ЖОЛУ УЛАШ ЖОЛДОШ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ

  • 27.02.2015
  • 0

Арийне, замандашыӊ пайгамбар жашына келгенде анын өткөн өмүрү, баскан жолу жөнүндө ойлонуп, элдин эсинде кала турган эмне иш кылды, келечек муунга үлгү болчу айта турган сөзү барбы, аны баалап-барктайбы деген ой сезимге уялап, таразага түшүп, жооп издейт экен. Ошол себептен улам мен өзүмдүн жан жолдошум Өткүлбек ЖУМАЛИЕВжөнүндө сөз кылууну эп көрдүм.

Ооба, Өткүлбек тээ алыскы алоолонгон  өрттүү  согуштан кийин, миӊ тогуз жүз кырк сеги-зинчи жылы Жумгалдын так кин-дигиндеги Кайырма айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө ту-улган. 1966-жылы ошол эле ай-ылдагы Кайырма орто мектебин бүтүргөн. Кызгылтым кыялдуу жаш курак эмнени гана дегдет-пейт. Билимге, спортко, музы-кага берилип өзүнүн шыгын, ар нерсеге өтө жөндөмдүү экен-дигин көрсөтүп жүрдү. Өзгөчө анын кубулжуган үнү баарды-гыбыздын бүйрүбүздү кызытып, шаӊдантып жиберер эле. Оо, кийин эрезеге жеткенде кыргыз телевидениеси уюштурган ар түрдүү берүүлөрдө, «Ыр-Кесе» теледолбоорлоруна катышып ырдап жүрбөдүбү.

1966-1971-жылдарда Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине кирип окуп анын бүткөндөн кийин эмгек жо-лун Кайырма, Көл-Арык орто мектептеринде мугалим болуу менен баштаган. Тагдыр-жаз-мыштын буйругубу, ошол жыл-дарда Өткүлбектин турмушун-да белгилүү даражада өзгөрүү болду. Анткени Жумгал райком партиясынын инструктору Акал Молдалиев саясатчы, сөз бак-кан  санжырачы,  айта  турган оюн  тактап  айткан  адам  ага көз салып калса керек. Өзүнүн сунушун айтып райондук ком-сомол  комитетинин  2-катчы-лыгына сунуш эткен.

Ошентип, 1972-1977-жылдары,  жалын-дуу жаштык курагында комсо-молдун райондук комитетинде ийгиликтүү иштеп келди. Ошол жылдары комсомолдун район-дук комитети Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак гра-мотасына татыктуу болду. Аны төрага Т.Кулатов Чаекке келип, өзү тапшырган.

1977-1979-жылдары Жум-гал райкомунун саясий-агартуу кабинетинин башчысы, андан кийин  Алмата  шаарындагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүнүн угуу-чусу болуп кирип, аны бүтүрүп, «журналист» деген кошумча ке-сипке да ээ болду. 1981-жылдан 1987-жылга чейин Жумгал рай-комунда үгүт-насыят бөлүмүн башкарып, райондун маданий социалдык жактан өнүктүрүүгө өз салымын кошту. 1987-1995-жылдары Жумгал райОНОсунун башчылыгынын милдетин  аркалап  жүргөндө Ысык-Көл, Нарын облустары-нын деӊгээлинде эки жолу се-минар өткөрүп, ишин башка рай-ондорго жайылтуусыймыгына ээ болду. Дегинкиси мектептин иши майда, билинбеген менен өтө жоопкерчиликтүү эмеспи. Райондун мектептеринде алгач-кы компьютерлер – «кроветтер» пайда  болду.  Колхоздордон 5-10га жер участоктору бөлүнүп берилип,  картошка  айдалып мол түшүм алынып жатты. 15-20 тонналык картошка сактагыч жайлар курулду. Дөӊгөлөктүү, каз тамандуу тракторлор алы-нып келинип, мектептерге та-ратылды.

Окуу-тарбия  иштериндеги көрсөткөн  эмгеги  бааланып 1992-жылы Кыргыз ССРинин «Эл агартуу отличниги» деген төш белгисинин ээси болду. Де-геле, жашоодо, коомдо улуу бу-рулуштар болгондо адамдын аӊ-сезиминде үлкөн өзгөрүүлөрдүн боло бериши мыйзам ченемдүү көрүнүш экен.

1995-1996-жылдары  Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин көзөмөл палатасы-нын укук бөлүмүнүн инспекто-ру  кызматын  аткарды.  Союз ыдырап жаӊы коомдук мами-лелер, базар экономикасынын таасири  тегиз  башталганда Өткүлбек  1966-жылы  Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы бо-луп шайланды. Жаӊыча жашо-ону өтө ылдам өздөштүрдү. Ал өз оюн эл турмушу, мезгилдин курч маселелери менен шайкеш жуурулуштуруп, жоопкерчилик, эл алдындагы парз, милдетин аткарууда  өз  ордун  тапкан, түйшүкчүл  АДАМ  экендигин көрсөттү.

Эл алдында кылган кызмат, эткен эмгек бааланбай калбайт экен, райондук Кеӊешке беш жолу удаама-удаа депутаттыкка шайлашты. Жумгал районунун, Нарындын «Ардактуу атуулу» деген наамдардын ээси. Бүгүнкү күндө Өткүлбек райондук «Де-милге» газетасын жетектейт.Өткүлбектин жаш кезден ар-зыганы, түбөлүккө деп кол кар-машкан – жубайы Гүлбарчын жөнүндө  айтпай  коюуга  бол-бойт. Ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп алты баланы тарбиялап өстүрүштү. Азыркы мезгилде алар өз турмуш жолун табыш-кан азаматтар. Гүлбарчын да мугалимдик  кесипти  аркалап Эл агартуунун отличниги болду.

…Бирок, оо арман дүйнө!Кайдан-жайдан  белги-сиз  келген  оору  күтүүсүздөн өмүрлөшү Гүлбарчындын жа-нын алып тынды. Өткүлбектин Канатын кайырды. Арман…ар-ман…арман……Жашоо бүтпөйт экен, өмүр уланууда.Мына  ушундай,  урматтуу окурманым. Биз 65 жаш куракка келип, өрнөктүү өмүр өткөргөн, элине  ак  кызмат  кылган  за-мандаш, жолу улаш жолдош жөнүндө сөз кылып, сиздер-дин дилиӊиздерге жеткирүүгө аракет кылдык да, өзүнө, үй-бүлөсүнө ийгилик кааладык.

Жаныбек АБДЫРАЗАКОВ,

Жумгал району,

Байзак айылы

Поделиться

Комментарии