейлекте эмес, жалпы Ошто мугалимдердин семинарларында айтып, доклад окуп келет. Буга мугалимдер кызыга баш-ташты. – Сынак — бул бир жолку эле шайлоо компаниясындай иш эмес. Бул бардык окуучуларга тиешелүү. Алар ар дайым сынакка бара тургандай тереӊ билим алууга тийиш. Бир эле баланын жыйынтыгы менен мактанган жарабайт. Баарына бирдей сапаттуу билим берүүгө умтулушубуз керек, — дейт Чынара.

Экинчиден, Чынара айылдагы ата-энелердин балдарга билим берүүдөгү катышы начар экендигине өкүнөт. Муну Гапыр агайынын “Энелер мек-теби” усулдук ыкмасы менен жак-шыртса болоруна көзү жетип калды.

— Бул тажрыйбадан өткөн мугалимдер балдарына башкача көз карашта бо-луп, билим алуусуна шарт түзүүнүн зарылдыгын түшүнүп калышты. Бала көр тириликтин запкысын тартпаш керек. Муну ата-эне тереӊ түшүнүүсү үчүн эмне үчүн балага билим алуу зарылдыгын түшүндүрүүгө тийишпиз — дейт Чынара биз менен болгон ма-егинде. Бишкекти эмес, элетти тандап, өзү туулуп өскөн жеринин милдетин алып, балдарын окутуп, аны өзүнүн тагдыры катары карап, күлүп жайнап турган Чынара башка жаштарга үлгү болорлук кадам жасаганына мактанбайт деле.

— Бул менин атуулдук милдетим, — дейт ал акырын жылмайып. Демек, Чынаранын кадамы өзү айткандай ату-улдук милдет эмей эмне. Биз Чынара-ны чын дилибизден 8-Март майрамы менен куттуктайбыз. Чынарадай жаш мугалимдер көп болсо деп тилейбиз. Бар бол, Чынара!

Айылдык алдыӊкы мугалим Чынаранын чыйыры

Чынара Токтоназарова 1999-жылы Баткен облусунун Лейлек районун-дагы №3 эксперименталдык гимназияны бүтүргөн. 2004-жылы К.Карасаев атындагы БГУнун славян таануу жана журналистика факультетин аяктап, ушул эле жылы өзүнүн гимназиясына орус тили жана адабияты мугалими болуп жумушка кирген. Ал студент кезинде эле №3 гимназиядагы аталган лицейдин аймактык биргелешкен усулдук эксперименталдык иштерине активдүү катышып келген. 2000-жылы Г.Мадаминовдун “Билимге сапар” китебинде “Орус тилин жана адабиятын өздөштүрүү сырлары” аттуу колдонмосун да жазган.

2006-жылы XXII Республикалык педагогикалык окууга гимназиянын эксперименттик иштеринин негизинде жазылган “Айыл жериндеги бал-дарды орус тили жана адабиятына кызыктыруу жолдору” деген доклады менен катышып, ББМнин 1-даражадагы диплому менен сыйланган. 2007-2008-жылдары орус-тилинен окуучусу Ахмедова Замира республи-калык олимпиадага өтүп, 4-орунга жетишти. 2009-жылы Эргешова Жазгүл КРСУнун 15 жылдыгына арналган орус тили олимпиадасында республи-калык турга жетип, сертификат менен сыйланган. 2013–жылы окуучусуТурабаева Мадина Республикалык олимпиада 2–орунга жетишсе, 2014-жылы 1–орунду ээледи. Жылдын жыйынтыгы боюнча Баткен облусунун 2014–жылдагы “Жылдын мыкты мугалими” наамына татыды. Ошондой эле “КР билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси.

М.ТОКТОРОВ,

«Кутбилим»

Поделиться

Комментарии

Bema / 24.02.2016 13:32
Ото эле жупуну жазылыптыр(( Чынара, Чынара, Чынара деп эле бутуп калгандай... Баса макаланын жарымы жалган...