Роза Отунбаева: «Кыргызстандагы революциялар илимий жактан изилденүүгө тийиш»

  • 16.04.2013
  • 0

Роза Отунбаева: "Кыргызстандагы революциялар илимий жактан изилденүүгө тийиш"

«2005-2010-жылдагы революциялардын келип чыгыш себептери, алардын кесепеттери, жүрүшү тууралуу окумуштуулар тарабынан өтө аз изилденүүдө. Илимпоздор кандайдыр бир макалаларды жазып, жыйнактарды чыгарып эле тим болбостон, илимий жактан толук кандуу иликтеп, тарыхый материалдарды топтоосу керек. Буга биздин окумуштуулардын кудурети жетет», — деди экс-президент Роза Отунбаева Кыргыз улуттук университетинде өткөн «Кыргызстандагы Аксы окуялары, 2005-жыл, Март, 2010-жыл, Апрель революцияларынын сабактары» аттуу илимий-практикалык конференцияда.

Роза Отунбаева элдик революцияга арналып өтүп жаткан илимий конференциянын маанилүүлүгүнө токтолуп, үч жыл өтө эле кыска мөөнөт экендигин айтып, аны иликтөөгө анализ аз болуп жаткандыгын белгиледи.

— Мындай революциялар, бурулуштар дүйнө жүзүндө болуп, бирок алардын көбү жыйынтыксыз болуп жатат. Ошондуктан 7-апрель — Элдик революциясы өзүн акташы керек. Артка кылчайып карасак, үч жылдын ичинде алдыга карай кыйла жылыштар болду. Саясий реформалар парламент, президент, аткаруу бийлиги менен гана чектелбестен баардык тармактар камтылууда, — дейт экс-президент.

Убактылуу өкмөттүн келиши менен ошол учурдагы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө, ошол учурдагы анын маанисине, мазмунуна кенен токтолуп, Кыргызстан демократиялык жол менен өнүгүп жатканын жана башкаруунун жумшак жолун көрсөтүүгө аракет кылды.

— Демократия деген абдан татаал башкаруу. Бул жөнөкөй эле “я — начальник, ты — дурак” деген формула менен иштелбейт. Бир эле кишинин айтканына макул болбой, биргелешип, макулдашуулар менен гана өнүгүп-өсө алабыз. Мындан артык башкаруу жок экенине бүгүн баарыбыз ынанып, түшүнүп жатабыз. Эгерде биз автократияда жашасак, сөзсүз бир канча кишини түрмөгө тыгып туруп, анан бийлей берсек болот экен. Бирок демократия мындайга жол бербейт. Демократияда абдан билимдүү адамдар болушу керек. Бизде илим изилдеген – Тарых, Философия, Укук институттары бар. Ушул институттар абдан терең изилдөөлөрдү жасашы керек. Тилекке каршы, ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн тажрыйбасын изилдеп, жазып жатат деген бир кишини дагы уга элекмин, — деди Р.Отунбаева.

Андан сырткары, экс-президент артка карай жол жок экендигин жана парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүүгө негиз жоктугун баса белгиледи.

Конференциянын катышуучуларына вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кайрылып, апрель жана март революциялары тууралуу өз оюн ортого салды. Андан соң окумуштуулар тарабынан «Аксы окуясы — кыргыз тарыхындагы жаңы этап», «К вопросу уточнения понятий «революция», «госпереворот», «восстание», «Закономерности апрельской революции: последствия и уроки» аттуу баяндамалар окулду.

Чолпон Кийизбаева

Поделиться

Комментарии