КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН ОШ ШААРЫНДА 3 МЛН. СОМДОН АШЫК КАРАЖАТ ТОПТОЛДУ

  • 30.03.2020
  • 0

Коронавирус менен күрөшүү үчүн Ош шаардык мэриясынын эсебине 3 млн 475 миң 934 сом которулду.

Ош шаардык мэриясынын тараткан маалыматына караганда, коронавирусту жеңүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын эсеп ачылган. 29-мартка карата Ош шаарындагы жеке ишкерлер, курулуш компаниялары, мекеме-ишканалар, жогорку окуу жайлар (1 күндүк эмгек акыларын беришти) тарабынан шаардык мэриянын атайын эсебине 3 475 934 сом которулду.

Каражаттарды атайын түзүлгөн комиссия көзөмөлдөйт. Комиссиянын курамында укук коргоо органдарынын, бизнестин, бейөкмөт уюмдардын жана мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү бар.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии