ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ВИДЕОСАБАКТАР ТАРТЫЛЫП ЖАТАТ

  • 31.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярдыкты улантууда.

ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ВИДЕОСАБАКТАР  ТАРТЫЛЫП ЖАТАТ

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, азыр базалык окуу планына, календардык-тематикалык планга жана окуу программаларына ылайык, сабактардын расписаниеси түзүлгөн. Анын негизинде 4-чейректин сабактары Бишкектеги 9 студияда жана Ош шаарында «ЭлТР» каналынын базасында тартылууда.

ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ВИДЕОСАБАКТАР  ТАРТЫЛЫП ЖАТАТ

Видеосабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилдеринде жазылып жатат.

ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ВИДЕОСАБАКТАР  ТАРТЫЛЫП ЖАТАТ

8-апрелден тарта IV чейректин сабактарын КТРКнын «Баластан» (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин «Илим Билим»(5-11-кластын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-канал» телеканалдарынан эфирге берилет.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии