Жапон маданияты фестивалы өттү

  • 16.04.2013
  • 0

Жапон маданияты фестивалы өттү

5-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин жапон тил бөлүмүндө окуган студенттер Жапон маданияты фестивалын өткөрүштү.

Бул фестиваль окуу жайда жыл сайын өткөрүлүп келет. Ага Жапониядан келген коноктор, факультеттин эмгек жамааты жана студенттери катышты. Салтанат жапон элинин улуттук бийи Сакура менен ачылып, жапон тилинде аткарылган ырлар, заманбап бийлер, көркөм окуулар менен коштолуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Азыркы Жапон мамлекетинин учурдагы жетишкендиктери, маданияты, өнүгүшү, архитектурасы тууралуу кызыктуу слайд көрсөтүлүп, жапон тилинде көркөм окулду. Келген коноктордун катышуусунда Жапония тууралуу викторина ойнотулуп, жеңүүчүлөргө чакан белектер тапшырылды. Андан соң өзүнүн оригиналдуулугу, кооздугу, өзгөчөлүгү менен белгилүү болгон жапон кийими: кимоно, юката; студенттердин колу менен кагаздан жасалган оригами жана икебана менен тааныштырылса, жапон элинин улуттук тамак-аштары дагы дастарконго коюлду. Баарыбызга белгүлүү болгон кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасынан үзүндүнү студенттер жапон тилинде жогорку чеберчиликте аткарышты.

Фестивалдын жыйынтыгында Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Замир Алымкулов каалоо-тилектерин айтып, активдүү катышкан студенттерди 1-2-3-даражадагы дипломдор жана Ардак грамоталар менен сыйлады.

— «Канча тил билсең, ошончо дил билесиң» деген сөз бар эмеспи кыргызда. Биздин студенттер чыгыш тилин өздөштүрүү менен өздөрүнө чыгыш мамлекеттерине жол ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алар кесип менен бирге тил үйрөнүп чыгышат. Азыр жапон тилин окуп жаткан студенттердин канчалык деңгээлде тилди өздөштүрүп жатканына күбө болдук, — дейт факультеттин деканы Замир Алымкулов.

Белгилей кетсек, аталган факультетте кесиптик билим берүү менен бирге студенттер кытай, жапон, корей, фарсы, түрк, англис, араб тилдерин тереңден үйрөнүп чыгышат.

Чолпон Кийизбаева

Поделиться

Комментарии