«ЖҮРӨКТӨ КАНДАЙ ТАРАЛЫП, ЖҮРСҮНЧҮ АЛТЫН БАЛАЛЫК»

  • 01.04.2020
  • 0

Баткен райондук Балдар чыгармачылык үйү республикадагы бардык мекемелердей эле иш пландын негизинде иштеп жатышат. ”Жүрөктө кандай таралып, жүрсүнчү алтын балалык“ аттуу адабий-музыкалык театралдаштырылган композициялуу көчмө иш-чаранын сценарийинин үндөрүн толук жазып бүткөрүштү.

Баткен райондук БЧҮнүн директору Т. Дыйкановдун берген маалыматына таянсак, жетекчилик тарабынан мугалимдерге методикалык окуу процесстерин өтүлүшү боюнча план түзүлгөн.

— 16-марттан 20-мартка чейин бардык ийрим жетекчилеринин жумушка үзгүлтүксүз келүүсү камсыздалды. Окуу кааналарды санитардык профилактикалык көзөмөлдөн өткөрдүк. Окуучуларга кошумча тапшырма бердик (дистанттык түрдө, телефон, ватсап аркылуу). ”2020-жыл — Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо “ жылынын алкагында өткөрүлүүчү ”Жүрөктө кандай таралып, жүрсүнчү алтын балалык“ аттуу адабий-музыкалык театралдаштырылган композициялуу көчмө иш- чаранын сценарийинин үндөрүн толук жазып бүтүрдүк. Ошондой эле усулдук иш- чараларды уюштуруу боюнча темалар иштелип чыгып, аны аткаруу мөөнөтү жана ким тарабынан аткарылаары белгиленген. Мисалы, “Ата-энелер менен иштөөдөгү педагогикалык кызматташтыктын ролу ” семинар-сабак 17-мартка коюлуп, аны экология ийриминин жетекчиси Замира Файзиллаева өттү. Окуучуларды ийримдерге тартуунун жол жоболору жана ыкмалары боюнча орус тили ийриминин жетекчиси Дарийка Калыкова, «Ийримдерде алдыңкы технологияларды пайдалануу ыкмалары» тууралуу компьютер боюнча ийрим жетекчиси Фатима Нишанбаева, ошондой эле ийрим жетекчилеринин номенклатуралык ички документациялары тууралуу Ж.Малаевалар жогорку деөгээлде семинарларды өткөрүштү, — дейт жетекчи.

Маалыматка карасак, ар бир ийрим жетекчиси жылдык календардык пландын негизинде окуучуларга дистанттык түрдө WhatsApp аркылуу тапшырмалар берилди.

Жалпысынан окуучулардын 70 пайызына WhatsApp аркылуу тапшырмалар берилип, окутулуп жатат. Себеби айыл жергесинде бардык эле үй-бүлөдө интернетти пайдаланууга шарты боло бербейт, — дейт Т.Дыйканов.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии