ТАЛАНТТУУ БАЛДАР — ҮЙДӨ ДА ТАЛАНТТУУ

  • 08.04.2020
  • 0

Тогуз-Торо районундагы балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун мугалимдер жамааты “СОVID-19 коркунучу: Ар бир жарандын ден соолугу өзүбүздүн колубузда, аны биз сөзсүз жеңебиз ” деген чакырык менен жүз беткап тигип, райондук администрацияга тапшырышты.

ТАЛАНТТУУ БАЛДАР — ҮЙДӨ ДА ТАЛАНТТУУ

ЖАКЫНДАН ЖАРДАМ

Тогуз-Торо райондук балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун директору Г.Атамкулованын маалыматына таянсак, Тогуз-Торо районундагы балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун түзүлгөнүнө быйыл 45 жыл болду. Бул борбордо 329 окуучу тартылган, 11 ийрим иштейт.

Дүйнө элдеринин жүрөгүнүн үшүн алган таажы вирусун алдын алууда борбордо эмгектенген мугалимдер бул илдет менен күрөшүүдө мамлекетке өз салымын кошту. Имараттын сырты жана ички бөлмөлөрү дезинфекцияланып, мугалимдер беткап тагынып, 2020-жылдын 19-мартка чейин түзүлгөн штабда алгылыктуу иштерди жүргүзүп келишти.

— Бул мезгилде жарандарыбызга жардам болсун деп мугалимдер жамааты РБӨЧБнун профсоюз уюмунун төрайымы Токтоналиева Акыл, Молдалиева Жаңыгүл, Эшенкулова Эльвиралар көпкө чыдай турган пахтадан токулган материалдан грипптен коргонуучу беткап тигип, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, штабдын төрагасы аким Кожошов Айбек Карыбековичке 100 беткапты тапшырдым, — дейт Гүлмайрам Атамкулова.

ҮЙДӨН БИЛИМ АЛУУ

Каникул учурунда таланттуу балдарыбыздын билимин өркүндөтүү жана алардын таланттарын жогорулатууда мугалимдер ватсап аркылуу ийримдердин сабактарын өтүп, балдар тапшырмаларын мугалимдерге ватсап аркылуу жөнөтүшүп турушту.

ТАЛАНТТУУ БАЛДАР — ҮЙДӨ ДА ТАЛАНТТУУ

— Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата “Жаш толкун” комуз ийримине катышкан окуучулар «Сайра комуз», «Кербезим», «Эмгек маршы», «Алтын балалык», «Кер-Өзөн», «Чоң кербез», «Желпиме», «Кыз кербез», «Эркин тоо», «Маш ботой» ж.б. күүлөрдүн ноталарын жазып, чертип үйрөнүп жатышат. Ошондой эле «Ак нур» бий ийриминин окуучулары ой комузчу, эмгек, орус, өзбек ж.б. бийлерди аткарышты.

ИЙРИМДЕРДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Кыл калем” сүрөт ийриминин окуучулары «СОVID-19» грипптен сактанууда таза аба ден соолуктун булагы деген темада сүрөт тартышты.

Сырдуу уз ” СОVID-19 грипптен алдын алууда ден соолугубузга кам көрүүдө өзүбүз маска тигебиз деп, кол өнөрчүлүк ийрими онлайндан сабак алышып маска тигип үйрөнүштү.

ТАЛАНТТУУ БАЛДАР — ҮЙДӨ ДА ТАЛАНТТУУ

Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата “Кубулуш” компьютер ийрими “Жеңиш күнү – 9-май” деген темада дилбаян жазып, согуш жөнүндө онлайндан видеороликтерди көрүп, ветерандарды эскеришти. Мындан тышкары “Биз эскеребиз”, “Биздин чоң аталарыбыздын эрдиги” деген темада “Сөз чебери” ийриминин окуучулары өздөрүнүн дилбаянын жана автордук жазган ырларын онлайн менен айтып беришүүдө. “Ой чабыт” шашки ийрими болсо шашкиден аскердик кызыктуу жүрүштөрдү өткөрүшүүдө. “Көркөм чаптоо” ийрими дагы “Үйдө бол!” деген темада тапшырмаларды аткарышты. Ал эми “Аалам” компьютер ийрими эшикке чыкпай электрондук китеп окуп, мультимедиялык программаны өздөштүрүп жатышат.

ТАЛАНТТУУ БАЛДАР — ҮЙДӨ ДА ТАЛАНТТУУ

— Ийрим мугалимдери изденүүчүлүк менен өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүп, интернет булактарын колдонуп, окуучуларга аралыктан ийримдерди өткөрүп жатышат. Бирок ошондой болсо дагы кээ бир аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө телефондун жана интернеттин жетишсиздиги мүчүлүштүктөрдү жаратууда, — дейт директор.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии