БАЛДАРДЫ КОЛДОО — НЕГИЗГИ МИЛДЕТ

  • 03.04.2020
  • 0

Кызыл-Кыя шаардык «Акыл-Казына» балдардын билим жана чыгармачыл борбору иш пландын негизинде иштеп жатат. Жетекчилик тарабынан мугалимдерге методикалык окуу процесстеринин өтүлүшү боюнча план түзүлгөн. Шартка байланыштуу бул борбордо дагы аралыктан WhatsApp аркылуу сабак өтүү менен ийримдер арасында окуучуларды кызыктыруу үчүн ар кандай конкурстар өтүп жатат.

Борбордун директору А.Батырованын берген маалыматына таянсак, 16-марттан 20-мартка чейин борбордун бардык ийрим жетекчилери үзгүлтүксүз ишке келип, окуу кааналарын санитардык-профилактикалык көзөмөлдөн өткөрүштү.

— Азыркы учурда календардык пландын негизинде ар бир ийрим жетекчилери окуучуларга кошумча тапшырмаларды берип жатышат. Ар бир ийрим жетекчилери аралыктан окутуу процессин WhatsApp аркылуу жүргүзүп жатышат. Бардык эле мобилдик телефондордо кээ бир программалар камтылбагандыгына байланыштуу окуучулардын 100 пайызына болбосо да 70-80 пайызына WhatsApp аркылуу тапшырмалар берилип, окутулуп жатат. Мындан сырткары, 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылынын алкагында «Балдар — биздин келечегибиз» деген темада семинар өткөрдүк, — дейт директор.

«Акыл-Казына» ББЧБунун директору А.Батырова «Азыркы кырдаалда балдарды колдоо, көңүлүн көтөрүү, жагымдуу маанай тартуулоо — негизги милдетибиз» деген теманын алкагында тегерек стол өткөрдү. «Ата- эне , мугалим, окуучу» онлайн сабактардын таасири — деген темада окуу бөлүмүнүн башчысы Темирбаева Р. семинар-сабагын өттү.

— Аралыктан WhatsApp аркылуу сабак өтүү менен ийримдер арасында окуучуларды кызыктыруу үчүн ар кандай конкурстар өтүп жатат. Айта кетсек «Палитра» ийрим окуучуларынын арасында кырдаалга байланыштуу онлайн сабагы аркылуу «Тынчтык керек» деген темада сүрөт сынагы, «Элдик бий» ийримчилер арасында «Поезд» деген конкурсун, «Сахна маданияты жана көркөм окуу» ийримчилеринин арасында эссе жазуу, «Юный филолог» ийримчилер арасында «Мы любим шутки, любим смех!», «Когда я был на другой планете» сынактары ж.б. бардык ийримдерде дагы онлайн викторина, конкурс сабактары өтүп жатат, — дейт А.Батырова.

Ал эми ата-энелер болсо педагогдордун тынбай иштеп жаткандарына ыраазычылыктарын WhatsApp аркылуу билдирип жатышат.

БАЛДАРДЫ КОЛДОО — НЕГИЗГИ МИЛДЕТ

БАЛДАРДЫ КОЛДОО — НЕГИЗГИ МИЛДЕТ

БАЛДАРДЫ КОЛДОО — НЕГИЗГИ МИЛДЕТ

БАЛДАРДЫ КОЛДОО — НЕГИЗГИ МИЛДЕТ

БАЛДАРДЫ КОЛДОО — НЕГИЗГИ МИЛДЕТ

БАЛДАРДЫ КОЛДОО — НЕГИЗГИ МИЛДЕТ

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии