КАРАНТИН УЧУРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛИП ЖАТАТ

  • 01.04.2020
  • 0

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы №14 Өмүр баатыр атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде учурдагы кырдаалга байланыштуу предметтик мугалимдер тарабынан атайын видеосабактар, өтүлгөн материалдарды бышыктоо боюнча тесттик тапшырмалардын түрлөрү менен иштөөгө тапшырмалар берилүүдө.

Мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мирбек Дюшембиевдин бизге берген маалыматына таянсак, мугалимдердин чыгармачылыгына жараша предметтерге ылайык видеосабактар даярдалып, аны окуучулар уюлдук телефон аркылуу көрүп жатышат.

— Ошондой эле суроолорду жооптору менен дал келтирүү, текстти окуу жана түшүнүү боюнча тесттик тапшырмалар, логикалык суроолор берилип жатат. Окуучулар класс боюнча түзүлгөн WhatsApp группасына мугалим тарабынан тапшырмалар берилип, окуучулар кайра жооп берип жатканына күбө болуудабыз. Азыркы учурда маалымат булактарынан ар түрдүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү кенен болгондуктан, окуучулар онлайн тесттер менен иштеп, темага жараша видеосабактарды көрүп жатышат. Учурдагы карантинде мугалимдер күнүгө окуучуларга уюлдук телефон аркылуу колдон келишинче аракеттенүү, изденүү менен тапшырмаларды берип жатышууда, — дейт Түп районундагы №14 Өмүр баатыр атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мирбек Дюшембиев.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии