КАРАНТИНДЕ ЖЫЛДЫЗДАР БАЛДАРГА КИТЕП ОКУП БЕРЕТ

  • 08.05.2020
  • 0

USAIDдин “Келгиле, окуйбуз” долбоору карантин учурунда балдарды илдетке байланыштуу кырдаалдан алаксытуу максатында «Жылдыздар балдарга китеп окуп берет» акциясын өткөрүүдө.

Социалдык тармактарда алгачкы видеону белгилүү алып баруучу, тамада Канай Анаркулов өзүнүн инстаграмдагы баракчасында жүктөгөндөн кийин, #БалдаргаКитепОкуйбуз аттуу акцияны улантып, 209 бала китеп окуп жаткан тасмаларды Инстаграмда жүктөдү. Акцияга Омар Жанышов (видео), Актан Рыскелдиев (видео), Асхат Табалдиев (видео), Назира Айтбекова (видео) жана башка коомчулукта белгилүү инсандар ыктыярдуу түрдө катышууда. Бул акция аз да болсо үйдө камалып, стресске кабылган балдарды алаксытат деген үмүттө алар.

КАРАНТИНДЕ ЖЫЛДЫЗДАР БАЛДАРГА КИТЕП ОКУП БЕРЕТ

Акция учурунда жылдыздар аталган долбоор чыгарган китептерди окуп беришүүдө. 2020-жылдын март айына карата долбоор өлкө боюнча 700 000ге жакын китеп өткөрүп берген.  Жалпысынан, USAID “Келгиле, окуйбуз!” долбоорунун алкагында 2020-жылга чейин 1,2 млн китеп басып чыгарып, тапшырууну көздөйт.

USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору жалпы бюджети 9,9 миллион АКШ долларын түзгөн, бшталгыч класстардагы балдарды окуу жөндөмдөрүн жакшыртууга багытталган төрт жылдык долбоор. Долбоор өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги менен кызматташтыкта алып барат.

Бөлүшүү

Комментарийлер