МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН БАШТАЛАТ

  • 21.05.2020
  • 0

Кыргыз-Өзбек университети 2020-2021-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт!

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

XXI КЫЛЫМ – БИЛИМ МЕНЕН ИЛИМДИН КЫЛЫМЫ

Технологиялык башкаруу туу чокусуна жеткен бүгүнкү күндүн шартында татыктуу билимге ээ болбогон адам жеке турмушунда да, өнүгүүнүн жолунда космикалык ылдамдыкта бараткан азыркы коомго аралаша албай, кыйла татааалдыктарга туш болорун турмуш өзү көрсөтүүдө. Ошондон улам, рынок экономикасындагы татаалдыктарга карабай, прогрессивдүү жаштар билим издеп жогорку окуу жайларды тандаган учурлары көп учурайт. Себеби Кыргызстандын келечеги — жаштардын колунда. Элдин ишеними, жалпы журттун эртеңки тагдырынын кайсыл багытка карай өзгөрүшү — бүгүнкү жаштарыбыздын дүйнө таанымы, биз түптөп, биз калыптандырган билим деңгээли, интеллектуалдык бийиктигине көз каранды. Тагыраак айтканда, бүгүнкү күндүн шартында үстөмдүк кылып турган атаандаштыкка туруштук берип, аймактык, республикалык, эл аралык деңгээлдеги коммуникациялардан жаштарыбыз канчалык өз ордун табышкан болсо, өлкөбүздө өнүгүү темпи ошого жараша ылдамдыкта жүрөт.

Эртеңки күнү жаштарыбыз бул турмуштан өз ордун таап, жалпы кыргыз коомчулугунун жаркын жашоосуна шарт түзө турган адистерди даярдап чыгаруу бүгүнкү күндө билим берүү ишмердигин жүргүзүп жаткан жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерине түздөн-түз жүктөлгөн милдет. Кыргыз-Өзбек университетинин жалпы окутуучулар жамааты бул багытта абийирдүүлүк менен иш алып барып жатканын айта кеткенибиз артыкбаштык кылбайт. Анын жемиши катары биздин бүтүрүүчүлөрүбүз өлкөбүздүн жогорку бийлик бутактарында, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө да жооптуу кызматтарда иштеп жаткандарын баса белгилей кетким келет.

Жаштарыбызга заманбап билим берүүнү көздөгөн биздин жамаат 2019-2020-окуу жылында жалпы түрк дүйнөсүндө билим–илимди, социалдык-маданий маселелерди өнүктүрүү максатында Кыргыз-Өзбек университети эл аралык “Түрксой” уюму менен эки тараптуу келишим түзүүгө жетишти. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен алгачкысы болуп Казакстандагы эл аралык эң абройлуу НААР агенттигинин аккредитациясынан өтүп, эл аралык стандарттын негизинде окуу ишмердигин жүргүзө баштадык.

Урматтуу мектеп бүтүрүүчүлөрү, бүгүнкү тандооң – келечегиң үчүн түзүлгөн түптүү пайдубал! Мындан жаңылышсаң бүтүндөй жашооңдун ыргагы бузулуп, сен эңсеген ийгиликтин сереси улам сенден боюн ала качып алыстай берет. Ошондуктан өзүңө кесипти да, эртеңки күнү билим алууну уланта турган жогорку окуу жайды да туура тандоого милдеттүүсүңөр.

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

Чаткалбай РАЙЫМБАЕВ,

Кыргыз-Өзбек университетинин ректору,

э.и.д., профессор, КР ИАнын мүчө-корреспонденти

 

КЫСКАЧА ТАРЫХЫ

Кыргыз-Өзбек университети 1994-жылы Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи болуп ачылган. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти А.Акаевдин жарлыгы менен аталган окуу жайга Кыргыз-Өзбек университети статусу берилген. Университет өзүнүн чейрек кылымдык тарыхында жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча 40 миңден ашуун бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарды. Бүгүнкү күндө университетти э.и.д., профессор, КР УИА мүчөкорреспонденти Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич жетектеп келет.

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

Университет КР Билим берүү жана илим министрлигинин №LD170000250, №LD160000195, №LD160000282, №LD180000316, №LS190000717, №LC170000141, №LC180000225, №LS190000726, №LS190000593, №LD170001570, №LH140000266 лицензияларына ээ. Университеттин курамы кесиптик лицейден, орто кесиптик билим берүүчү үч колледжден, жогорку кесиптик билим берүүчү беш факультеттен жана ЖОЖдон кийинки (аспирантура, докторантура) билим берүү түзүмдөрүнөн турат. Университетте 442 профессордук-окутуучу курамы, анын ичинен 11 илимдин доктору, профессорлор, 68 илимдин кандидаты, доценттер эмгектенишет. КР УИАнын бир академиги, бир мүчө-корреспонденти, КР УИАнын бир академиги, үч мүчө-корреспонденти, 40тан ашуун КР Билим берүүсүнүн мыктылары жана илим-билимге эмгек сиңирген ишмерлер, дүйнөлүк масштабдагы аалым-окумуштуулар эмгектенип келет. Бүгүнкү күндө университетте 12442 студент, анын ичинен 4574 чет элдик жарандар билим алууда. Билим берүү мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА:

  • Заманбап материалдык-техникалык база менен камсыздалган жети окуу имараты;
  • Усулдук кааналар;
  • Окуу лабораториялары;
  • Стоматологиялык кабинеттер;
  • Студенттик ашкана;
  • Студенттик жатакана;
  • Спорт зал, спорт аянтчалары жана манеждер;
  • Медициналык пункт;
  • Автоунааларды оңдоп-түзөө лабораториялары жана устаканалары;
  • Керектүү муляждар, фантомдор жана медициналык аспаптар;
  • Тренажердук-машыктыруучу кабинеттер;
  • Чоң жыйындар залы жана конференция өткөрүүчү зал студенттердин татыктуу билим алып, кесиптик тажырыйбасын өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

ОКУУ ПРОЦЕССИНИН ЖҮРҮШҮ

Кыргыз-Өзбек университетинде окутуу кредиттик технологиянын негизинде жүргүзүлөт. Керектөөчүлөрдүн талаптарына ылайык адистерди даярдоо заманбап техникалык каражаттар, интерактивдик доскалар, 3D мониторлор менен жабдылган, видеокөзөмөл орнотулган лекциялык залдарда, атайын адистештирилген окуу лабораторияларында ишке ашырылат. Жаштардын аралыктан билим алуусун камсыздоо максатында, мультимедиялык каана, атайын маалымат жана технологиялар борбору иштейт. Окуу процесси AVN маалыматтык программасы аркылуу толугу менен автоматташтырылып, окуу жайдын сайты аркылуу ата-энелерге жана коомчулукка жеткирилип турат.

Университетте китеп фондун жаңы басылмалар менен толуктоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Университеттин китеп фонду илимий даражалуу, тажрыйбалуу окутуучулардын эмгегинен жаралган окуу куралдары, усулдук колдонмолор, электрондук китептер менен толукталган. Университет электрондук китепканалар ассоциациясы (АЭБ КИРЛИБНЕТ) менен келишим түзүп, улуттук электрондук ресурстардан кеңири колдонуу мүмкүнчүлүгүн алган. Андан сырткары ИРБИС-64+ программасы аркылуу китепкананын иши автоматташтырылган.

Замандын талабына, аймактын өзгөчөлүгүнө, иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыгына жана студенттердин тандоосуна ылайык адистиктердин жана багыттардын окуу пландарына системалуу түрдө мониторингдер жүргүзүлүп, окутуунун эффективдүү жолдору аныкталып турат. Студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн сабак өтүүнүн салттуу усулдары менен бирге эле интерактивдүү ыкмалар кеңири колдонулат. Көп маданияттуу билим берүү аркылуу элдердин достугун бекемдөө миссиясын көздөгөн Кыргыз-Өзбек университети Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, өлкөбүздөгү көп тилдүү билим берүү программасын аппробациялоочу жогорку окуу жайлардын катарына кирген жана мектепке чейинки, башталгыч жана жалпы орто билим берүү мекемелери үчүн кесипкөй педагогдорду даярдап келүүдө.

Университеттин бүтүрүүчүлөрү жөнүндө жумуш берүүчүлөрдүн ой-пикирлерин жана алардын компетенттүүлүк деңгээлин аныктоо багытында бүтүрүүчүлөр жана жумуш берүүчүлөр арасында атайын сурамжылоолор жүргүзүлүп, бош орундар жарманкелери өткөрүлүп турат. Алардын жыйынтыктарына ылайык, КыргызӨзбек университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн алган билими жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп берет.

Университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке жайгашуусу, алар тууралуу жумуш берүүчүлөрдүн ой-пикирлери ЖОЖго чейинки даярдоо жана карьераны өнүктүрүү борбору тарабынан дайыма көзөмөлгө алынып, планга ылайык тематикалык сурамжылоолор, тегерек столдор, жолугушуулар уюштурулуп турат. Университетибиздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн демилгеси менен Кыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы түзүлүп, анын жобосу жана иш пландары иштелип чыккан. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн Ассоциация кеңеши түзүлүп, квартал сайын отурум өткөрүп, университетке тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулап турат.

 

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК:

  • Казакстан;
  • Өзбекстан;
  • Кытай;
  • Түркия;
  • Индия;
  • Тажикстан ж.б. жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү, ошондой эле Кыргызстандагы башка университеттерге барып окуп келүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.

 

Жогорку билим берүү боюнча күндүзгү жана сырткы бөлүмдөргө абитуриенттерди кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде жүргүзүлөт.

Орто кесиптик билим берүү адистиктерине кабыл алуу университет тарабынан уюштурулуучу сынак аркылуу жүргүзүлөт.

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

К-ӨУНУН ГРАНТТЫК (БЮДЖЕТТИК), КОНТРАКТТЫК ОРУНДАРЫНА ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР (АДИСТИКТЕР) БОЮНЧА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ:

Каржы-экономика факультети

— 580100. Экономика (каржы жана насыя, бухгалтердик эсеп жана аудит, ишканалардын экономикасын башкаруу) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ -негизги тест, математика

— 540200. Социалдык иш /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, тарых

— 580200. Менеджмент /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, математика

— 580500. Бизнес-информатика /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, математика

 

Юридика-бажы факультети

— 530500. Юриспруденция —  /бакалавр — күндүзгү, сырткы/-негизги тест, тарых

— 530004. Бажы иши /адистик — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, математика

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

 Тарых-филология факультети

— 550300. Филологиялык билим берүү    (англис тили) /бакалавр — күндүзгү/ — негизги тест, англис тили

— кыргыз тили /бакалавр — күндүзгү, сырткы/-негизги тест, кыргыз тили жана адабияты

— орус тили /бакалавр — күндүзгү, сырткы/-негизги тест, орус тили жана адабияты

— 550400. Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, тарых

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

Инженердик-технологиялык факультет

670200. Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо/бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же математика

— 710100. Информатика жана эсептөө техникасы/бакалавр — күндүзгү, кечки/ — негизги тест, физика же математика

— 610300. Агроинженерия (электрдик жабдуулар ж-а электротехнологиялар) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же химия

— 640200. Электроэнергетика жана электротехника /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же математика

— 570700. Костюм жана текстиль искусствосу /бакалавр — күндүзгү/-негизги тест, чыгармачылык сынак

— 740700. Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест , физика же химия

— 570400. Дизайн  /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ (ЖРТ талап кылынбайт)

— 570025. Графика /адистик — күндүзгү/ (ЖРТ талап кылынбайт)

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

 Табигый-педагогикалык факультет

— 550200. Физика-математикалык билим берүү (физика, математика, информатика) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же математика

— 510200. Колдонмо математика жана информатика /бакалавр — күндүзгү/ — негизги тест, физика же математика

— 710100. Колдонмо информатика /бакалавр — күндүзгү/ — негизги тест, физика же математика

— 550100. Табигый илимий билим берүү ( химия, биология, (география — негизги тест)) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, химия же биология

— 532000. Дене тарбия /бакалавр — күндүзгү, сырткы/   (ЖРТ талап кылынбайт)

— 550700. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, кыргыз тили жана адабияты же орус тили жана адабияты

Университет орто кесиптик билим берүү  боюнча 9, 11-класстын базасында төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алат:

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

 Медициналык колледж  (11-класстын базасында)

— 060102. Акушердик иш /окуу мөөнөтү 3 жыл/

— 060108. Фармация /окуу мөөнөтү 3 жыл/

— 060109. Медициналык айым иши /окуу мөөнөтү 3 жыл/

— 060101. Дарылоо иши /окуу мөөнөтү 3  жыл 6 ай/

— 060106. Ортопедиялык стоматология /окуу мөөнөтү 3 жыл/

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

 Кесиптик колледжи (9,1 1-класстын базасында)

— 260903. Тигүү кийимдерин конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы /күндүзгү, сырткы/

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу /күндүзгү, сырткы/

— 050713. Башталгыч билим берүүдөгү коррекциялоочу педагогика /күндүзгү/

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү /күндүзгү, сырткы/

— 050711. Социалдык педагогика /күндүзгү, сырткы/

— 050720. Котормо иши /күндүзгү/

— 050303. Чет тили /күндүзгү/

-110302 Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу /күндүзгү, сырткы/

— 140212. Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)  /күндүзгү, сырткы/

— 190604. Автоунааларды оңдоо жана аларды техникалык жактан тейлөө /күндүзгү, сырткы/

— 230109. Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо /күндүзгү, сырткы/

— 230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

— 080106. Каржы (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

— 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

— 080107. Салык жана салыкка тартуу /күндүзгү, сырткы/

— 030503. Укук таануу /күндүзгү, сырткы/

— 030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу  /күндүзгү, сырткы/

— 050721. Дене тарбия /күндүзгү, сырткы/

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

Ала-Бука колледжи (9, 11-класстын базасында)

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу /күндүзгү, сырткы/

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү /күндүзгү, сырткы/

— 080116. Финансы (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

Кесиптик лицей (9, 11-класстын базасында)

5146. Тикмечи

— 5147. Электр жабдууларын  оңдоо боюнча слесарь-электрик

— 7443. Тигүүчү

— 5141. Чач тарач

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

Окуу мөөнөттөрү:

— жогорку билим берүү:  /бакалавр академиялык даражасын ыйгаруу менен/ (окуу мөөнөтү күндүзгү — 4 жыл, сырткы — 5 жыл);

— жогорку билим берүү:  /адистик квалификациясын  ыйгаруу менен/ (окуу мөөнөтү күндүзгү — 5 жыл, сырткы — 6 жыл);

— жогорку жана орто кесиптик билимдин негизинде: /тиешелүү курстар/ (окуу мөөнөтү күндүзгү -2-3 жыл, сырткы-3-4 жыл);

— орто кесиптик билим берүү: / 9, 11- класстын базасында/ (окуу мөөнөтү -2-3 жыл);

— баштапкы кесиптик билим берүү: /9, 11- класстын базасында/ (окуу мөөнөтү -1-3 жыл).

МЕЗГИЛДИН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БАШТАЛАТ

КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:

— ректордун атына жазылган абитуриенттин арызы;

— университет менен абитуриенттин ортосунда түзүлгөн келишим;

— туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт (көчүрмөсү);

— негизги орто, жалпы орто, кесиптик орто же жогорку билими жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы;

— тестирлөөнүн жүрүшүндө алган баллы жөнүндөгү сертификаттын түп нускасы (колледждер үчүн зарыл эмес);

— аскердик билет же аскерге милдеттүүлүгү жөнүндөгү күбөлүк (көчүрмөсү);

— 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт.

Дареги: Ош шаары, Г.Айтиев көчөсү, 27, Курманжан датка кичи району, Н.Исанов көчөсү, 79. Байланыш телефондору (03222) 5-53-45, 2-34-73, 4-87-08.

Поделиться

Комментарии