“БИЛИМ ОРДО” — БАЛДАРДЫН ЫЙЫК ОРДОСУ

  • 03.04.2020
  • 0

Кадамжай райондук «Билим ордо» Балдардын билим берүү, чыгармачылык борбору өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен кезексиз педагогикалык жыйын өткөрүп, жамаатты методикалык окуу процесстеринин өтүлүшү боюнча кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү менен иш пландарды белгиледи. Ошондой эле 8-апрелден баштап дистанттык окууга даярдыктарды көрүп, окуучу, ата-энелер менен тыгыз байланышты камсыз кылууда.

“БИЛИМ ОРДО” - БАЛДАРДЫН ЫЙЫК ОРДОСУ

Берилген маалыматка таянсак, 16-марттан 20-мартка чейин бардык ийрим жетекчилерин жумушка үзгүлтүксүз келүүсү камсыздалган. Окуу кааналар санитардык профилактикалык көзөмөлдөн өттү. Окуучуларга кошумча тапшырма (уюлдук телефон, WhatsApp, о.э. дистанттык түрдө) берүүнү жана көзөмөлдөөнү бекитти.

Англис тили ийриминин мугалими Асанова Дианна “Энелер мектебин” энелердин эң көп катышуусу менен кызуу өткөрүп, окуучу, ата-эне жана мугалимдин ортосундагы байланышты андан да арттыруу максатында сабак-семинар өтүп берди. Ошондой эле өлкөдөгү кырдаалды жеңүүдө биринчи жардамчы үйдөн башталаарын эскерте кетти.

Билим берүү жана илим министрлиги баштаган “Үйдө китеп окуйбуз” саамалыгын улай ата-энелер менен иштөөдөгү педагогикалык кызматташтыкты чыңдоону кызуу улап, китеп окуу менен балдардын бош убактысын туура пайдалануунуга тарбиялоого үндөө максаты ишке ашууда.

Окуучулар менен ийрим жетекчилери тыгыз байланышта жана сырттан берилген конкурстарга катышып келишүүдө. Мисалга алсак, “Көркөм сүрөт” ийриминин жетекчиси М.Жапарованын окуучусу Гапаров Альфинур Улуу ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Биз эскеребиз” сүрөт сынагына Улуу ата мекендик согуштун ардагери, чоң атасы менен түшкөн фотосүрөтүн жана дилбаянын жиберишти.

Жаш техник” ийриминин жетекчиси Галмамат Жунусов окуучулары Мамазаир у. Рустам XXI кылымдын интеллектуалдары эл аралык олимпиадасынын облустук турунда II орунду багындырып, республикалык туруна даярданууда. Ошондой эле Сражидин уулу Рашид “Келечек жаратманы” аттуу олимпиаданын республикалык туруна даярданууда.

Миң кыял” комузчулар тобу жетекчиси Гапыров Хамаридин айылдын демине күч-кубат берип, уюлдук телефон аркылуу күүлөрдү чертип, көңүлдөрүн көтөрүүдө. Ал эми “Чебер колдор” ийриминин жетекчиси Замира Абдуллаева окуучулары менен үйдө олтуруп, өз айылына кол кабыш кылып, бет каптарды тигип бекер таратууда.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии