КЕЛЕЧЕКТИН ЭЭСИ – ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАР!

  • 08.04.2020
  • 0

Баланын коомдон өз ордун табуусу үчүн анын руханий жан дүйнөсүнүн пайдубалы жаш кезинен ишенимдүү түптөлүшү зарыл. Бул — ата-эненин, мектептин жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмунун негизги милдети болуп эсептелет. Баланы ар тараптан тарбиялап өстүрүүдө ата-энеге мектеп менен бирдей деңгээлде мектептен тышкаркы мекеме да жардамга келет. Мектепте бала милдеттүү түрдө жалпы билимге ээ болсо, ал эми шык жөндөмүн, талантын кошумча билим берүү мекемесинде өстүрө алат. Себеби мектептен тышкаркы мекемеде балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карабай өзү каалаган ийримдерге катышып, өз билимин өркүндөтүшөт, кесипке багыт алышат, бош убактыларын туура пайдаланууну үйрөнүшөт, инсан катары туура калыптануусуна өбөлгө түзүлөт, дүйнө таанымы кеңейет.

КЕЛЕЧЕКТИН ЭЭСИ – ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАР!

БАЛДАРДЫН КЫЗЫГУУСУН АР ТАРАПТУУ ӨСТҮРҮҮ

Жалал-Абад облустук балдардын чыгармачылык үйүнүн директору Г.Медетованын берген маалыматына таянсак, облустук балдардын чыгармачылык үйү көркөм-эстетикалык, гуманитардык, экологиялык, техникалык жана спорттук багыт боюнча 26 ийримде кошумча билим берет.

— Облустук балдардын чыгармачылык үйүнүн негизги милдети: балдардын кошумча билим алууга болгон кызыгууларын ар тараптан өстүрүү; адеп-ахлактыкты сактоого, акыл эстүүлүк менен коомдук иштерге аң-сезимдүү мамиле кылууга, элдик чыгармаларды сүйүүгө, улуттук баалуулуктарды аздектей билүүгө, спорт аркылуу ден соолугун чыңдоого тарбиялоо; кесип тандоого туура багыт берүү; облустун аймагындагы бардык балдар чыгармачылык үйлөрү менен балдардын билимин өркүндөтүү борборлоруна усулдук жардам көрсөтүү, иш-кагаздарынын жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө; облустук деңгээлдеги иш-чараларды, кароо-сынактарды уюштуруу жана өткөрүү.

Азыркы учурда облус боюнча 15 БЧҮ, 5 БББӨБу, 2 экология борбору жана 1 спорт мектеби өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Аталган борборлор балдарга кошумча билим берүү менен ар тараптан өсүп-өнүккөн, коммуникативдик чоң тажрыйбасы бар, көз карандысыз өз алдынча аракеттенген, өз оюн ачык айта алган, чыгармачыл жана инновациялык иш-жөндөмү бар, билимге жана ыкмаларга ээ болгон жаш муундарды тарбиялоодо бир топ алгылыктуу иштерди аткарып келишет, — дейт жетекчи.

Балдардын чыгармачылык үйүнүн окуучулары облустук, республикалык, эл аралык кароо-сынактардын, турнирлердин катышуучулары, жеңүүчүлөрү болуп, көптөгөн грамота, диплом, кубокторго ээ болуп келатышат. 4 БЧҮ – Бүткүл дүйнөлүк ЮНЕСКО клубуна мүчө болуп киришкен.

ЖАҢЫ ЫКМА

— Учурда бардык борборлор өлкөбүздө түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу окуучулардын кошумча билим алуусун үзгүлтүккө учуратпай, сабак өтүүнүн жаңы ыкмаларын пайдалануу менен аралыктан онлайн аркылуу сабактарды, тарбиялык сааттарды, дилбаян, сүрөт сынактарын, презентация түзүүлөрдү уюштурушууда. Бул болсо балдардын учурдагы кырдаалда бош убактысы текке кетпей, өнөр, билим менен алектенүүсүнө шарт түзөт. Аралыктан окутуунун натыйжалуулугу ата-энелердин да биргелешип окуп жана жасашкандыгында экендиги талашсыз. Демек, окуучу ата-эне менен биргеликте окуп, даярданса аралыктан окутуу ыкмасы өз жемишин берет деген ойдобуз, — дейт Г.Медетова.

Облустук балдардын чыгармачылык үйүндө аралыктан окутуу WhatsApp аркылуу ишке ашып, сабактардан сырткары “Биз коронавирусту жеңебиз!” сыяктуу тарбиялык сааттар, “Биз бактылуу үй-бүлөбүз” деген темада дилбаян сынагы уюштурулуп жатат.

— Ар бир ийримдин мугалими окуучулары менен бирдикте группа ачышкан. Балдар тапшырманын жообун WhatsApp аркылуу жөнөтүп, ийримдин жетекчилери менен тынымсыз кайтарым байланышта болушууда. Ошентсе да, кээ бир үй-бүлөлөрдө зарыл болгон телефондун жоктугу сабак өтүүдө кыйынчылыкты жаратууда. Мындай учурда ийримдин жетекчиси балдарга мобилдик аппараттан чалуу аркылуу сабак өткөрүүдө.

КЕЛЕЧЕКТИН ЭЭСИ – ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАР!

Жалал-Абад облустук балдардын чыгармачылык үйүнүн окутуучулары өзгөчө кырдаалга байланыштуу, өздөрүнүн ийримдеринин окуучуларына мобилдик ватсап байланышы аркылуу тартип эрежелерин сактоо боюнча тарбиялык сабактарды өтүп келишет, — дейт директор.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии